ГИНКГО – ЭС-ТУТУМДУ БЕКЕМДЕЙТ

Гинкго дарагы Япония, Вьетнам, Таиланд, Мьянма, Камбоджа, Лаос жана башка өлкөлөрдө өсөт. Учурда андан биологиялык активдүү кошулмалар жасалат жана аны бүт дүйнөдө, анын иичинде Кыргызстанда да колдонушат. Биологиялык активдүү кошулмалардын көлөмүнүн 80ге жакын пайызын гинкгонун кургатылган жалбырактары түзөт. Гинкгонун касиети – эс-тутумду бекемдеп, ойлонуу жөндөмдүүлүгүн күчөтүп, коркууда нервди тынчтандырып, уйкуну жана кан айланууну жөнгө салып, баш айланууну калтыра тургандыгында.

Гинкгонун жалбырагында 40ка жакын биологиялык активдүү кошулмалар бар. Эң башкы кошулмалары – билобалид жана гинкголиддер. Андыктан андан жасалган каражаттарды жалпысынан гинкго-билоба деп атап жүрүшөт.

Гинкго – бийик өсүүчү дарак. Мөмөсүнүн диаметри 3 сантиметрге чейин жетет.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 965, 3-9-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан