Күркүрөгөн күз айынын толкуну шоу-бизнестин бойдок жигиттерин үй-бүлөлүү кылды. Султан, анан Акбар үйлөндү. Ал эми 3-ноябрда Мирбек Иманбеков ата-энесинин 60 жылдык мааракесин берүү менен өзүнүн үлпөт тоюн өткөрмөкчү. Мирбектин үлпөт тою сахналаштарыныкына караганда бир аз башкачараак. Айтайын дегеним, ырчы мындан эки жарым жыл мурун үйлөнгөн. Бирок аны элге ачык айтпай келген. Жашырганынын сыры эмнеде?
– Мирбек, 3-ноябрда үйлөнүү тоюн өткөрөм деп турасың, ошондон кеп баштасаң...
– Ата-энем экөө тең быйыл 60 жашка чыгышты. Алардын мааракеси менен менин үлпөт тоюмду чогуу “Дасмия” эс алуу борборунда өткөрөбүз. Эки тойду бир өткөрүү үйлөнө электе эле түзүп койгон пландарымдын бири. Чоң той өткөрүү кыйын экен, бирин бүтүрсөм, экинчиси калат дегендей. Ата-энем болсо “көкүрөк күчүгүбүздүн тою” деп өздөрүнүкүн унутуп, меникине аябай сүйүнүп жатышат. Биз үй-бүлөдө 4 эркек, 7 кызбыз. Мен эркектердин кичүүсүмүн.
– Буга чейин ачык эле билинип турса да “бойдокмун” деп жооп берип келдиң, эми ачык айтасыңбы?
– Жашоодо ар кандай окуяларга, ар кандай адамдарга кабылат экенсиң. Алар сенин оюңду таптакыр башка нукка буруп салышы да ыктымал. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” деген ушул экен. Чынында, келинчегим Бурулду кыргыздын салты менен ата-энемдин ак өргөөсүнө алып барып, мындан эки жарым жыл мурун үйлөнгөм. Кайын журтумдун алдынан өткөм. Бирок калың элге айтпай келгем. Качан үйлөнүү тоюмду өткөрөм, ошондо жар салайын деп чечкем. Буюрса, ошол тилегим аткарылганы турат.
– Жашырганыңа продюсериң экөөңдүн ортоңордогу келишим себеп болдубу же башка жагдай бар беле?
– Үй-бүлөмдү жашырганым үчүн эл алдында күнөөлүүмүн. Менин ушул берген интервьюмду окуган күйөрмандарым, жалпы эле кыргыз элим мени кечирет, туура түшүнүп, батасын беришет деп ишенем. Жубайымды жашырганыма ортодогу келишимдин да, аны түзгөн адамдардын да түздөн-түз тиешеси бар. Продюсерим менен келишим 2006-жылы түзүлгөн. Ал кезде Бурул экөөбүз сүйлөшүп жүргөнбүз. Бурул менин күйөрманым эмес, ырчы болуп чыга элегимде жолуккан тунук сүйүүм. Айрым адамдар экөөбүздүн ортобузга түшүп, жаңжал чыгарганга чейин барышты. Бирок сүйгөнүмдөн ажырап калбаш үчүн жан далбас уруп, кандай учур болбосун туруштук бердим.
– Ал адамдар кимдер жана максаттары эмне экен?
– Кимдер экенин, максаттарын ачык айтпай эле коёюн. Мунун баары менин чыгармачылыгыма байланыштуу десем болот.
– Аял кишинин оозу жөн турбайт да. Бурул сенин бойдокмун деген интервьюларыңды окуганда таарынбай койбосо керек...
– Мен эч жерге барып бойдокмун деп айткан эмесмин. Бир жолу силердин редакциядан “үй-бүлөлүү” деген кат келди, ушул чынбы?” деп телефон чалышкан. Мындай учурда мен эмес, продюсерим жооп берчү. Мен, негизи, жашыргым келчү эмес. Үй-бүлөдөн өткөн бакыт, андан ыйык эч нерсе жок. Кубанганым, келинчегим дайыма мени колдоп, ушул убакка чейин жанымдан чыкпай келди, рахматтан башка эч нерсе айта албайм. Жашырганыма чыдаганына ыраазымын. Бир да жолу “сен ушинтип айтыптырсың” деп таарынган жок. Ал эми кайын журтума бул кылыгым, чынында, анча жакчу эмес.
– Продюсериң Асыл эже экөөң келишим аягына чыккандан кийин иштешпей калдыңарбы?
– Келишим 2009-жылы аяктаган. Ошол жылдын 25-ноябрында, өзүмдүн туулган күнүмдө концерт берип туруп, иштешүүнү токтотконбуз.
– Үйлөнүү тоюңа Асыл эжени чакырдыңбы?
– Чакырдым. Келеби, келбейби, билбейм.
– Кызың тууралуу айтасыңбы?
– Кызым Арууке эки жарым жашта. Ал ортодо кандай нерселер болбосун биздин үй-бүлөнү бекемдеп келди. Көпчүлүк кызымды мага окшоштура беришет, бирок азыркы кези апасынын эле көчүрмөсү.
– Баса, жубайың каяктын кызы, кантип тааныштың эле?
– Мен анда Искусство институтунда 2-курста окучумун. Ырдап чыгайын деп 3-4 чыгарма жаздыргам, бирок радиолор албай жатышкан. Окуу жайда өткөрүлгөн кечелердин биринде ырдап жатсам, көзүмө бир эле кыз көрүнүп туруп алды. Ал ырыма бийлеген да, кол чаап кубаттаган да жок. Кече бүткөндөн кийин тийишсем, теңине албагансып койду. Сураштырсам, курсташ кызымдын курбусу экен. Курсташ кызымдын жанын койбой “тааныштыр эле, тааныштыр” деп артынан бир жума жүрүп, акыры максатыма жеттим. Жердиги Токмоктон. Менден төрт жаш кичүү. 1989-жылкы. Мени менен таанышканда 11-класста окучу. Экөөбүз кыз-жигит катары жүрүп жатканда көптөгөн кызыктар болду.
– Бирөөсүн айтып берсең.
– Орто жерден “мен сени менен жүрбөйм” деп чыкты. Катачылык менден кетти окшойт.
– Башка кыз менен жүрүп кеттиң беле?
– Ошол сыяктуу болду. Аркасынан көп күн жалдырап жүрдүм. Анда студентпиз, акча жок. Ырларымды эл тааный элек болсо да, кээде тойлордо аккордеон менен ырдап калчумун. Бир жолу ошентип ырдап акча иштедим. Өмүрү кызга гүл алып барбаган жаным тойдон тапкан акчама гүл алып, Бурулдан кечирим сураганы бардым. Буга сахналашым Акбар күбө. Акбар мени Бурулга аябай мактады. Бурул “болду, Мирбек менен жүрбөйм” деген сайын мен ага тартыла бердим. Ошентип, ал учурду да жеңдим.
– Учурда эмне менен алек?
– Мектепти аяктагандан кийин дизайнер-модельердин окуусун бүткөн. Бирок иштей элек, үйдө. Өзү иштегиси келет, мен каршы чыгам. "Билимиңди дагы жогорулат, анан иште" деп жатам.
– Мурункудай ыр жазбай калдың го, эмнеге?
– Туура айтасыз, жаңы ыр жаздырбай калдым. Мунун себеби – өзүм. Жалкоолук кылып жатам дегеним окшошпой калат. Ырдоо оокатым болгондон кийин эч качан жалкоолонбойм. Болгону, алдыдагы жакшылыгым өтсүн деп бир аз токтотуп жатам. Тойду өткөрүп алгандан кийин, буюрса, жаңы дем менен жаңы ырларды жазууга киришем.
– Дагы продюсерлүү болуу оюңда барбы?
– Продюсер менен төрт жыл иштештим. Төрт жыл аз убакыт болгону менен, эмнелерди гана башымдан өткөрбөдүм. Баарына быштым. Шоу-бизнеске өзүмдү арнап салып, ага-тууганыма, ата-энеме кош көңүл мамиле кылыптырмын. Балким, бул менин жаштыгымдандыр. Бирок жаш кезде турмуштук пайдубалды туура тургузуу керек экен. Баарын азыр түшүнүп отурам. Шоу-бизнестин майда-чүйдөсүнө чейин өздөштүргөндөй эле болдум. Ошондуктан продюсерсиз эле иштейм.
– Келечекке кандай ой-пландар менен кадам таштадың?
– Жубайыма татыктуу күйөө, балама мээримдүү ата болгум келет. Анан, албетте, чыгармачылыгымды бийик деңгээлге алып чыгуу.
– Рахмат маегиңе, үй-бүлөң менен бактылуу бол.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg