СҮЙҮҮ – БУЛ ЖҮРӨГҮҢ МЕНЕН ЖАШОО

Сүйүүсүз жашоо жеңил. Бирок ансыз жашоонун маңызы жок.

Лев Толстой

Кимдир бирөөгө бир аял жетишпей, улам башкасына өтөт. Ал эми башка бирөөгө аялын сүйүүгө бир өмүрү жетпейт.

Константин Хабенский

Сүйүп калуу деген – бул башкаларга салыштырууну токтотуу.

Бернар Грассе

Сүйүү кедейчилик менен тиш оорудан башканын баарын жеңет.

Марина Цветаева

Сүйүп калсаң өзүңдө ушундай сонун ааламды ачасың. Жадакалса ошончолук сүйө аларыңа өзүң да ишенбей кетесиң.

Антон Чехов

Аял – ыйык, ал эми сен сүйгөн аял эки эсе ыйык.

Александр Дюма

Сүйүү – бул акылды курчутуп, чыгармачылык фантазияны ойготуп эле тим болбой, бизди да тазалайт.

Пауло Коэльо

Чыныгы сүйүү бирөө гана, ал эми жасалмалары миң.

Франсуа де Ларошфуко

Сүйүү сымап сымал: аны муштумда мыкчып эмес, жазылган алаканда гана кармап тура аласың.

Дороти Паркер

Сүйүү – бул жүрөгүң менен жашоо. Дүйнөдө сезимдин бир гана мыйзамы бар, ал – сүйгөн адамыңа бакыт куруп берүү.

Жан Батист Анри Лакордер

Сүйүү өлүмдөн жана өлүм коркунучунан да күчтүү. Сүйүү менен гана жашоо кармалат жана уланат.

Иван Тургенев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 966, 10-16-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан