Калдарбек Абдраманов, кардиохирург: “ЖҮРӨКТҮ АЯГЫЛА, АЛ ТОКТОСО БҮТТҮ...”

Өлкөбүздө жүрөк-кан тамыр ооруларынан жапа чеккендер көп. Оорулардын пайда болушу, алдын алуу, жүрөккө кам көрүү тууралуу Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун жетекчиси, профессор Калдарбек Абдрамановду кепке тарттык.

– Жүрөк-кан тамыр оорусунан, мисалы, стенокардия, жогорку кан басым, атеросклероздон жабыркагандарга коронавирус жукса абалы ого бетер оорлошот. Алдын алуу үчүн кандай чараларды көрсө болот?

– Жүрөк оорусу барбы же жокпу, ага карабай ар бир адам иммунитетинин күчтүү болушуна кызыкдар болуп, майлуу тамактардан баш тартып, жашылча-жемиштерге басым жасап, көп кыймылдап, таза абада көбүрөөк болуп, стресстерден качуусу шарт.

Адамдын жашы өткөн сайын жүрөктүн кан тамырлары ийкемдүүлүгүн жоготуп, ичкерип баштайт. Мындай болбошу үчүн тамактануу, уйку режимин туура сактап, кыймыл-аракетте болуу шарт. Коронавирустун айынан жүрөк оорусу менен ооруканага кайрылгандар көп. Пандемияга чейин күнүнө 1-3 операция жасачу болсом, азыр 3-5 операция жасап жатам.

– Коронавирус соо адамды да жүрөк оорусуна дуушар кылышы мүмкүнбү?

– Коронавирус илдети жүрөктүн булчуңу – миокардды сезгентсе, миокардит жаралат. Азыр миокардит менен улгайгандар гана эмес, 30-40 жаштагылар да келип жатышат. Оорунун белгилерине калтырап чыйрыгуу, шалдыроо, демигүү, жүрөктүн кагышынын бузулушу, көкүрөктөгү оорутуу кирет. Дарылоодо дары-дармектер колдонулат.

– Атеросклероз оорусу барлар кан тамырларда туруп калган холестерин түйдөкчөлөрүнө каршы атайын дарыларды ичиши зарылбы? Жашылча-жемишти көп жесе таасири болобу?

– Холестерин түйдөкчөлөрүн азайтуу үчүн чыгарылган дарыларды врач 3-4 айга же андан узакка жазып бериши мүмкүн. Бирок менин жеке пикиримде, андай дарылар жакшы жардам бербейт. Май түйдөкчөсүн нык кылып, көлөмүн кичирейтиши гана мүмкүн. Андай дары ашказанда жараны пайда кылып жиберет, мунун алдын алып дагы бир дары жазышат. Улгайып бараткандарда май түйдөкчөлөрдүн пайда болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Кызылча жана башка жашылча-жемиштин аны кетирүүдө күчү жок. Эгер атеросклероздон өмүргө коркунуч туулса операция жасатуу керек. Эң башкысы, оорунун алдын алуу.

– Жүрөккө операция жасатуу үчүн канча акча төлөө керек?

– Жыл сайын өлкөдө жүрөк оорусунан 18 миңден ашык адам, ал эми күн сайын 50дөй адам көз жумат. Мамлекеттик ооруканаларда операциялардын баасы 40 миң сомдон 195 миң сомго чейин болот. Бул бааны антимонополиялык комитет бекиткен. Бир ирет бир аксакал биздин бөлүмгө түшүп калды. Операция жасаш керек десек ага төлөнө турган 85 миң сомду таба албай жүрүп каза болду. Туугандары аны акыркы сапарга узатууга 150 миң сомдон ашык каражат коротушту. Анча акча табылат экен, анын көзү тирүүсүндө эле чогултуп берип аман алып калышпайт беле?!

Операция жасатып өмүрдү 20-30 жылга узартса болот. Акчаны утурумдук нерселерге эмес, ден соолукка коротуу керек.

Биздин борборго 1 жылда 10 миңден ашык адам кайрылып, 1500дөн ашыгына операция жасалат. Көбүнчө атеросклероз, жүрөктүн кемтиги, клапандын ревматикалык оорусуна. Жүрөктүн тамыры ичкерип, жабылып иштен чыгып калса бутунан кан тамырды алып аны менен ошол жерди алмаштырып, жамап кан айланууну калыбына келтиребиз. Жүрөктүн иштөө ыргагы бузулганда аппарат коюп да жүрөбүз.

– Бийик тоолуу аймактарда жашагандардын арасынаңда, анын ичинде балдарда да жүрөк кемтигинен (порок сердца) жапа чеккендер көп. Мунун себеби эмнеде?

– Анткени жерден бийиктеген сайын кычкылтек азаят. Кычкылтектин жетишпестиги түз эле жатындагы балага таасир этет. Төрөлгөндөн кийин өпкөдөгү кан басымды жогорулатып, өзү бүтүп кала турган жүрөктөгү кемтиктин бүтпөшүнө себепчи болот. Бала жүрөк кемтиги менен төрөлбөшү үчүн кош бойлуу аял көп иш кылбай өзүн кароосу кажет. Анткени иш кылып катуу кыймылдаганда түйүлдүккө аба жетишпей кыйналат.

– Жайында жүрөктүн иштешине жардам берүүчү азык-түлүктөр кайсылар?

– Мисалы, помидордо жүрөктүн иштешин жакшыртуучу магний бар. Сары өрүк болсо калийдин булагы. Сарымсактан күнүгө 1-2 тишчеден жеп жүрсө, кан айланууну жакшыртып, кан тамырлардын жыйрылып тартылышынын (спазм) алдын алат.

– Аптаптуу ысыкта неге жүрөк оорукчандар көп көз жумушат?

– Ысыктан улам кан тамырлар кеңейип, кан басым кескин төмөн түшүп кетиши ыктымал. Ысыктан аба кургап, кычкылтектин жетишсиздиги да күтүлөт. Ушулардын айынан жүрөктүн пристубуна кабылгандардын саны өсөт. Андыктан алар аз кыймылдап, жумушту эртең менен жана кечинде жасоолору керек. Эгер жүрөктүн кагышынын катуулашы, баш айлануу күтүлсө, өзүнүн дарысын ичүүсү зарыл. Жүрөк пристубу кармаса, нитроглицерин таблеткасынан бирди тилинин алдына салуу сунушталат.

Жүрөк-кан тамыр оорусу барлар бийик тоого чыкса ал жердеги кычкылтектин жетишсиздиги коркунуч туудурат. Жүрөк пристубу кармашы же кан басым кескин жогорулап кетиши ыктымал. Деңиз деңгээлинен 1500-2000 метр бийиктикке чыкпоо сунушталат. Ал эми бийик тоолордо туулгандар ал жердин климатына көнүп калышкан.

– Өнөкөт жүрөк оорусу барлар жайында канча литр суусундук ичүүсү керек?

– 1 күндө 1,5 литрдей эле ичүүсү керек. Анткени алардын жүрөгү алсызыраак келип, жыйрылып иштеши начар. Суусундукту көп ичкенде алар канга барып кошулуп кандын көлөмүн көбөйтөт. Алсыз жүрөккө анча канды иштетүүдө күч келет.

– Тамеки тартуу, ичкилик ичүү менен жүрөк ооруларынын байланышын айтсаңыз.

– Азыр жаштардын айрымдары кальян тартат, насвай, тамеки чегет, аларды көрүп таң калам. Күн сайын тамеки тартуу атеросклероз оорусунун пайда болушун 3 эсе ылдамдатат. Канды коюулантып, кан тамырдын ичине уюган кандын пайда болушуна алып келет, кан тамырлардын иштөөсүн бузат. Ошондуктан тамеки тартпоо зарыл. Ичкиликти көп ичүү кан басымды жогорулатып, акырындап жүрөк-кан тамыр оорусун жаратат.

– Нормада соо адамдын кан басымы канча болушу шарт?

– Нормалдуу кан басым 140/90 миллиметрден ылдый болушу кажет. Кан басымды өлчөө үчүн ар бир үйдө тонометрдин болушу туура. Идеалдуу кан басым 120/80 миллиметр деп эсептелет.

– Жүрөк-кан тамыр оорусу барлардын айрымдары “паникалык атакага” жакын болушат. Аны кантип калтырса болот?

– “Паникалык атака” – бул күтүүсүздөн бир нерседен чочулоо, жүрөк ылдам согуп, кан басым көтөрүлөт, көкүрөк оорутат, адамда өлүп каламбы деген коркуу жаралат. Айрымдарда бул көндүм адатка айланып кетет. Мындан арылуу үчүн психотерапевтке кайрылуу кажет.

– Стресс менен жүрөк ооруларынын байланышын айтсаңыз.

– Бардык оорулар нервден болот. Катуу стресс миокарддын инфарктына, аритмияга, күтүлбөгөн өлүмгө чейин жеткирет. Коронавирус пандемиясы, элдин жашоо деңгээлинин төмөндүгү, иштин жоктугу да стрессти жаратууда. Стресстен чыгуу үчүн хобби менен алаксып, мисалы, балык уулап, жакын достор менен чер жазышып сүйлөшүп же спорт менен алектенүү зарыл.

Жүрөк – татаал, өмүр бою тынбай иштеген күчтүү орган. Ал иштөөсүн токтотсо, бүттү, адам өмүрү менен коштошот. Андыктан жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алып, ооруганда дароо көрүнүп, дарылануу кажет. Жүрөгүңөрдү сактагыла жана аягыла!

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
balzak
2021-05-31 13:11:17
СИ чон рахмат, ушундай илимдүү-билимдүү инсандан интервью алганынарга. Бул инсандан дагы да интервьюларды алып туруш керек.
+5
jaskaaa
2021-05-31 19:01:06
Пайдалуу маалымат үчүн рахмат Супер!
+3
№ 964, 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан