ITFC ЖАНА “КЫРГЫЗСТАН БАНКЫ” ПАНДЕМИЯДАН КИЙИН БИЗНЕСТИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРЕТ

“КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы” ААКсы Эл аралык ислам соода-каржылык корпорациясы (ITFC) менен сооданы каржылоо боюнча жаңы келишим түздү. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын кичи жана орто бизнес жааты ITFC’нин сооданы каржылоо механизминен 4 миллион АКШ доллар пайда көрө алат.

“КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы” ААКсы менен ITFC’нин ортосунда түзүлгөн сооданы каржылоо үчүн болгон жаңы келишим COVID-19 пандемиясынын кесепетине кабылган бизнестин субъектилерин калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет. Сооданы каржылоонун экинчи багыты болгон 4 миллион АКШ долларын түзгөн кредит орто жана чакан бизнес менен алектенген банктын кардарларын импорт жана экспортко чейинки керектөөлөрүн каржылоого багытталган.

Келишимге ITFC'нин соода-каржылык боюнча генералдык менеджери Абдихамид Авейс Абу менен Банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Дастан Курманбаев кол коюшкан. 2019-жылы ITFC менен Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосунда 150 миллион АКШ долларын камтыган 3 жылдык Рамкалык келишими эки тараптын мындан ары өлкөдө жеке ишкерликти өнүктүрүүсүнө жол ачат.

Келишим тууралуу айтып жатып Абдилхамид Авейс Абу буларга токтолду: “Кыргызстан коммерциялык банкы” ITFC’ге жеке ишкердикти өнүктүрүү аракетинде ишенимдүү өнөктөш болуп калды. Кыргыз Республикасында чакан жана орто бизнес тармагы жетиштүү өнүгө элек жана бул жаатта бир катар маселелер бар. Анын ичинде каржылоо маселесин да айтса болот. “КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы” ААКсы менен болгон бул келишим орто жана чакан бизнес субъектилеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн каржылоонун жетишсиздигин жоюуга багытталган”,- деди. Бул азыр – бизнес субъектилеринин пандемиянын кесепеттеринен чыгуунун айласын издеп жаткан кезде маанилүү. Соода каржылоо келишими соода мамилелерин өнүктүрүү аркылуу аймактык жана глобалдык өндүрүү-сатуу чынжырчасынын интеграциясын күчтөндүрүүгө мүмкүндүк берет.

“КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкынын” башкармалыгынын төрагасынын орун басары Дастан Курманбаев ITFC’ге кызматташууга жана орто, чакан бизнес субъектилерин каржылык жактан колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Муну менен бирге “Бул келишимге кол коюу менен ислам каржылоосу альтернативдүү болот жана Банктын кардарларына жеткиликтүү каржылоо булагы болуп берет деп үмүттөнөбүз”,- деди.

Эл аралык ислам соода-каржылык корпорациясы тууралуу (ITFC)

Эл аралык ислам соода-каржылык корпорациясы (ITFC) Ислам өнүктүрүү банкы (IsDB) тобунун мүчөсү болуп саналат. Бул ислам кызматташтык уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөрдүн арасында соода-сатыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Андыктан корпорация дүйнө элинин социалдык-экономикалык шарттарын жакшыртууга көмөкчү болууну максат кылат. Өз ишмердигин 2008-жылы январда баштаган ITFC ИКУнун мүчө өлкөлөрүнө 53,9 миллиард АКШ доллар каражат бөлгөн. Бул мүчө өлкөлөрдүн соода-сатыктагы каржылык маселелерин чечүүдө негизги курал болду. ИКУнун мүчө өлкөлөрү жана андан башка өлкөлөр үчүн соода-сатыкты өнүктүрүүнүн катализатору болуу миссиясы менен корпорация мүчө өлкөлөрдөгү уюмдарга соода-сатыкты жеткиликтүү каржылоого ээ болууга жардам берет. Мындан тышкары бул өлкөлөрдүн дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү болуусу үчүн соодадагы дараметин күчөтүүгө багытталган жол түзүп берет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 966, 10-16-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан