Экөөбүз кичинекейибизден эгиз козудай ээрчишип, бир короодо ойноп чоңойдук. Адатта кошуналардын балдары урушуп-талашып кетишсе, экөөбүз аябай ынтымактуу элек. Бир момпосуй болсо да бөлүшүп жечүбүз. Сен менден бир жашка кичүүсүң. Ага карабай дайыма чогуу жүрөбүз. Эртең менен мектепке бара жатканда да, сабактан чыкканда да бири-бирибизди күтчүбүз.
– Бүгүн канча саат сабак болот?- деп күн сайын бири-бирибизден сурай берип, кайсы күнү кимибиз канчада сабактан чыгарыбызды жатка билип калганбыз. Ушинтип ээрчишип жүрүп мен мектепти бүтүп, жогорку окуу жайга тапшырдым. Бирок бул бизди алыстаткан жок. Жума сайын сен үчүн айылга барып турчумун. Кийинки жылы сен да шаарга келдиң. Биз кайрадан жакындадык. Китепканага, киного, курска деп эле ээрчишип жүрдүк. Күлкүбүз тыйылчу эмес. Ушунчалык ойнооксуң, оюңдагы нерсени кылып саласың да, каткырып күлүп каласың. Керек болсо китепканада да элдин тынчын алчубуз. Бир күнү кинодон чыгып кетип баратсак, тык токтоп бир нерсе айтчудай мага жакындап келдиң да:
– Тык, тык, тык,- деп көкүрөгүмдү каккыладың.
– Угуп жатам, кандай иш менен келдиңиз эле?- деп колумду тегерек кылып көзүмө коюп сени карап, дагы бир тамашаң го деп калдым.
– Жүрөгүңдө ким бар? Ушуну билгени келгем,- деп эле сумсая түштүң. Адатта бир нерсени сүйлөп туруп каткырчусуң да. Уялгансып жүзүңдү ала качтың. Көздөрүңдөн мага сүйүүнүн илеби келип турду. Кубанып кеттим. Эмнеге дейсиңби? Мен да сени өзгөлөрдөн кызганып сүйүп жүргөм. Иренжитип албайын деп сезимдеримди ичиме катып келгем. Досуң болсом да мага жаныңда жүргөнүм жетиштүү эле. Ушуга каниет кылып кайда барсаң да күчүгүңдөй болуп сени ээрчип жүрдүм да.
– Жүрөгүмдө сен барсың, башкага орун жок,- дедим. Ушундан кийин сага сүйүүмдү билдирдим. Биз дос эмес, кыз-жигит болуп калдык. Сен окуу жайды аяктап жатканда мен үйлөнүү сунушун киргиздим. Биз эми бирге болобуз деп кудуңдап жатканымда сенден күтүүсүз жооп алып шаабайым сууп отуруп калдым.
– Туура түшүн, мен азыр үй-бүлөлүк жашоого даяр эмесмин. Окуумду Германияда улантканы жатам,- деп шакектин кутучасын жаап колума карматып, тизелеп турган мени ордумдан тургуздуң.
– Чынбы?- үстүмдөн муздак суу куюп жибергендей туруп калдым. Бир чети ишене алган жокмун. Ушунча убакыт ээрчишип жүрүп мени таштап алыска кетип каларыңа ишене албай турдум. Бирок сен мени эмес, окууну тандадың.
– Алыста жүрүп сенин убактыңды кармагым келбейт. Менден бошсуң,- дедиң. Ойлоруң кантип өзгөргөнүн билбейм.
– Жок, андай дебе. Аралык биздин сүйүүгө жолтоо болбойт. Артыңдан барам,- дедим. Бирок дайыма чогуу жүргөн биз ажырадык. Сени бекем-бекем кучактап аэропорттон узатып кала бердим. Сага ушунчалык көнүп калыптырмын. Өзүмдү жападан жалгыз калгандай сездим. Телефондон күндө байланышканыбыз менен, күндөр жаңырган сайын сага болгон сагынычым күчөп баратат. Жүрөгүмдүн ханышасы, жакында сага барам...
Эрлан