«РАК ООРУСУНАН БӨЙРӨГҮ ЖОК КАЛГАНДАР КӨБӨЙДҮ». Уролог кеңеш берет

Урологдор акыркы кездерде бөйрөктүн рак жана таш ооруларынын көбөйүп кеткенин айтып, коңгуроо кагышууда. Андыктан Бишкектеги Урология бaорборунун заара таштары бөлүмүнүн жетекчиси Жуман Мырзалиев менен ушул жаатта маектештик.

БӨЙРӨКТӨГҮ ТАШТЫ ГАЗДАЛГАН СУУСУНДУКТАР МЕНЕН СУУ ЖАРАТКАН

Аталган бөлүмдүн жетекчиси Жуман Мырзалиев менен алгач палаталарга кирип, бейтаптар менен сүйлөштүк. 32 жаштагы өзүн Максат Төлөков деп тааныштырган жигит: “Таш-Көмүрдөн болом. Мындан 3 жыл мурун бөйрөгүм ооруп келсем, кум менен майда таштар бар болуп чыккан. Врачтар аларды дары-дармектер менен чыгарышкан. Эми минтип 1 жума мурун операция болдум. Врачтар айтса деле болбой газдалган таттуу суусундуктарды көп ичип, этти көп жечүмүн. Жыйынтыгы ушундай болду”,- деп билдирди.

Ал эми 67 жаштагы Арипжан Сариев аксакал: “Мен Баткендин Исфана шаарынан болом. Баткендин суусунда бөйрөктө таш пайда кыла турган нерселер бар экен. Бөйрөгүмдөн 2 ташты алып чыгышты”,- деп жооп берди.

– Бөйрөктүн таш оорусу менен жабыркагандардын сөзүн уктук. Аталган оору менен ооругандардын санынын өсүп баратканынын себептерин кененирээк айтып берсеңиз.

– Элде туздуу, ачуу тамактарды көп жеп, газдалган таттуу суусундуктарды, алкоголдук ичимдиктерди, кофени көп ичкендер көбөйүп баратат. Айрым жерлерде таза суу жок, сууну арыктан ичишет. Дарыларды да өз алдынча баш аламан ичкендер четтен табылат. Кеңседе иштегендерде метаболизм (зат алмашуу) начар. Айтылгандардан тышкары гиперпаратиреоз, подагра, гастрит, ашказан жарасы, простатит, өнөкөт цистит, урук чыктагыч бездин аденомасы, гепатит, пиелонефрит оорулары, тукум куучулук да бөйрөктөгү ташты жаратат.

Өлкө боюнча бөйрөктүн таш оорусу менен ооругандардын саны боюнча 1-орунда Баткен облусунун жашоочулары турат. Аталган облустун географиялык шартына байланыштуу суусунда туз жана минералдар көп. Алар кан менен жылып барып, ашыкчалары бөйрөктө чөгүп, топтолот да, алгач кум, кийин таш жаралат. 2-орунда Жалал-Абад, 3-орунда Ош облусу турат.

Кофеин затынын өлчөмү кофеде, газдалган суусундуктарда жогору. Кофеин организмден кальцийдин көп чыгышын шарттайт. Кальцийдин чыкпай калган ашыкчалары бөйрөктө чогулуп, ташты жаратат. Тузду көп колдонгондо, туздалган тамак-ашты көп жегенде туз суюктукту организмде кармап калат да, заара нормалдуу бөлүнүп чыкпай, бөйрөктө туздар чогулуп, акыры ташка алып келет. Ал эми ашказан, өт, ичеги, боор ооруларында тамак-аштын сиңирилиши жана зат алмашуу бузулуп, акырындап таш жаралат. Малдын этин көп жегенде заарада кальций менен заара кычкылы көбөйүп кетет, бул экөө бириккенде бөйрөккө күч келип, заара аркылуу бөлүнүп чыгышы кыйын болуп, таштын пайда болушуна шарт түзөт. Түнкүсүн күчтүү тамактанып алып уктап калганда кан менен кошо бөйрөккө барган заттар толук эрибей топтоло баштап, таш жаралат. Дарыларды көп, өз алдынча ичүү да таш оорусуна алып келет.

Учурда калктын 15 пайыздайы бөйрөктүн таш оорусунан жапа чегет. Дарыланып же операция болуп ташынан арылган бейтаптар врачтардын көрсөтмөсүн аткарбай, тыюу салган тамак-аштарды аз жебесе 1 жылдан кийин 18 пайызында, 5 жылдан кийин 30 пайызында, 10 жылдан кийин 50 пайызында кайра таш жаралат. Андыктан малдын эмес, канаттуулардын, коёндун этине басым жасаш керек.

Таштар бөйрөктүн чөйчөкчөсүндө (чашечка), күлтүкчөсүндө (лоханка), заара чыгаруучу түтүктө болушу мүмкүн.

Бөйрөктө таш болбошу үчүн сууну фильтрден өткөрүп ичип, дарыларды өз алдынча колдонбой, дайыма кыймылда болуу зарыл. Ташты жаратуучу тамак-аштарды аз жеп-ичүү оң.

Эгерде бөйрөктө, табарсыкта кум бар болсо, аны кетирүү үчүн врачтар сунуштаган заара айдоочу чөп дарыларды 1 айга чейин ичсе болот. Мисалы, бөйрөк үчүн дары чөптөр топтому, кырк муун чөбү.

– Бөйрөк, табарсыктын, эркектердин урук чыктагыч бези менен жумурткалыгынын залалдуу шишик оорусуна көп кездешип жатканына эмнелер жеткизүүдө?

– Себептери насыбай, баңгизат чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ичүү, радиация, унаалардан жана ТЭЦтерден чыккан уулуу заттар, унаага май куюучу жайлардын көптүгү (бензин учуп абага аралашып, дем алганда организмге кирет), тамеки чегүү, жыныстык жактан жугуучу оорулар менен ооруп толук дарыланбоо, тамак-аштагы даам жана жыт берүүчү химиялык заттар, организмдеги гормондордун тең салмагынын бузулушу, химиялык заттар менен өстүрүлгөн жашылча-жемиштерди жегендик. Учурда рак менен ооругандардын эң жашы 20 жашта болууда. Мурун жашы улууларда эле жолукчу. Онкологиялык борбордо канча адам операция болуп жатканын билбейм, бирок биздин борбордо 1 айда 30га жакын адам рактан операция болууда. Мындай көрсөткүч мурун болгон эмес.

Табарсыктын рагында дарт табарсыктын көп бөлүгүн ээлеп калса, табарсык алынып салынат. Ичке ичегиден жасалма табарсык жасайбыз. Бирок ал жыйрылып иштеп заараны чыгара албайт, андыктан түтүк коёбуз, заара сыртка ошол менен чыга турган болот. Операция 7-13 саатка чейин созулат. Эгер рактын өлчөмү кичине болсо ал өскөн бөлүк гана алынып салынып, табарсыктын калган бөлүгү сакталат. Рак өтө кичине болсо, анда кырылып тазаланат. Операциядан кийин атайын дарыларды куюп, рактан калып калган клеткалар күйгүзүлөт. Бөйрөктөгү рак деле көп жерди ээлесе, орган толугу менен алынып, заара чыгаруучу түтүкчө табарсыкка уланып коюлат. Айрым учурда операция жасоого мүмкүн болбой калса, анда нур же химиялык терапия сунушталат.

– Күн ысыды, эми бейтаптар урологиялык кайсы оору менен көп түшө башташы мүмкүн?

– Пиелонефрит дарты менен түшкөндөрдүн саны көбөйөт. Анткени өнөкөт пиелонефрит оорусу барлар да, жоктор да муздак сууга түшүп же тоого чыгып суукка урунуп оорусу козголуп же пайда болуп келет. Иштеген кондиционердин алдында дамамат узакка отуруу, иштөө да аталган дартка алып келет.

Анан дагы пиелонефрит дартына кийинки кезде кош бойлуу аялдар көп чалдыгып жатат, бул көп кыймылдабагандан, жок дегенде атайын көнүгүүлөрдү жасабагандан болууда. Ичтеги бала чоңойгон сайын жатын чоңоёт да, бөйрөктөн чыккан заара чыгаруучу түтүкчөнү кысат. Ушунун негизинде зааранын агымы начарлайт, туруп калган заарада бактерия көбөйүп, пиелонефритти жаратат. Андыктан кош бойлуу аял убагында каттоого туруп, УЗИден текшерилип, атайын көнүгүүлөрдү жасап, кыймылда болуусу кажет.

Пиелонефриттен дарыланбаса жасалма бөйрөк аппараты (гемодиализ) менен күн кечирүүгө туура келип каларын ар адам билиши шарт.

Жайында дагы жыныстык мүчөсүн жаракатка учуратып алган жаш балдар көп түшөт. Алар тоо, токойго барып, бийиктиктен же аттан кулашы же балдар менен мушташышы мүмкүн. Жаракаттан улам жыныстык мүчөсү шишип чыкса, анда бастырбай жаткызып, машина менен алып баруу керек. Анткени басканда шишик тарап, оорутуу катуулайт. Өзү айыгат деп жүрө берип, кийин жумурткасы чирип кеткен, жыныс мүчөсү кыйшайып калгандар да бар.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 965, 3-9-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан