ТАШИЕВГЕ ТАПАНЧА ЧЫН ЭЛЕ КЕЗЕЛДИБИ?

Мезгил үнү

Камчыбек Ташиевдин үйүндө болгон окуя акыркы убакта коогалаңдардан башы чыкпай калган кыргыз үчүн жаңы эрмек болду. «Ата журтчулар» «Камчыбек Ташиевге кол салынды» дешсе, чуулгандуу окуяда негизги фигуралардын бири болгон чекисттердин башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев айыпты четке кагып, Ташиевдин жан сакчылары анын «балдарын» токмоктогонун айтып опурулууда. Чындык ким тарапта?

ОТТОН ОК ЧЫКТЫ
Окуя 23-октябрда кечки саат алтыга чукул болгон. Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылына салынган Камчыбек Ташиевдин үйүндө мушташ болуп, короосунан атылган октун үнү угулган. «Ата Журт» партиясына тиешелүү жаңжалдуу бул окуя биринчиси да, акыркысы да эмес. Буга чейин борбордогу кеңсеси өрттөлсө, ал эми «Бакиевди алып келебиз» деген видеожазууну көбү унута элек.

“ЖАН САКЧЫЛАРЫМ АТЫП САЛЫШМАК”
Маалымат айдыңында бул окуя саат сайын эмес, мүнөт сайын көбүрүп-жабыртылып жатты. Биз Камчыбек Ташиевге жолугуп, айрым суроолорго жооп алууну чечтик. Жолугушууда «УКМКнын кызматкерлеринен улам жабыр тартып», байланып жүргөн колу айыгып калганына күбө болдук. Ал кагаз менен калем алып, кол салуу кантип башталганын чийип көрсөттү.

– Камчыбек мырза, абалыңыз кандай?
– Кудайга шүгүр, жакшы. Мага карай ок чыгарышканда өзүм үчүн эмес, бала-чакам үчүн чочуладым. Беш жашар уулум жанымда эле. Жарандык формада куралчан балдар басып киришсе, оюма балам келди. Дароо эле «баламды алып кач» дедим. Аны тоону көздөй алып качышыптыр.
– Үй-бүлөңүз Орусияда жашайт деген чын эмеспи?
– Жок. Улуу эки балам Орусияда окушат. Аялым, кичүү кызым жана беш жашар уулум болуп Кыргызстанда эле турабыз.
– УКМКнын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев сизге байланыштуу окуяны таптакыр башкача баяндап жатат. Өз оозуңуздан уксак...
– Эми анын айтып жатканы УКМКнын башчысы сүйлөй турган сөз эмес. Азыр бардык жагдайларды башынан карап чыгып жатам. Бул органдын кызматкерлери менин үйүмө мыйзамсыз түрдө тыңшоочу аппараттарды коюуга аракеттенишкен. Аларды үйдөгү балдар көрүп калганда машинасына качып жөнөшкөн. Орус бала качууга жетишкени менен, шериги, кыргыз бала кармалып калган. Аны менен сүйлөшкөнүмдө ошондой тапшырма берилгенин айтты. Балдарга «коё бергиле» деп, үйгө кирдим. Көп өтпөй 20-30дай бала дарбазаны тепкилеп, өзүм эшикти ачканымда «гүү» деп эле басып калышты.
– Үйүңүздө канча жигит бар эле?
– Ишемби болгондуктан, жан сакчыларымды эс алууга жөнөтүп жибергем. Өзү 10 жан сакчым бар. Ушул маалымат аларга белгилүү болгондуктан, өздөрүнө ишенип басып киришти. Бирок үйүмдө туугандарымдын шаарда окуган студент балдары жашашат. Алар октун арасында жүргөн балдар. Ортодо мушташ чыкты. Биздин балдар дагы жаракат алышты. Жан сакчыларымдын жоктугу да жакшы болду. Анткени алар эреже боюнча, короого куралчан басып келген кишилерди атып салышмак. Коңшу-колоңдор чыгып, эл көбөйүп кеткенде тигилер качып жөнөштү.

“БИЗДИКИЛЕР АЛ РАЙОНГО ӨЗ ИШИ МЕНЕН БАРЫШКАН”
Камчыбек Ташиев «мага кол салууну уюштурду» деп УКМКнын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевди күнөөлөп жатат. К.Дүйшөбаев мындай айыпты четке кагып, УКМКнын кызматкерлери Ташиевдин үйү жайгашкан райондо башка иштер менен жүрүшкөнүн айтышууда. Анын версиясы боюнча, 23-октябрь күнү УКМКнын 3 кызматкери Ташиевдин үйүнөн 200 метр алыстыкта кезектеги тапшырма боюнча турушкан.
«Биздин балдар баңгизат саткан кишинин артынан карап жүрүшкөн. Бирок Ташиевдин жигиттери алардын бирин машинадан сууруп чыгып киргизип кетип, ошонун айынан мушташышкан. Анын үйүнө эч ким басып кирген эмес»,- дейт УКМК­нын башчысы. Ташиевдин жигиттери бир кызматкерди үйгө алып кирип кеткенден кийин, калган экөө кошумча дагы 10 кызматкерди чакырган. Жыйынтыгында кесиптешин бошотуп алуу үчүн мушташ чыгып, УКМКнын үч кызматкери жаракат алган. Анын айтымында, бул окуяга саясий баа берүүгө болбойт.
«Эгерде менин адамдарым күнөөлүү болсо, алар өз жазасын алышат. Жок, андай болбосо, демек, Ташиевге коом алдында кечирим суроого туура келет»,- деди Кеңешбек мырза.

СОҢУНДА...
Эки жактын версиясы таптакыр эки башка. Феликс Кулов, «УКМКнын жардамы менен Ташиевдин үйүнө баңгизатын таштап, анан жаманатты кылууга бирөөлөр аракет кылышты» деген жоромолун айтууда. Мындай жоромолду да четке кагууга болбойт. Белгилүү «матрёшка-гейт» жаңжалын деги унуткан жокпуз. Ошол окуядан улам УКМКнын жетекчиси Бусурманкул Табалдиев отставкага кеткен эле.
Бирок башка версия боюнча, эгерде УКМК баңгизат сатуучулардын аркасынан түшкөн болсо, анда криминалдык чөйрө УКМКнын кызматкерлерин пайдаланышкан. Алар атайын Ташиев жашаган үйгө жакын келип, муну менен саясий ызы-чуу чыгарууну көздөшкөн. Канткен күндө да «Ата-Журттун» пиарчылары партиянын атын чыгарууга түзүлгөн ыңгайлуу жагдайды колдон чыгарышпады.
Көпчүлүк УКМКнын «Ташиевдин үйүн баңги- зат сатуучунун үйү менен алмаштырып алыптырбыз» деген сөзүнө мыйыгынан күлүштү. Анан да жөнөкөй эле балдар атайын кызматтын жигиттерин токмоктоп, ок-тапанчасын, күбөлүгүн тартып алганы көп суроону жаратат. Улуттук коопсуздук кызматы күч органдарынын элитасы деп эсептелинет. Анан ушундай структуранын атайын тапшырмада жүргөн опер кызматкерлери көрүнгөндүн жан сакчыларынан таяк жеп, тапанча, күбөлүгүн таштай качканы «ит эле болушту» деп айтууга аргасыз кылат. «Же алар акыркы жылдары бирөөлөрдүн чемоданына билгизбей баңгизатын салуу, оппозициячыл саясатчыларды аңдуу менен гана алектенип, түздөн-түз милдеттерин унутуп кетишкенби?» деген суроо да туулат. Атына заты жарашпай калган УКМК саясий териштирүүлөр, куугунтуктоолор менен алектенип калгандыгы жашыруун эмес да. Ошондуктан бул ызы-чуулуу окуя көптөгөн былыктар алдыда экендигин ачыкка чыгарып койду.

Кошумча маалымат

Эльвира Караева
koom@super.kg


ТАШИЕВДИН ҮЙҮНӨ АТАЙЫН КЫЗМАТТЫН КИШИЛЕРИ
КОЛ САЛГАНЫНА ИШЕНЕСИЗБИ?

Садыр Жапаров,
42 жашта, «Ата Журт» партиясы:
– Ооба, кол салышты. Согушта бир окту жоготуп алганы үчүн аскер дагы, кол башчы дагы жаза алчу. Дүйшөбаевдин кызматта калууга укугу жок. «Даректи алмаштырып алдык» дегени бул – жаш баланын сөзү, жомок.

Нуркан,
38 жашта, мугалим:
«Кол салды» деген нерсе кадыресе болуп калды. Мен муну кезектеги пиар катары кабыл алдым. Балким, Ташиев өзү ушундай окуяны уюштурган чыгар. Өзү саясатчылар ак экендигин далилдөө үчүн ушундай ызы-чууну чыгарууга маш болуп алышты.

Аида,
20 жашта, студент:
– Ишенбейм. Атүгүл Ташиевдин партиясынын шайлоодон утуп чыкканы мыйзам ченемдүү болбой калды. Анткени алардын партиясында бакиевчил адамдар көп. Азыр болсо «бийликтин кишилери кол салып жатат» дегени болбогон кеп.

Айбек,
18 жашта, студент:
– Жаңы эле гезиттен окуп алып, түк ишенген жокмун. Бийликтин кишилери эмес, «ата журтчулар» кылды деп ойлойм. Же өтпөй калган партиялардын бири уюштурса керек. Негизи, саясатчылар элге шоу көрсөтмөйдү адат кылып алышты окшойт.

Асия Сасыкбаева,
59 жашта, коомдук ишмер:
– УКМКнын кишилери жумушу менен жүрсө, Ташиев тоскоолдук кылган. Аларды үйүнө алып кирип сабаганы туура эмес. Эртең милиция же акимди сабай баштасак, эмне деген шумдук болот?! Буга тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылуусу зарыл деп эсептейм.

Эрнис,
62 жашта, фотожурналист:
– Өлкөдө болуп жаткан кабарларга көңүл бөлүп турам. Бирок бул окуяны укпай калыптырмын. Көп жылдык тажрыйбама таянып айтсам, атайын кызматтын адамдары кол салышы да мүмкүн. Өз көзүң менен көрбөгөндөн кийин так айтуу кыйын.

Руслан Бекназаров,
29 жашта, саясатчы:
– Ишенбейм. Мен мурун УКМКда иштеп жүрүп, андай операциялардын кантип өтөрүнөн кабарым бар. Атайын кызматтын мындай жол менен кол салышы мүмкүн эмес. Алар «башка жумуштар менен жүргөнбүз» дешти, ушул сөзгө ишенсе болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
honey
2010-10-30 15:52:19
Мунун баары "политические игры". Борьба за власть и все такое. Тан калбай эле коюуш керек. Бирок кыргыз элим эле кыйналып жатканы, меня беееесииииииить.
0
Латыш
2010-10-31 14:38:15
Баарыбыз Аллах алдында жооп беребиз. Бул жалган жашоодо эки суйлой бергиле, тиги жашоодо коро жатаарбыз кандай болгонун
0
Baratali
2010-10-31 15:08:13
Эн туура айтасын азыр кандай саясатчы чыкса,мисалы туура суйлогон,аны жок кылмай адат болуп калды.
0
Akjol
2010-10-31 15:57:55
Бийлик учун бири бирин олтуруу бизде конумуш адат болуп калды го.Канчалаган эр азаматтар жок болду.
0
Барс
2010-10-31 18:14:40
Кызык!"Муну Ташиев өзү уюштурду..."-дегендерге бир суроо: Ташиев муну уюштурса, УКМКнын кызматкерлерин ок-дарысы жана документтери менен акчага сатып келип, анан үйүндө таяктап, анан кое берген болобу?
0
MissNice
2010-10-31 20:21:15
bul konumush adat bolup kaldi,ozdorun aktash uchun ele,eehh kirgiz elim ayabay kiynaldik go
0
cosmopolit
2010-11-01 02:00:14
уффффф чарчатышты ушу колдорунан бок келбеген авантюристтер...
0
jaz
2010-11-01 02:03:21
Kydaydan bashka chyndykty bilgen jan bolboso kerek!Kalpychylar Kyrgyzstandy yryskysyn chaynabay tyryp jytyp koyot go dep korkom......
0
konya
2010-11-01 14:10:28
УКМКда иштеген балдарды кочодогу балдар деле сабап салат
0
aspirinupsa
2010-11-02 11:02:27
Атайын Ташиевге каршы чыккан, кол салганга "ишенбеген" адамдардын интервьюларын коюп салыптыр. Менден, же башка шаардын тургундарынан сурасанар болот эле. Кол салдыбы-салбадыбы, СНБ позор болду. Душобаев кетсин. Акаевдин 1 кундук министри.
0
aspirinupsa
2010-11-02 11:06:26
Баса, Текебаевдин видеосун коргондордон да сурамжылоо кылып коргулочу, ишенеби же ишенбейби деп. Ташиев тартып алган деп сыкпасын. Позор!
0
UvE
2010-11-04 13:06:16
Эми булардын кимиси туура суйлоп жатат деген суроого логически эле жооп таппайсынарбы. Бул СНБнын эле кийлигишуусу бар да, СНБ ушунан коро баарын талаага чыгып картошка тергиле.
0
UvE
2010-11-04 13:07:26
Осьминог Пол да байкуш олуп калды, тируу болгондо сурамакпыз... Душобаев менен Ташиевдин суротун коюп алып.
0
Expert
2010-11-04 14:35:44
UvE, vuhahaha jjesh
0
bmj
2010-11-05 11:21:55
UvE, жарым саат кулдум рахмат
0
№ 417, 29-октябрь - 4-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан