Тилекке каршыбы, же бактыга жарашабы, билбейм. Көрүнгөн кызга сезимдеримди арнап, жүрөгүмдүн эшигин ачкан жигит эмесмин. Жөн гана жүрөгүмдүн ээсин издей бердим. Кээде тасмалардан сулуу, назик кыздарды көрүп калсам ичимден “мага ушундай жар туш келсе экен” деп койчумун. Анын үстүнө мени алаксыткан бийик максаттарым бар эле. Достор менен кыздарга ашыкча убакыт бөлгүм келчү эмес.
Университетте 2-курста окуп жатканда көп нерселер өзгөрдү. Өзүмдүн эле тайпамда окуган Аймүрөк аттуу кыздын мага болгон мамилеси өзгөрө баштаганын байкап калдым. Ал топ кыздардын арасынан өзгөчөлөнүп турчу. Жыл башында аны тайпанын башчысы катары шайлайлы деп демилге көтөрдүк. Бирок ал менин талапкерлигимди жактап, жардамчы болууну каалап жатканын айтты. Сыр бербегенибиз менен ичибизден нес абалда калдык. Жыйынтыгында тескерисинче, мен ага жардамчы болдум, анткени окуу жайдагы майда-чүйдө иштер менен алектенип, жоопкерчилик алууну каалаган жокмун.
Ошентип экөөбүз иштешип калдык. Ал кызды сулуу деп айта албайм. Бирок мага башка кыздар бере албаган демди берип турар эле. Мага чоң ишеним көрсөткөн сайын тоону томкоруп жиберчүдөй боло бердим. Өзүмдү накта ийгиликтүү мырза сездим. Кыскасы, жакшы долбоорлорду ишке ашырууга жетиштик. Бирок кыз-жигит мамиле куруудан корктумбу, же сүрдөдүмбү, билбейм, мени бир нерсе кармап турду. Анткен менен окуу жайда экөөбүздүн “махабат баяныбыз” тууралуу аңыз кептер тарай баштады.
Бир жолу мен, Аймүрөк жана Алим аттуу жигит үчөөбүз окуу жайдан үйгө бирге жөнөп калдык. Жолдон Алим Аймүрөккө “кийин жолдошуңдун кир байпактарын жууйт белең?” деген оңтойсуз суроо узатты. Мага да кызык болуп кулак түрүп калдым. Аймүрөк “жууйм, тамакты да даамдуу жасап, жолдошумдун жакасына кир жугузбай багам” деген жооп кайтарды. Анан калса “күйөөмдүн көзүн карап отурбастан иштеп, ага кол кабыш кылам” деп кошумчалады. Азыркы заманда да ушундай кыздар бар экенине сүйүндүм. Бул сөздөрдөн кийин муз болуп тоңуп турган жүрөгүм эрий баштады. Ага болгон көз карашым өзгөрүп, сыйлап калдым.
Бир ирет тайпалаштар ич ара кызыл чеке болуп бир маселе боюнча тартыша кеттик. Ошондо Аймүрөктүн тарабында болгон эмесмин. Кийин анын жүзү бир аз суз тартып, капалуу жүргөнүн байкадым. Тынчым кетип, үйгө барганда болор-болбос нерсе үчүн аны капа кылып алганыма өкүнүп, бир саат өтпөй кечирим суроо максатында үйүн көздөй жөнөдүм. Чекемден муздак тер агып, жүрөгүмдүн дүк-дүк деген дабышын тыңшап бараттым. Колума короодо өскөн роза гүлүн кармап алгам. Ага кошумча шоколад сатып алдым. Көчөдөгүлөр мени эле тиктеп жаткансып өзүмдү ыңгайсыз сезип бараттым.
Ал мени көрүп күлүп жиберди. Колумдагы гүлдү, ал жакшы көргөн шоколадды сунуп, капа кылып алганым үчүн кечирим сурадым. Бирок ал мага таарынбаганын айтты. Таң калдым. Эмне себептен бушайман болгонумду өзүм деле түшүнбөйм. Аягында болгон күчүмдү жыйып, кыз-жигит катары мамиле курууну сунуштадым. Ал жообун көпкө созбой макул болду. Кийин экөөбүз бир аз көрүшпөй, же сүйлөшпөй калсак бири-бирибизди сагына турган болдук.
Бизде баары кудум жомоктогудай уланып жатты. Экөөбүз тең адабият багытында билим алгандыктан Лейли менен Мажнун, Жусуп менен Зулайка, Ак Мөөр менен Болот сыяктуу ашыктардын сүйүүсүнө сугарылганбыз. Аймүрөк экөөбүз чыныгы дүйнөдө эмес, кудум жомокто жашагандайбыз. Сүйүүбүз күн сайын артып барат. Акыры мен жомогумдун баш каарманын таптым.
Нурсултан