ДЕНЕДЕГИ БӨТӨН НЕРСЕЛЕР

КУЛАККА БИР НЕРСЕ КИРИП КЕТСЕ...

Кулактагы бөтөн нерсе (оюнчуктардын майда бөлүктөрү, мончок, данек жана башка) балдарда көп кездешет. Кулак ичиндеги нерсени өз алдынча алып таштоого аракеттенүү алардын андан ары тереңге кирип кетүү коркунучун туудурат.

Кулакка курт-кумурска кирип кетсе абдан оорутуп, өтө жагымсыз сезимди туудурат. Аларды өлтүрүү үчүн кулакка бир нече тамчы өсүмдүк майын же бор спиртин куюу керек. Кандай болгон учурда да ЛОР-врачка кайрылуу зарыл.

ИЧЕГИ-КАРЫНДАГЫ БӨТӨН НЕРСЕ

Ичеги-карын жолундагы бөтөн нерсе тамактануу убагында тамак-аш менен кирип кетет. Тамакка, кызыл өңгөчкө тыгылып, сайылып калышы ыктымал. Көбүнчө бүкүлү тамак-аш, майда сөөктөр, ошондой эле тигүүчүлөр ийнени, өтүкчүлөр майда мыкты тиштеп турганда байкоосуздан жутуп жиберишет. Тамакка сайылган учтуу нерсени алдыруу үчүн тезинен врачка баруу зарыл.

Бөтөн нерсени алып таштагандан кийин анын орду бир нече күнгө чейин сыйрылгансып же сайгылашып оорушу ыктымал. Кызыл өңгөчкө көбүнчө кесек эт, тооктун сөөгү жана башкалар тыгылып калат. Тыгылып калган нерсе тамактын өтүшүн кыйындатып, оорутат. Көп учурларда жутулган бөтөн нерсе кызыл өңгөчтөн карынга, ичегиге өтүп, заң менен сыртка чыгат. Кээде карында же ичегилердин бир жеринде жылбай узакка туруп калышы, учтуулары алардын капталдарын тешип кетиши мүмкүн. Тезинен врачка кайрылуу керек.

МУРУНГА БИР НЕРСЕ ТЫГЫЛЫП КАЛСА...

Мурундагы бөтөн нерсе көбүнчө балдарда жолугат. Мурунга бир нерсе кирип тыгылып калганда мурун менен дем алуу кыйындайт. Тыгылган нерсе узакка турган жер ириңдей баштайт. Андыктан дарыгерге кайрылуу керек.

БРОНХКО БИР НЕРСЕ КИРИП КЕТСЕ...

Оозго тыйын, топчу жана башка майда нерселерди салып ойноодо балдар аларды кокустан жутуп алышы мүмкүн. Алар колкого, бронхко тыгылып туруп калса дем алуу кыйындайт, адам ыкшып жөтөлөт, аба жетпегендиктен өңү көгөрөт. Бөтөн нерсе көпкө кармалса өпкө менен бронхтордун сезгенишин, өпкөдө ириңдүү шишиктерди пайда кылышы мүмкүн. Ал өмүргө коркунучтуу, врачка тезинен кайрылуу зарыл. Андыктан кичинекей балдарга майда нерселер менен ойноого тыюу салуу, ошондой эле жемиш, мөмөлөрдү бергенде данектерин алып таштоо керек.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 965, 3-9-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан