Төкмө акындардын арасына мындан 7 жыл мурун залкар төкмөбүз Элмирбек Иманалиевге аты да, фамилиясы да окшош 12 жаштагы таланттуу жигит кошулган эле. Ошондогу мотурайган жаш бала азыр зыңкыйган жигит болду. Эң жаш төкмө акын Элмирбек Иманалиев менен жагымдуу маек болду.
ЖАШ ТӨКМӨ ТУУРАЛУУ
Туулган жери: Бишкек шаары
Туулган жылы: 2003-жыл, 11-август
Учурда: Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда 3-курста окуйт.
– Элмирбек, саламатсызбы? Алгач Элмирбек Иманалиев деген атыңыз боюнча сурайын...
– Саламатчылык. Ата-энемдин айтканы боюнча, мен төрөлгөн жылы айтыш кызуусуна келип, элдин кызыгуусу артып, устатым Элмирбек Иманалиев эл оозуна алынып калган кез экен. Фамилиям Иманалиев эле болмок. Ата-энем “Элмирбек Иманалиевдей төкмө акын болсо экен” деп тилек кылып атымды Элмирбек коюшкан экен.
– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.
– Атам Дүйшөн Иманалиев, ал Орусияга автобус айдайт. Апам Самара Абдыкадырова, үй кожойкеси. Ата-энем өнөр сыйлаган адамдар. Атам жаш кезинде музыкалык окуу жайга тапшырып, ырчы болгусу келчү экен. Бирок чоң атам уруксат бербей коюптур. Апам болсо комузчу болууну кыялданчу экен. Таятамдар да “Самара Токтакуновадай комузчу болсун” деп атын Самара коюшуптур. Апам 7-8-класста окуп жаткан кезде айылга комуз үйрөткөн мугалим келиптир. Кызыгып үйрөнүп баштаганда ал мугалим кетип калып, апамдын да комузчу болуу кыялы ишке ашпай калган экен. Мындан улам ата-энем мени өнөр чөйрөсүндө ордун тапса деп тилешиптир. Алардын тилегин толук орундатканга аракет кылам. Үйдө жалгыз баламын. Ошондуктан моюнумдагы жүк чоң. Атыма татыктуу болуу максатым бар.
– Устатыңыз менен кантип табышып калдыңыз?
– Ата-энем көпкө чейин Элмирбек Иманалиевдин номерин таппай жүрүштү. 2014-жылы таап байланышып, атам алып барган. Устатым мени байкап көрүп, “балаңыздын чымыны бар экен. Биздин топко кошулсун, шакирт кылып алайын. Ушул жерден өссүн, өнсүн” деди. Үйдөгүлөр аябай кубанышты. Бул өмүрүмдөгү чоң бурулуш болду. Анда 12 жашта болчумун. Ошондон тартып жашоого болгон көз карашым, баскан-турганым, ойлорум өзгөрдү.
– Бул атты алып жүрүү чоң жоопкерчилик, пайдасы да тийсе керек?
– Улуу инсандын атын көтөрүп жүрүү оңой эмес. Туура жүрүп, туура ойлонуп, өзүмдү жаман нерселерден оолак кармап жакшы адам болушум керек. Устатым “жакшы адам жакшы акын боло алат. Көөдөн таза болушу керек” деп айтчу. Бул ысымдын пайдасы тийди, өмүр бою тиет. Жашым кичүү болсо да улуу башын кичүү кылып атымды сыйлап сый көрсөткөндөр бар.
– Алгачкы жолу айтышка чыкканыңыз эсиңиздеби?
– 2016-жылы устатымдын “Мен тандаган жол” аттуу концерти болгон. Ошондо алгачкы ирет чоң сахнага чыккам. Ал концертте менин эле эмес, көптөгөн жаштардын тушоосу кесилген. Эл алдына чыгып ырдоо оңой эместигин, бул чоң жоопкерчилик экенин ошондо сезгем.
– Ким менен айтышуу сизге жеңил же кызыктуу?
– Айтыштагы өнөктөштөн да көп нерсе көз каранды. Устатым айтып кеткендей, бул – сынак же акыйнек эмес. Бул – эки акындын баарлашуусу. Короз уруш катары көргөндөр бар. Айтыштагы максат – жеңип баш байге алуу эмес. Төкмө акындын эң чоң озуйпасы – элдин зарын, көйгөйүн же жакшылыгын айтуу. “Кайсы акындар менен айтышкан жагат?” деп сурап калдыңыз. Негизи кыздар менен айтышкан жакшы. Эмнегедир башкача эргүү келип, өзгөчө айтыш болот. Бирок жагат же жакпайт деп акындарды бөлбөйм. Устатымдын бардык шакирттери менен айтышкан жагат. Максатыбыз, оюбуз бир, бир өнөрдү дегдеп, бир акырдан жем жеп келе жаткан устатымдын шакирттерибиз.
– Келечекте өзүңүздү кайсы тармактан көргүңүз келет?
– Төкмө акын бойдон калгым келет. Башка кесиптерди анча жактырбайм. Адам чала-чапкыт болбой, бир максатты көздөгөнү туура. Башка ишке барсаң башкача ой жүгүртүү керек болот, убакыт, нерв кетет. Болгон потенциалымды төкмөлүк өнөрүмө жумшагым келет. Кудай буюрса, кыргыздын өнүгүүсүнө, кыргыздын кыргыз экенин туйгузууга салым кошом деген максатым бар.
– Элмирбек агай акыркы кездери шакирттери менен көп убакыт өткөрүп калган экен...
– Акыркы 5-6 жылда убактысынын 80-90 пайызын шакирттерине арнады. Өзү таңкы саат 4төрдө туруп, жакын адамдарына таңкы каалоосун арначу. Күнүбүздүн ийгиликтүү, майнаптуу өтүүсүн тилеп батасын берчү. “Таңда адамда энергия толуп-ташып турган кез болот. Ошол учурду кармап калыш керек. Окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча, таңкы бир саат түштөн кийинки 2 саатка барабар. Ыр, ой толгоолорумду көбүнчө таңда жазам” дечү. Каалоо жибергенден кийин китеп окуп, ыр жазып, үйүнүн жанындагы аянтчада чуркап, саат 6-7лерде “Айтыш” фондуна келип калчу. Устатым көбүбүздү эрте турганга үйрөттү. Ал кишини күттүрбөйлү деп эрте барганга аракет кылчубуз. 7ге жетпей баарыбыз чогулуп калсак аябай кубанчу. “Бул режимди өлкөгө сиңирсек сонун болот. Кыргыз үчүн иштейм деген ар бир жаран таңкы саат 6да иште болуп калса, ишинин майын чыгарса” деген аруу тилеги бар болчу. Устатымдын жок болгонуна байланыштуу ал режимди уланта албай жатабыз. Бир аз тайсалдап, мурунку табыбыздан тая түштүк. Азыр акырындан өзүбүзгө келип, баягы кубатыбызга кайтып жатабыз. Кайтыш болгонуна бир жылдан ашты. Дагы деле бизге дем берген, алдыга сүрөп, албууттантып турган киши жок болгону кейиштүү болуп жатат.
– Үй-бүлөсү менен жакынсыздарбы?
– Жакынбыз. Жубайы бизди апабыздай жакшы көрөт. 2-3 күндүн биринде үйүнө барып куран окутуп турабыз. Улуу баласы Эрулан 12ге чыгып калды. Устатым “балам 12ге чыкса катарыңарга кошом. Силердин чөйрөдө чоңойсун” деп көп айтчу. Ал айтып кеткен тапшырмаларын, көрсөтүп кеткенин аткарабыз. Эрулан кичине кезинен эле комузду өзү күүлөп обондорду таап алат. Төкмөлүк учкундары байкалып келе жатат. Кудай буюрса, учкундарды чоң жалынга айлантабыз. Эруландан үмүтүбүз чоң. Кыргызга күйгөн, салымын кошкон жигит болорунан шегим жок.
– Бул суроо күйөрман кыздардан болсун. Жүрөгүңүз бошпу?
– Кандай десем эми? Бош эмес. Бош эмес деп деле айта албайм. Устатым мени “Элмиш, Элмирчик” деп чакырчу. “Элмирчик, колуңдан келсе эрте үйлөн. Үй-бүлөңдүн жалгыз баласысың. Алардын сүйүнүч, таянычы өзүң болушуң керек. Эрте үйлөнгөн жакшы. Мага окшоп 40ка чыкканда таята, чоң ата болуп каласың” деп көп айтчу. Азыр 18демин. Буюрса, ары-бери жакты жыйыштырып, өзүмө болгон шартты түзүп алып 1-2 жылдын аралыгында үй-бүлө күтсөм деген максатым бар.
– Тилектериңиз орундалсын! Маегиңизге рахмат!
Перизат Музуратбекова