«КҮКҮК» ЭНЕ АКЫРЫ БАЛАСЫНЫН КЕСИРИН ТАРТАТ

Бала – ааламдын падышасы. Ооба, окурман, аёо дегенди билбеген жырткыч жаныбардын да, каардуу падышанын да жүрөгүн элжиретип, заматта көңүлүн ийдирген кичинекей периштелер балдар эмеспи. Муунду-муунга улаган бул периштелер, алардын келечек бактысы үчүн баарына, атүгүл төбөбүз менен жер казып иштегенге даярбыз. Анан... Бакыракай көздөрүн жалдырата «тээтиги келе жаткан менин апам, менин атам эмеспи?» деп жол тосо чуркаган балдар үйүндөгү наристелер кандайча бул тагдырга туш болуп жатышат? Мындай наристелердин ал-абалынан кабар алуу үчүн башкалаабыздын Белорусь көчө­сүн­дө жайгашкан республикабыздагы эң илгерки балдар үйүнө бет алдык.

БАЛА БАЛДАР ҮЙҮНДӨ ЭМЕС, АТА-ЭНЕСИНИН
ЖАНЫНДА ЖАШАШЫ ШАРТ

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы бул Адистештирилген балдар үйүн 1983-жылдан бери Кошоева Гүлайым Сулаймановна жетектеп келет экен. Биз менен таанышып, келген максатыбызды уккан соң атанын, эненин мээримин көр­бөй өсүп жаткан балдар тууралуу сүйлөп берүүнү макул тапты.
– Балдар үйүнүн уюшулганына быйыл 88 жыл толот. Мен 1983-жылдан бери жетектеп келе жатам. Биздин балдар үйү өзү 150 балага ылайыкталган. Бирок, азыр 110 баланы асырап жатабыз. Журналисттерге биздин максатыбызды баса белгилеп өткүм келет. Биз балдардын укугун коргоо аракети менен алышып жүрөбүз. Ар бир бала ырас, ушул дүйнөгө келген соң, толук кандуу бүлөдө жашашы керек! Андыктан, «бала асырап алат элек» деп келгендерге тиешелүү документтерди даярдап келүүлөрүн талап кылып, алар каалаган баланы асыроого беребиз. Төрөлбөй жатып атасы да, энеси да жерип, мындай жайга туш келгендиги үчүн наристелер күнөөлүү эмес да. Орточо эсебин айтсак, жылына бизден 20-25 баланы асырап алып кетишет. 4 жашынан соң балдарды Беловодскидеги балдар үйүнө өткөзүп беришибиз шарт. Ошентсе да 4 жыл өткүчө балдардын ата-энелерин, туугандарын издештирип, көпчүлүгүн кайтарып, такыр эч кимиси жогун бала багып алгысы келгендерге берип, айтор, бизден ары да балдар үйүндө эмес, балдар кадимки үйбүлөдө тарбия алышына шарт түзүүгө аракет кылабыз. Мактанаарлык эч нерсебиз жок, а арыз-арманыбызды айта келсек аттын кара капталынан. Айлык акысы өтө эле аз, жумушу оор мындай мекемеде эч бирөөнүн иштегиси келбейт, мына силердин алдыңардан эле бир бала багуучу арызын жазып көтөрүп келиптир. Аларды мен байлап алып калмак белем, айла жок. Көп жылдан бери иштеп балдарга байланып калган улуу муундагылар эле иштеп жатышат. Алар канчага чейин чыдашат билбейм, бара-бара эч бирөө иштебей, балдарды караганга адис жок калабы деп корком.
– Айлык акылары канча?
– Бала багуучулар 1000-1500 сом алышат. Аларды да түшүнсө болот, эмгек акысы жол киресинен эле артпай калып жатпайбы. Ал эми тарбиячылар, врачтар 5000 сомго чейин айлык алышат.
– Балдарды жалаң гана төрөт үйлө­рү­нөн кабыл аласыздарбы, же өзүнчө келип да таштап кетишеби?
– Бизде жаңы төрөлгөн ымыркайдан тартып 4 жашка чейинки балдар тарбияланат. 80-90 пайызы ата-энеси багуудан баш тартып кеткен ымыркайлар, калганы атасы жок, энелери алыста, мисалы, Казакстан, Россияда эмгектенгендер, ата-энелери түрмөгө түшүп калгандар, же ата-энелери кургак учук өңдүү узакка дарыланууга туура келген илдеттерге чалдыккандар, айтор, айта берсек кайгылуу тагдырдын жетегинде бизге келип калган балдар көп.
– Жалпы чыгымды мамлекет көтөрө­бү?
– Жок, мамлекет тамак-аш, дары-дармек, коммуналдык тейлөө акысы, кызматкерлердин эмгек акысын гана төлөйт. Калган балдардын кийим-кечеси, тө­шөнчү­лөр, оюнчук, ремонт өңдүүлөрдүн баарын демөөр­чүлөрдүн эсебинен эптеп бү­түрөбүз.
– Демөөрчүлөр көппү?
– Чын дилден келип көмөк берип кеткендер бар. Айрым ишканалар, мисалы «Ганси» авиабазасы ири жардам берип, оңдоп-түзөөгө кеткен чыгымдарды бү­тү­рүп беришти.
Бул мекеменин башчысы менен маегибизди кийинчерээк улантууну туура таап, Гүлайым Сулаймановна тааныштырган улуу тарбиячы Жумагүл Сираждинованы ээрчий короого чыктык.
Бири куурчак жетелей, бири топуракта ойноп, айтор, 20 чакты бала жүрү­шүп­түр. Бизди көрүп «кимдер келип калган?» дегенсип таңыркай айланчыктап, шамдагайлары жакын келип, кол сунуп учурашып калышты. Улуттары ар түрк­үн. Орусу, кыргызы, дунганы бар... Тагдырдын өгөй балдары болуп калгандарын таназар алыша элек. Баарынын көздөрү шүүдүрүмдүн тамчысындай тунук. Ким билет, а балким, ошол кичинекей таза көкүрөктөрү менен кай тагдырга туш болгондорун сезип, билип деле жатышкандыр?!
– Бул балдар жогорку топтогулар, өздөрү басып, тамак жеп, шымын кө­төр­гөнгө жарап калгандар. Ал эми кичинекей ымыркайлардын баарын минтип сейилге күн сайын алып чыгып турууга шартыбыз жок, адам жетишпейт,- дейт айласыздыктан буулуккан улуу тарбиячы Жумагүл эже.

ЭҢ КЕНЖЕСИ БИР ЖУМАЛЫК ЫМЫРКАЙ ЭКЕН

Алгач эң кенжелердин бөлмөсүнө баш бактык.
Төрөт үйүндө эле баласынан баш тарткандар көп чыгат тура. Эгер эненин баласынан баш тартканы анык болсо врачтар ат коюп, күбөлүгүн даярдашкан соң ушул үйгө кабыл алышат экен. Биз барганда бөйтөйгөн эриндерин түшүндө чопулдата соруп кичинекей ымыркай уктап жатыптыр.
– Бул кыздын төрөлгөнүгө 1 жума болду. Энеси кыргыз эле экен, «бакпайм» деп баш тартып коюптур. Учурда эң кенжебиз ушул кыз,- деп көрсөтүштү. Андан тышкары 11 наристе бар экен. Бир нечеси былдырай сүйлөшүп чоң керебетте оонап жатышат, бир даары эмгектей, сүрдүгө жыгылып, кайра туруп, дагы бири ыйлап, айтор бул жерде да жашоо үчүн күрөш өкүмүн жүргүзүүдө.
– Бул Батма. Зуура деген түгөйү бар. Экөөнүн энеси Россияда иштеп жүрөт. Азыр буларды кароого шартым жок деп бизге калтырып кеткен. 4 жашка чыккычакты алып кетет,- деп болтойгон кызды көрсөттү тарбиячы Махабат эже.
– Кандайча мындай жумушта иштеп калдыңыз? (Мекеме башчысынын мындай жерде эч бирөөнүн иштегиси келбейт деп жана эле капа тартканы эсиме түшүп сурай кеттим).
– Өзүмдүн кесибим мектеп жашына чейинки балдарды тарбиялоо. Бул жерге болсо балдарды өзгөчө жакшы көргө­нүмдөн иштеп жүрөм.
– Бала багуучу экөөңүздөргө 12 ымыркайды багуу кыйынчылык келтирбейби?
– Албетте, кыйналабыз. Айрыкча түн­дөсү балдар менен биз, тарбиячылар эле калып, бала багуучулар кетип калышат. Чыргоо балдар ыйлашып, айлаңды алты кетирет. Айла жок, түнү бою колубузга көтөрүп жүргөн учурлар деле болуп калат.
Жумагүл эжеден сурай кеттим:
– Балдарды кандай тамактандырасыздар?
– Ымыркайларга күнүнө сүт, ботко, кошумча азыктарды беребиз. Биздин врачтар ар бирине өзүнчө тамактандыруунун ыраатын жазып берет. Ошого карата тамактандырабыз.
– Күнүнө ар бир баланын тамак­тануу­суна канча каражат бөлүнөт?
– Күнүнө 40 сомдон бөлүнөт. Жакында мэрияга бул сумманы 50 сомго көтө­рүп берүү өтүнүчү менен кат жөнөттүк.

БАЛДАР МЭЭРИМ ИЗДЕШЕТ

Улуу тарбиячыны ээрчий эми 2-кабатка көтөрүлүп, чоң бөл­мөгө кирдик.
Оюнчуктар туш тарапта чачылып, кыңкыстай ыйлаган 1-1,5 жаштагы баланы көтөргөн айым экинчисине арызданып жатыптыр.
– Эки күндөн бери ооруп, бечара жаман кыйналды. Азыр эле дары ичирип келдим. Колумдан түшпөй, жаткызсам эле ыйлап кирет. Көтөрсөм, минтип көкү­рөгүмө башын жөлөп соолуп эле жатат.
– Тумоолоп калыптырбы?- экөөнүн кебине аралаша кеттим.
Экөө бул балакайдын эне-атасы белгисиз экенин, эми минтип сыркоолоп, кыңкыстай ыйлап колдон түшпөй жаткандыгын айтып беришти.
Канчалык карманууга аракет кылсаң да көздөрү чырактай жанган татынакай бала денесин от-жалынга салган ысытмадан улам онтой мээрим, эненин жылуулугун издеп тарбиячынын көкүрөгүнө жабышканын көрүп каңырыгың түтөбөй койбойт экен.

«БИЗДИ «АПА» ДЕП АТАШАТ»

Көздөрдү сууланткан бул бөлмө­дөн чыгып, эми логопеддин кабинетине жөнөдүк.
Балдардын тилинин чыгышына, акыл-эсинин, ой-жүгүртүү­сүнүн калыптаны­шы­на бул кабинетте эмгектенген адистердин кошкон салымы чоң.
Кабинетте 4 бала менен маектешип логопед Жылдыз Тилекеева отуруптур.
– Апа, карачы, мен эмне жасадым?
– Кана көрөлүчү, Райымбек эмнени жасады экен? Кана...
– Мен таптым, ал коён жасаптыр. Бул кулагы, тиши...
– Азамат, Акылай, туура таптың. Райым­бек коён жасаптыр.
Жылдыз Азаматовнаны «апа» деп атап, башкатырма оюнчуктарды курай коён жасаган мотурайган Райымбектин музоо кирпик көзүнө тигилдим. «Ушундай татынакай, жылдыздуу баланын эне-атасы азыр кай жерде жүрөт болду экен?»
Логопедди «апа» деп атагандарына таң калганымды байкаган Жумагүл эже «анан кантишсин бечаралар, бизди кээси «апа» деп алышат» дейт.

АВСТРАЛИЯДАН КЕЛИП БАЛА БАГЫП ЖҮРӨТ

Короодо ойноп жүргөн балдар менен таанышмакчы болуп эми тышка чыгып баратып оорулуу баланы коляскада сүйрөп жүргөн айымга туш болдук.
Чулдурай сүйлөп жатып өзүнүн аты Лорел, Австралиядан келген медсестра экендигин, бул жерде волонтёр катары тарбиячыларга жардам берээрин түшүндүрдү. «Өзүмдүн балам жок. Бул баланын аты Максат. Оорулуу, майып бала. Сейилдетип жүрөм. Балдарды аябай жакшы көрөм,»-дейт.
Кызыгың түшкүр дүнүйө десең. Минтип өзүбүздүн эле кыргыздар ичип, баңгиге ууланып жүрүп майып төрө­гөн балдарын таштай качышса, тээ океандын ары жагынан, ата-бабасы тааныбаган бирөө келип аларды кирпигинен сылай багып жүрөт.
– Биздеги көпчүлүк балдардын тили кеч чыгып, айрымдары тубаса майып,- дейт улуу тарбиячы Жумагүл эже телмире оорулуу баланы карап калганыбыздан улам. Ооба, мындайлар бул жерде көндүм көрүнүш.
Короодо чурулдай ойноп жүргөн балдардын ичинде да экөө майып экен.
– Кичине ал-күчкө толуп калышканында операция жасатабыз. Тиги, нышан баланын энеси келип кабарлашып турат. Операция жасатып бергенибизден соң алып кеткени жүрөт,- дейт Жумагүл эже.

БАЛА ТИЛИ – БАЛ

Балдар менен бир аз ойноп, сүрөткө түшкөн соң бул мекеменин алдында уюшулган бала бакчаны көздөй бет алдык.
Балдарын бага албаган жарды, оорулуу ата-энелердин балдары акимчиликтердин токтому менен акысыз ушул жерде тарбияланышат экен. Болгону алардын кийим-кечеги ата-энелердин мойнунда.
– Балдар үйүнө өткөрүп салгандан көрө эртеден кечке бул жерде жүргөн бала кечкисин үйүнө кетип, энеси менен бирге болгону жакшы,- дейт бизге жол баштаган улуу тарбиячы.
Балдар музыка сабагында 1-июнда өтө турган кечеге даярданып жатышыптыр. Томполоңдой ортого чыккан Аяна жаңы гана чыккан былдыр тили менен «конфеттен да эң таттуу, бүт баарынан сымбаттуу, менин гана апакем!» деп ырдаса, али тили чыга элек төртөө «биз матрёшка куурчакпыз» деп бийлеп, кичинекей Калыс «ооруба ата, ооруба» деп жүрөктү оорутуп, 3 жаштагы Зыярат манас айтып берип баарыбызды ыраазы кылышты.
Тагдырдын тайгүлүк ташы эмнени гана кылбайт. Ушул жерде жүрүп тарбиячылардын, башкы врачтын аракетинин аркасында эне-атасы табылып бүлө­сүнө кайткан, же жакшы бүлөгө асыранды болуп кеткен наристелер көп эле болот экен.
Репортажыбыздын аягында кай­радан башкы врачтын кабинетине келдик.
– Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карай келген экенсиңер. Жалпы Кыргызстандыктарга, айрыкча «эне», «ата» деген атты алып жүр­гөн­дөргө кайрылаар элем, биринчиден, ар бир бала өзүнүн эне-атасы менен бактылуу балалыктын кучагында торолсун!- дейт, балдар үйүнүн башчысы Гүлайым Сулаймановна.
– Дагы бир айтаарым, баланын кереги бары-жогун төрөп алган соң эмес, ойноп-күлүп тушкелди басып жүргөндө ойлонуу керек. Минтип, чырактай көздөрүн жалдыратып тагдырынан көрсүн деп таштай салып кете берген менен эртең «күкүк» энелерге анын да убалын, кесирин тартчу күн келет. Бала деген ыйык жан. Бассам-турсам тилегеним, бул өң­дүү балдар үйлөрү мекенибизде такыр жок болсо экен, ар бир баланын атасы, энеси, бактылуу балалыгы болсо экен.

Даярдаган Айбек Нурадилов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 239, 1-7-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан