Гүлнара Ногойбаева: «ЖАШОО КАНЧАЛЫК КЫЙЫН БОЛСО ДА БАЛДАРГА КӨҢҮЛ БУРУУНУ УНУТПОО КЕРЕК»

Бишкектеги Сүйлөөнү жана угууну өнүктүрүү борборунун жетекчиси, 33 жылдан бери балдар менен иштешип келе жаткан сурдо-педагог, дефектолог, тил адиси-логопед, билим берүүнүн отличниги Гүлнара Ногойбаева Жеңишбековна балдардагы оорулардын алдын алуу боюнча өз кеңештери менен бөлүшүп, балдарды эл аралык майрамы менен куттуктады.

"БАЛА БИР АЗ ЧОҢОЙСО ЖАКШЫ БОЛОТ ДЕП ЖҮРӨ БЕРБЕШ КЕРЕК”

– Үй-бүлөдө баланын угуусу жана сүйлөөсү начар болуп жатса, акыл-эсинин өсүүсү кечеңдесе ата-энелер ал нерсеге маани бербей, “бир аз чоңойсо жакшы болуп кетет” деген ойдо адистерге кайрылбай жүрө беришет. Адистерге убагында кайрылбагандан улам баланын өсүшү жана өнүгүшү, тескерисинче, кечеңдээрин билишпейт. Эгер баланы атынан айтып чакырса көңүл бурбаса, берилген жөнөкөй суроолорго жооп бере албаса, көздөрү бир жерге токтобосо, буттарынын учу менен басса, анда ата-эне дароо адистерге кайрылышы керек. Баланын тили чыгышын 1,5-2 жашка чейин күтүш керек. Бул куракта баланын турган кыймылынан билинип калат. Бирок ата-эне баласынын оорусун моюнга алгысы келбейт. Ошон үчүн сүйлөбөй жатса "атасынын же таякесинин тили кеч чыккан" деген сыяктуу шылтоолорду айтып өздөрүн алдайт.

Негизи баланын тили чыгардан мурун акыл кирет. Сүйлөбөгөндүк – бул акылынын кечигип жаткандыгынан же кулагы укпагандыктан болот. Андыктан алгач ата-эне балдарын логопед, невропатологдорго текшертүүсү керек. Кулагы угабы же укпайбы тактатуу үчүн сурдологго кайрылышы керек. Ал жакта атайын аппараттан текшерип, аудиограмма жасашат. Логопеддер сүйлөгөн балдарга тыбыштарды туура коюп, так сүйлөгөндү үйрөтөт. Ал эми балаңыз такыр сүйлөбөсө клиникалык психолог деген кесип ээлерине кайрылыңыз. Алар балдардын ой жүгүртүүсүн, көңүл буруусун өстүрүүгө жардам беришет.

Ата-энелерге кеңеш:

– Учурда ата-эне балдарга чоочун болуп калып жатат. Себеби ата-энеси жумушта, балдары кечке бала бакчада же башка бирөөнүн багуусунда болот. Кечинде болсо ар бир үй-бүлө мүчөсү өз бөлмөлөрүндө болуп, ортодо байланыш жок. Ата-эне балдарына тамак берип, кийимин кийиндирүү милдетин гана аткарууда. Жашоо канчалык кыйын болсо да балдарга көңүл бурууну унутпоо керек. Ата-энелер, балдар менен көбүрөөк убакыт өткөрүп, аларды кучактап, мээрим төгүп, үйдөн көбүрөөк тарбия бериңиздер.

Сиздерди Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Ар бирибиздин эң жаркын, эң таза элестөөлөрүбүз балалыкка байланыштуу. Курчап турган дүйнө чоң болуп көрүнүп, асман булутсуз болуп, бир кереметке чын жүрөктөн ишенип, ар бир жаңы күндөн ырахат аласың. Жылдар өткөн сайын бул сезимдер азайып баратат. Бирок биз балалыктагы таасир менен бүт өмүрдү жашайбыз. Демек, балдардын мындай майрамы жаш муун үчүн биздин моюнубузда кандай зор жоопкерчилик турганын эсибизге салат. Балдарыбыздын ден соолугу чың, бактылуу, адеп-ахлактык жактан өнүгүп, коомго пайдалуу болушу үчүн бардыгын жасаган ар бир адамга терең ыраазычылык билдиребиз. Ар бир баланын иш-аракеттерине ийгилик, бакыт, кубаныч, ден соолук каалайм! Ар дайым көңүл буруунун, камкордуктун, сүйүүнүн жана жылуу мамиленин курчоосунда болуңуз!

Байланышуу үчүн:

WWW.LOGOPED.KG

(0312) 910 280, 0557 900 940, 0556 825 961

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 964, 27-май - 2-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан