Мэй Маск, Илон Масктын апасы: “БАЛДАРЫМДЫ БУУРЧАК МЕНЕН БАККАН УЧУРЛАРЫМ БОЛГОН”

Мэй Маск – канадалык жана түштүк африкалык модель, диетолог. Америкалык ишкер, инженер жана миллиардер, SpaceX жана Tesla компанияларын түптөгөн, байлыгы 70 миллиард доллардан ашык деп эсептелген Илон Масктын апасы. Илондон тышкары Кимбал деген уулу, Тоска деген кызы бар. Мэй 15 жашынан ушул кезге чейин модель болуп иштеп, белгилүү журналдарга байма-бай чыгып келет.

Мэй 1948-жылы 19-апрелде Канаданын Саскачеван провинциясында туулган, эгиздин түгөйү. Түгөйүнөн тышкары 3 бир тууганы бар. Атасы Жошуа Хендельман мануалдык терапевт болуп иштеп, археология менен да алектенчү. Андыктан 1950-жылы алар Түштүк Африканын Претория шаарына көчүп барып, ал жакта 10 жыл жашашат.

Мэй Маск ошол кездерди кийин мындайча эскерет: “Биздин үйдө чакан учак бар эле. Ата-энем аны менен ар жакка учуп турушчу. Бизди, балдарын Калахари чөлүнө ала барып, жоголуп кеткен Калахари шаарын издеген учурлар көп болгон. Ал жакка 3 аптага жетерлик тамак-аш, суу, компасты алып учак менен жөнөп кетчүбүз. “Жашоо коркунучтуу – абайла!” деген девиз менен жашачубуз”.

Мэй 15 жашынан тартып моделдик менен алектене баштайт. Алгач аны кийимдерди жарнамалоого чакырышат. Кийин башка нерселерди да жарнамалап сүрөтү менен гезит-журналдарга чыга баштайт.

Моделдик бизнесте ийгиликтерди жаратып жатканына карабай ал университеттен билим алууну самайт. Ошентип жогорку окуу жайга тапшырып, диетолог болуп чыгат. Окууну бүткөндөн кийин Кейптаун шаарындагы азык-түлүк чыгаруучу компанияда консультант болуп иштей баштайт. 1969-жылы 21 жаштагы Мэй сулуулар сынагына катышып, жеңүүчү болот. Бир жылдан кийин инженер Эррол Маскка турмушка чыгып, андан Илон, Кимбал аттуу уулдуу, Тоска деген кыздуу болот. Бирок 1979-жылы жубайлар ажырашып кетишет. Буга күйөөсүнүн зомбулук көрсөткөндүгү себеп болот.

Ажырашкан соң Мэй балдары менен Дурбан шаарына барат, кийин Йоханнесбург шаарында жашайт. Балдарын багуу үчүн диетолог болуп иштеп, буйрутма менен үйдөн диеталык тамак-аштарды жасай баштайт. Балдары ага жардамдашат. Мэй балдарын өз алдынча, эч кимден көз карандысыз болууга үндөп, “каалаганыңарды кылгыла, бирок өзүңөрдүн кыялыңар менен максатыңарга умтулгула” дечү. Мэй бул жаатта: “Мен балдарымды көзөмөлдөчү да, үй тапшырмаларын текшерчү да эмесмин. Ажырашкан алгачкы жылдары балдарды багуу өтө кыйын болгон. Акчаны үнөмдөө үчүн аларга май сыйпап бутерброд жасап, сууга буурчак бышырып берген учурларым көп болгон”,- деп айтканы бар.

Убакыт өтүп, балдары чоңоё баштайт. Уулдары аталары менен канча бир убакыт жашаган кездер болот. Кийин үчөө тең жогорку окуу жайда окуп башташат. Кызынын сунушу менен эне 3 баласын алып Канадага көчүп барат. Ал жактан үй-бүлөгө жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Мэй Торонто университетинде окуп, нутрициология эксперти боюнча магистрдикти алат. Моделдик карьерасын уланта берет.

“Илон айлана-чөйрөнү коргоо үчүн электромобилдерди чыгарат, ракеталарды жасайт. Кимбал ресторандардын ээси. Тоска болсо режиссёр, продюсер. Балдарым менин ишеничимди актады”,- деп Мэй маек берген.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Mubarak
2021-05-31 19:49:45
Кандай жакшы екен балдары ишеничини актаса
+2
Targarien
2021-06-03 21:15:21
Баланызга айтыныз КРнын Кытайга карызын толоп берсин. Акчасы дагы кобойот сооп иш кылса.
0
balzak
2021-06-04 15:50:58
Targarien,:-)))))
0
№ 964, 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан