МИҢ-ЧЫНАР АЙЫЛЫ - КҮРҮЧ, ӨРҮК, КОКОН ГИЛАСТЫН МЕКЕНИ

Баткен – күрүчтүн, өрүктүн, кокон гиластын мекени. Ак-Турпактын күрүчү деп уксаңыз керек, балким, жакшы билесиз. Дал ошол Ак-Турпак айыл аймагына караштуу Миң-Чынар айылы тууралуу айтып беребиз.

Миң-Чынар – Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу айыл

Кожолуктун саны – 1400

Калкынын саны – 5200

Айылдын жалпы аянты – 500 гектар

«АЙЫЛГА 1000 ТҮП ЧЫНАР ТИГИЛГЕН»

Аталган айылдын башчысы Максытали Кошоков айылдын тарыхын айтып берди.

– Миң-Чынар айылынын ордунда мурун авиаполигон болгон. 1970-жылдары жер тилкелерге бөлүнүп, эл отурукташа баштайт. Жер айдаганда снаряддардын калдыктары чыкчу. Аскер кызматкерлери 2-3 ирет келип, баш-аягы 200 гектар жерди тазалап, 20 жарылчу зат таап чыгып, жок кылышкан. 1979-жылы Фрунзе райкомунун 1-катчысы Мухтар Нургазиев айылга миң түп чынар алып келип тиктирген. Ошондон улам айыл Миң-Чынар аталып калган.

Айылда учурда 300 орундуу башталгыч мектеп, 750 орундуу орто мектеп, 3 минифутбол аянтчасы, 1 ФАП, 1 бала бакча, күрүчтү актай турган 7 ак жуваз цехи, 3 мечит бар.

Айылда таза суу жок, эл тоодон лоток менен келген суудан ичет. Айылга таза суу киргизүү чечими кабыл алынып, элден
1,5 миллион сом топтолгон. Ал акча учурда банкта турат. Айыл өкмөтү акча бөлсө, ошону кошуп суу түтүктөрүн орнотобуз деп турабыз.

Элдин негизги киреше булагы – күрүч, өрүк, кокон гилас. Айылдын 500 гектар жеринин 70 пайызына күрүчтүн 5-6 түрү эгилет. Биздин айылдан чыккан күрүчтөрдү жалпылап “Ак турпактын күрүчү” деп коюшат. Мурун эл орок менен орчу, азыр комбайн менен жыйнайт.

Күрүчтү элдин арты 45 сотых, алды 1-2 гектарлап эгет. Кокон гиласты да гектарлап тигишет, бир үйдө жок дегенде 6-10 түп кокон гилас болот. Мисалы, менин короомдо 200 түп бар. Түшүм жакшы болгон жылдары 6 тоннадай түшүм алып, килограммын 100-250 сомдон сатам.

Шабдалы, жүзүм өстүрүп, бизнес кылгандар да айылыбызда бир топ.

Айылдын кире бериши.

Аты айтып тургандай, айылдын көркү – чынарлар.

Мектептин көрүнүшү.

Бала бакча.

Көчөлөргө таштанды чакалары коюлган, таза. Айыл жылдан-жалга көрктөндүрүлүүнүн үстүндө. Кыргызстандын экологдор коому бул айылды “Эң таза айыл” наамына көрсөтүп жатышат.

Эл лоток менен келген суудан ичет.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналып эстелик орнотулган. “Эскерүү багы” деп аталат.

Айылдагы дүкөндөрдө 6-7 жылдан бери алкоголдук ичимдиктер сатылбайт, буга айыл өкмөт тыюу салган.

Кокон гиластар бышып, жыйналып, сатылып баштаган убак.

Тыныбек Дүйшеев, мугалим:

– Күрүчтүн девзире (жайдары), лазер, взрос сорттору өтүмдүү. Мен да аталган сортторду 1 гектарга айдайм. Взрос 5 айда, лазер 4 айда, девзире 100 күндө бышат. 1 гектардан 200 миң сомдой таза киреше көрөм. Учурда взрос менен лазер эгилип бүтүп жатат. Девзире июндун ортосунда эгилет. Түшүм жыйноо учурунда асфальт жолдор кырманга айланат.


Күрүч өстүрүү көп мээнетти талап кылат.

Жыйналган күрүчтөр ак жувазда акталып, кабыгынан ажыратылып даяр болуп, сатыкка чыгат.

Кудайберди Ысманкулов, багбан:

– Эл өрүктүн суухан, ак өрүк, исфарак, кандек, ашкана, курмайы сортторун тигет. 15 жыл мурун 60 сотыхка 120 түп сары өрүктүн кандек, суухан сортторун тиккем. Өткөн жылы кургатып, килограммын 400 сомдон өткөрүп, 300 миң сом пайда көрдүм. Быйыл үшүк алып кетти, өрүк аз. Азыр көк кези.

Өрүк бышканда ушинтип кургатылат.

Буюрса, күзүндө курмалар да сатыкка чыгат.

Сүрөттөр экоактивист Гамал Сооронкуловдуку.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 964, 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан