САКАДАЙ БОЮ САРЫ АЛТЫН ПАК БО ЁН

Кичинекей, назик, татынакай Пак Бо Ёнду көрүп бардыгы аны коргогусу, калкалагысы келет. Бирок актриса аны жактырбайт, өзүн күчтүүмүн деп эсептейт. Экрандагы өнөктөштөрүн чыныгы жашоодо да сүйдүргөн кыз “сүйүү эмне экенин билбейм, бул сезимге туш боло элекмин” дейт. Пак Бо Ён тууралуу дагы кененирээк билип алам десеңиз, бүгүнкү макала сиз үчүн.

Туулган жери: Түштүк Корея, Чунчон

Туулган жылы: 1990-жыл, 12-февраль

Бою: 158 сантиметр

Салмагы: 41 килограмм

Билими: Донгук университети, театр жана кино факультети

Кесиби: актриса, модель

Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Карышкыр жигит”, “Кызуу кандуу жаштык”, “Менин арбагым”, “Күчтүү До Бон Сун”, “Бир күнү кыйраткыч менин үйүмө кирди” жана башка

АСКЕР КЫЗМАТКЕРИНИН КЫЗЫ

Атасы Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрүнүн атайын даярдыктагы аскер тобунда 34 жыл эмгектенген адам. Тартипти бекем кармаган аскер кызматкери үйүнө келгенде мээримдүү атага айлана турган. Пак Бо Ёндун эжеси, анан сиңдиси бар, ата-эне кыздарын эркелетип чоңойтушту. Жогорку окуу жайга барарда атасы “көңүлүң сүйгөн, жүрөк дегдеген кесипти танда. Өмүрүңдүн көпчүлүк бөлүгү жумушта өтүп кетиши мүмкүн. Андыктан өзүңө кубаныч тартуулаган жерде иштегидей бол” деп кеңеш берген. “Атам кыз киши минтпеши керек, мындай кылган болбойт деп бизди катуу кармаганда, азыр мен ким болмокмун билбейм. Жашоомдогу маанилүү чечимдерди колдоп бергени үчүн ага ыраазымын”,- деген Бо Ён мектепти аяктагандан кийин Донгук университетинин театр жана кино факультетине тапшырган. Эмнеге бул факультет?

КЫМБАТ АКТРИСА

Пак Бо Ён эң алгач экранга 16 жашында чыккан. “Биздин англис тилинен берген мугалим”, “Скумбрия, алга!” деген сериалдарда өспүрүм кыздын ролун аткарган кызга камера алдында иштөө жагып калып, келечек кесиби катары кино жаатын тандаганы ушундан улам. Актрисаны көпчүлүккө тааныткан “Карышкыр жигит”, “Тутанган чыр” тасмалары болду. Учурда анын куржунунда 15тен ашык абройлуу кино сыйлыктар бар. Сакадай бою сары алтын болгон кичине актрисага дүйнөлүк атактуулук 2015-жылы тартылган “Менин арбагым” дорамасы менен келген. Жогорку рейтингди багындырган сериалдан Пак Бо Ён 270 миң доллар гонорар алып, Түштүк Кореянын кымбат акы алуучу актрисаларынын катарынан орун алган.

“СИЛЕР ОЙЛОГОНДОН КҮЧТҮҮМҮН”

Актрисага көбүнчө мелодрама, романтика жанрындагы тасмалардан роль сунушташат. “Менин кичинекей, арык экенимди көрүп алып эле коргоого муктаж кыздардын ролун сунуштай беришет. Мындай ролдордон тажап да кетем. Чындыгында, мен силер ойлогондон күчтүүмүн” деп маек берген актриса 2017-жылы “Күчтүү До Бон Сун” сериалында күчтүү айымдын ролун аткаруу менен дүйнөлүк популярдуулугун дагы бир ирет бекемдеп алды. Актрисанын камера алдындагы өнөктөштөрүнүн көбү анын назиктигине, талантына суктанып “жан дүйнөсү таза наристедей сонун адам, жакшы көрөм” деп айтышат. “Күчтүү До Бон Сун” сериалындагы өнөктөшү, актёр Пак Хён Шик аны сүйүп калганын, бирок актриса сезимдерин кабыл албай койгонун айтканы бар. Ал эми “Сенин үйлөнүү тоюң” сериалына тартылган актёр Ким Ён Ван журналисттерге берген маегинде аталган долбоорго Пак Бо Ён тартылганы үчүн гана макулдугун бергенин айткан.

ПАК БО ЁНДУН ОЙЛОРУНАН...

  • “Социалдык баракчаларды колдонгонду жактырбайм. Ал жакта мен үчүн эркиндик жоктой сезилет. Жашоомдо болгон маанилүү окуяларды унутуп калбаш үчүн күндөлүк жазып турам”.
  • “Кичинемде мектепти бүтөрүм менен күйөөгө чыгышым керек деп ойлончумун. Ал кезде жашоонун маңызы үй-бүлө куруу деп эсептесем керек. Азыр андай ойдун бири жок. Турмушка чыгамбы, жокпу убакыт көрсөтөр. Балким, “ушул менин тагдырым” деген адамга жолугуп калам. Азыр болсо өзүмдү, карьерамды сүйүү менен алекмин”.
  • “Адамзат ысырапкорчулукка жакын. Толтура адам чакырылган үйлөнүү той, туулган күн дегендин эмне кереги бар? Бардык кубанычтуу күндөр үй-бүлөнүн курчоосунда гана өтүшү керек”.
  • “Өзүмдү баалаганды үйрөнүшүм керек эле. Актёрдук карьера дайыма “ийненин үстүндө” басып жүргөнгө көндүрдү. Жакшы кийиниш керек, чач жасалга, боёнгонум элге жакпай калган жокпу, туура эмес сүйлөп койсомчу деп жатып эле өзүмдү чүнчүтүп салам”.

“СҮЙҮП КӨРӨ ЭЛЕКМИН...”

Сүйүү сезими боюнча: “Жактыруу сезими болгондур, бирок сүйүү келе элек. Андыктан кинодо ойногон каармандарымдын сүйүүдөн жабыркаган эмоцияларын толугу менен түшүнө албай кыйналган учурлар болот. Түшүнүш үчүн өзүм сүйүп, анан кайра сүйүктүүмдөн кол үзүшүм керек окшойт”,- дейт актриса. Пак Бо Ён эмне дебесин, анын кинодогу сүйүү сезимдери чындыктай эле кабыл алынат, демек, ал чыныгы актриса.

2021-жыл. Актриса кайрадан сүйө да, сүйдүрө да алган кыздын ролу менен сериал сүйүүчүлөрдү арбап турган учур. Бул ирет белгилүү актёр Чо Ин Гук менен бирге фантастика, драма, мелодрама жанрындагы “Бир күнү кыйраткыч менин үйүмө кирди” аттуу дорамага тартылды. Кызыктуу сюжетти камтыган сериал алгачкы серияларынан баштап жогорку рейтингге жетти. Жакынкы күндөрү бул дорама тууралуу кенен сөз кылабыз.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 965, 3-9-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан