КӨЗҮ АЧЫКТАРДЫН АЛЛЕЯСЫНДА

Ушул тапта көзү ачык, бүбү-бакшы, экстрасенс, парапсихолог, деги койчу, “касиеттүүлөр” көп. Кимиси тубаса касиетке ээ экенин, кимиси мындай атка жамынып акча табууга кынык алганын айырмалап билүү мүмкүн эместей. Пайдалуу менен залалдууну ажыратып билүүгө жетишээрлик билими жок же врачтарга кайрылууга капчыгы жука болгон калктын аялуу катмары – ушундай “касиеттүүлөрдүн” олжолору. Чыныгы дарамети барлары жөнүндө кийинчерээк кеп козгойлу. Бул ирет атайын аттанып чыгып, бүгүнкү күндө “касиеттүүлөргө” жык толгон «Ош базарына» барып, алардын касиеттеринин деңгээли канчалык экенине өзүбүз күбө болуп, ал кызыктарды назарыңыздарга тартуулап турабыз.

“Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” болгон «Ош базары» кимдин кайсы максатта келгени менен иши болмок беле? Кадимки кыжы-кыйма калыбында анда иштеген ар бир пенде өз күнүн өткөзүп жатат. Айтылуу “Кыял” тараптан кирген узун жолго кичинекей алачыктарын тигип, стол үстүнө камчы, көз мончок, арча, адырашман, шам, туз, 41 таш, Куран китебин, бычак, теспе, айрымдары жыгачтан кесилип жасалган жылан өңдүүлөрдү коюп алып кардар күтүп отурган “касиеттүүлөр” дароо көзгө илинет. Буларды көрүп өзүндү бир бейтааныш дүйнөгө туш болгондой сезесиң. Мурда мындайларга кайрылып көрбөгөн жаным “эмне шылтоо айтсам?” деп келгенден бери эле ойлонгонум ошол. Аңгыча ойлонууга чамамды келтирбей “келегой, көңүлүңдү эзген маселеңди чечип берем, жок издесең, жоготконуңду таап берем” деген бирөө алачыгына жетелеп кирип кетти. Алачыктын сыртына реклама сындуу өзү жөнүндө кенен-чонон жазылып чапталган барактан менин жогумду таап бермекчи болгон бул айымдын аты Жамийла экендигин окууга үлгүрдүм. Мени маңдайына отургузуп алып дароо көзүн чала жумуп, ичинен күбүрөп-шыбырай бата тилеп ишке киришкен эжени чочулай карап, “мен акча жоготтум эле” деп жибердим оюма мындай жакшы шылтоо келгенине кубана.
– Өзүң ак сөөктөрдүн чүрпөсү экенсиң, ата-бабаларыңда ыйыктар бар экен, сенин да кыргызчылыгың бар...- деп сүйлөп кирген Жамийла эженин кебин бөлүп дагы кайталай кеттим.
– Эже, мен акча жоготконумдан улам келдим эле...
– Шашпай турбайсыңбы, менин төлгө ташым төп түшөт.
Кайрадан бир топко күбүрөнүп-шыбыранып алган соң шыбырай сүйлөп кирди. Бир кеби угулса, бир кеби угулбайт.
– Оголе көп суммада акча жоготуптурсуң, үйүңдө келим-кетим өтө көп тура...
– Үйүмө киши өтө эле аз келет, ошон үчүн да кыжаалат болуп жатпаймынбы.
– Ооба, мына таптым, өзүңдүн эле айланаңдагы жакын адамың, кара торусунан келген узун бойлуу, 27-28 жаштардагы жигит деп түшүп жатат. Абдан акча керек болуп кыйналганынан улам уурдаптыр. Өзүнүн деле акчасы бар, бирок, бирөөгө берип кайра алалбай жаткан экен. Сеникин болсо “тезирээк кайра ордуна коюп коёюн” деп далалат кылып жатат. Канча болду жоготконуңа?
– Үч күн.
– Ооба, ошондой. Эми төрт күн ичинде акча келет да, алган ордуна коюп коёт. Кайсы жакының экендигин билбей деле каласың.
– Эже, менин сиз сүрөттө­гөн­дөй жакыным жок да...
– Бар экен, ошентип түшүп жатпайбы, жакшылап ойлон.
– Анда милицияга билдирбей эле турушум керекпи?
– Ой, жо-ок, жакыныңды кантип милицияга бермек элең? Кыжаалат болбой, Кудай деп отура бер. Өзүңдүн ырыскыңа буюрган акча экен, кайтарып берет!
“Сөз бүттү” дегенди билгизе жүзүнө бата тартып, мени аңдый карап туруп калды. Сумкамды аңтара баштасам:
– Бизде мындай төлгө 50 сом,- деп жиберди чыдамсыздана.
Айткан акчасын колуна кармата “жоголгон акчамдын ызы-чуусуз табыла турганына” корстон боло чыга жө­нө­дүм.
– Тигил Анипа эжеге барсаң анын да төлгөсү дайыма төп түшөт,– деген төлгөчү мени катыра алдаганына маашыр боло кала берди. «Макул, Анипа эжесине да барса барып көрөлү, ырас ушунча келген соң»,- дедим анда ичимден.
“Бүткүл Кыргызстанга атагы чыккан, Теңир ыроологон касиети менен толгон-токой ооруларды айыктырып, качкан кутту үйлөргө кайра кууп киргизип, кеткен күйөөлөрдү, бакытты кайра кайтарып берээр” (алачыктын сыртына ушул өңдүү жарнама илиниптир) Анипа эжебиз шыпылдата төлгө ташын калчай: “Акчаң уже Кыргызстандан алыс кетиптир, ыплас ишке колдонулуп кеткен, эми кайтпайт”,- деп “балп” эткизип эсимди оодарды. Бул эженин “касиети” кымбатыраак, 70 сом экен, балээсине калбайын деп айткан суммасын колуна кармата сала тышка чыккыча шаштым.

“ЖАКЫНДА МАРШРУТКА АЛАСЫҢ...”

Сыртта орто жолдо ойлонуп турганым кандай кылаарын билбей алдастаган кишидей көрүндү белем, арыда алачыгынан баш баккан дагы бирөө: “Кел, жигит, көкүрө­гүңдө зылдай баскан кыйынчылыгың бар экен, экөөбүз сүйлөшө­лү”,- деп чакырып калды.
Мына, кайрадан тагдыр ташымды калчата, дагы бир “касиеттүүнүн” маңдайында отурам.
– Бешенең беш таш, беш таш – топ таш, маңдайыңа жазганы мына бул эки таш... - деп божурай узундан-узун “кириш сөзүн” айтып, көзүн сүзө менин тагдырымды калчап кирди.
– Өзүң эч бирөөгө зыяны жок, акыл- эстүү эле жан экенсиң. Көңүлүңдү бир нерсе эзип, өтө кыжаалат тартып жү­рүп­түрсүң. Ишиң кыйчалыштап, бардык кылган аракетиңден пайда чыкпай, себебин таппай жатасың. Сага катуу көз тийген. Өзүңдүн арууң бар экен. Ыпластыкты, жамандыкты көтөрө албайсың. Бирок, ошого маани бербей жүрөт турбайсыңбы. Сени көрө албагандар бар. Иштейсиңби?
“Ооба” деген сыңары баш ийкеп койдум.
– Мына, жумушуңда сени көрө албаган бирөө түшүп жатат. Сенин ал жерде иштешиңди каалабайт экен. Эмне жумуш кыласың?
– Айдоочумун.
– Жол-белде абайлап жүр. Сенин жолуңду ачыш керек. Алыс жолдорго көп чыгат экенсиң. Сага назары түш­көндөр көп. Алардын арасында көзү барлар да бар экен, ошол суук көз­дөрдү тазалоо керек. Эгер таба алсаң көз тикен, болбосо арча алып кел. Үч, болбосо жети ирет дем салып, арча менен көз тикенге дем салып дубалап берем, жолуң сен көр, мен көр ачылып, ишиң жүрүшүп кетет. Чоң машина алат окшойсуң, маршрутка сыяктанат...
Мынчалык калпты угуп көр­бөгөн экенмин, “айтканыңыз келсин, оомийин, кийинчерээк убакыт болгондо келип дем салдырып кетээрмин” деп, бул эженин да “ставкасы” 50 сом экен, кармата салып чыга жөнөдүм.

АЛЛЕЯДА ЦЫГАНДАР ДА ИШТЕШЕТ

Башкаларга байкатпай фотоаппаратын көтөргөн фотокабарчыбыз көлө­көдөй гана ээрчип, абайлай сүрөткө тартып жүргөн. Цыгандардын биздин “ачык көздүүлөргө” караганда кыраакыраак келишээрин биринчи жолу байкадым. Арыда орто жашап калган цыган аял менен жаш кыз “кел, алаканыңды ачып берем” деп өткөн-кеткендерди чакырып отурушкан, ошол аял:
– Ай, жигит, бери кел,- деп чакырып калды.
“Булар да төлгө ачып беришет го, булардыкын да угуп көрөйүнчү” деп барсам:
– Тигил фотограф шеригиңе айт, бизди тартып алды, өчүрүп салсын, болбосо жаман кылабыз,- деп коркутуп киришсе болобу. Эмне кылуу керектигин фотокабарчы экөөбүз көздө­рүбүз менен сүйлөшө калып жатканыбызды байкап отурушканын кара.
– Ооба, биз журналисттербиз. Репортаж даярдап жүргөнбүз. Бир аз маалымат берип өтпөйсүңөрбү. Канчадан бери иштейсиңер, кардарлар көппү, кимдер көп кайрылышат?
– Эч кандай жооп бербейбиз. Каалаган адамдар келип ачтырып кетишет, каалабагандарды кыйнамак белек, айтып кой сүрөтчү балаңа, бизди чыгарбасын, жаман кылабыз.
Кепке келбей чамынган цыган аялдын да “касиетин” байкап көргүм келип кетти.
– Макул, чыгарбаса чыгарбайлы, төлгө ачып бербейсиңерби?
– Кел, мен ачып берем,- деп шыпылдаган жаш кыз оң алаканымды ачып карап калды.
– Карта менен ачпайсыңарбы?
– Мындай деле боло берет. Сенин жашооң узак жана бактылуу болот. Бирок, тоскоолдуктар да көп болот. Мындан 2-3 жыл мурун кара чачтуу бир аял өлүк топурактан (анысы мүрзөнүн топурагы дегени экен) алып келип бут алдыңа чачып жиберген, сен байкабай басып алгансың. Аялдын аты 5 тамгадан турат, түшү­нүп атасыңбы эмне деп жатканымды? Ошол аял жолуңду бууп койгон. Аны кетирүү үчүн жакшы дуба бар, ошону окуу керек. 50 сом берсең окуп берем. Бул дубадан соң сага коргоочу дуба салуу керек, ал жалпысынан 150 сом болот. Ошентип, 200 сом берсең көп кыйынчылыктарыңды кетирип берем.
– Менде 200 сом жок, чоң кыз.
– Бар, тигил фотокабарчыңдан сурап кел...

“ЭЛДИ АЛДАП, КУЛАГЫНА “ЛАПША” ИЛИШЕТ” ДЕП ЖАЗГЫЛА!..”

Мындай “келечектүү” төлгө ачып бергени үчүн ыраазычылыгымды билдире ордумдан тураарым менен көзү ачыктардын алачыктары кыркалекей тизилген аллеядан ызы-чуу чыгып кетти.
– Эмне сүрөт­кө тартып жатасың? Сен кимсиң деги бизди сүрөт­кө тарткыдай?
Колду кош бөй­рөккө таяна бир алачыктан чыккан аял кыйкырып, фотокабарчыны каарып кирди. Ага эми экинчиси кошулду:
– Репортаж жасап жатышкан имиш. Эмне, “элди алдап, акчасын алып жатышат” деп жазасыңарбы? Жазгыла! Билгениңерди кылгыла, эмне кыла аласыңар! Жазгыла, “элди алдап, баарынын кулагына “лапша” илип жатышат” деп жазгыла! Колуңардан эмне келээрин көрөлү!
Кудай өзүң сактай көр! Эми эле Алла Таала деп көзүн сүзө касиеттерин көрсөтүп жаткан аялдар чаңыра базарды баштарына көтөрүп, тажаалдана каргап киришпедиби.
– Ой, буларга маани бербей эле койгула, төлгө ачабыз, көзү ачыкпыз, бүбү- бакшыбыз дегени менен арак ичишет,- арыда бизге көз салып турган сатуучу аял сүйлөнө кетти.
“Арак ичишет” десе өткөн айда эле уккан окуя көз алдыма тартылды. Базарга азык-түлүккө кеткен эжем өзүнчө эле сүйлөнүп, туталанып келген ошондо. Анын жашынан киренелеп калмай адаты барын жакшы билем. Айылда экенибизде эстеп, көзүнөн жаш агып, кыйнала баштаганда кошуна Айша апага кирене бастырып келип, жаны жай ала отуруп калаар эле. Бечара бул жолу да кыйналып, айласы кеткенде «Ош базарынын» бүгүн биз барган бул аллеясына барбаспы кирене бастырып алмакка.
– Жолдон эле бир лөкүйгөн киши дикилдете “мен басып берем” деп жетелеп жөнөдү. Же колумду тартып алганга күчүм жетсечи?! Бир алачыкка башбагып, анда отурган аялга: “Беш мүнөткө бошото турчу, кирене басып алайын”,- десе, тигиниси: “Батыраак бол, мен жыйнайм алачыкты”,- деп сүйлөнө чыгып кетти. Ал киши аракты болушунча ичип алган экен, “сүф, сүф” деп бетиме үйлөгөн сайын буркурап сасып, кусуп жибере жаздадым. Бата тилеп жатканында чөнтөгүмөн 20 сом чыгарсам батасын токтото салып: “Чоң кыз, мындай кирене басуу 50 сом”,- дебеспи. Айла жок, тартышып отургум келбей акчасын кармата салып качып чыктым,- деп эжем ыйлагыдай болуп келген.
– Эже, бул аймакта иштейт экенсиз, булардан бөлөк “жакшы айткандар” да барбы? Денсоолугум, эртеңим, дегеле өзүм жөнүн­дө сурап көр­сөм­бү деген кызыгуум да тарап кетти. Баары эле окшош кепти айта беришет турбайбы?
Сатуучу эже ойлонуп туруп: “Тигил эт саткан жакта бир аял бар, ошону туптуура айтат экен деп 2 жылдан бери эле дүң тү­шүп жатышат, балким ошого барып көрөөр­сүңөр”,– деп ал көзү ачыктын отурган жерине бараар жолду көрсөтүп берди.

КАЙРАДАН ЭЛЕ ЖОЛ АЧМАЙ...

Аталган жайда бир аял бал китебин ачып, нечен жандын келечек тагдырын, дартын айтып, далайынын кетип калган күйөө­лөрүн кайтарып, ысытма жасап сооп таап иштеп жатыптыр. Бул жерде тигил алачыктардагыдай эмес, 10 чакты адамдын артынан кезекке турууга туура келди. “Базарда эле иштеген адамдарбы?” деп абай салып, кезек күткөндөргө карадым. “Жок, юристмин” деп бирөөсү, “банкта иштейм” деп кычырай кийинген жапжаш кызы деле отурат. Алардын олуттуу түрүн көрүп: “Эми балээ басты. Чын эле көзү ачык болсо, “эмне шылдың кылгансып сынап келдиң?” деп беттен алса ит эле болом, жакшысы, келген максатымды ачык айтып кирейин”,- деп кабатырланып алдым.
Акыры кезек мага да келди. Салам айтып кирээрим менен эле бул эже ал- жайымды сурап кирди. (Айтымында, чоң кызматтарды ээлеген элитага да таанымал эле адам имиш. Тигинтип банктын, прокуратуранын кызматкерлери отурат. Ошончо адам келип жатса, “бул аял деле оңчулуктуу эч нерсе айта алган жок” десем отургандардын деми сууй турган өңдүү. Андыктан, эженин атын атаган жокмун).
– Кандайсың? Денсоолуктар, иштер? Эмне жаңылык?
“Балээ басты, дароо эле жаңылык сураган бул аял эми мени тааныйм деп чыгабы?”- деп ичимден чочулай жүзү­мө тигилген аялга:
– Жөн эле келгем, төлгө ачтырайын деп,- дей салдым.
41 ташын чачып, аны үчкө бөлүп, арыдан бир таякчаны алып кулагын чукуп, көзүн жумуп кыйлага отурган аял жанагыдай эле кеп-сөздөрдү божурап кирди. Кыжаалат болуп жатканымды, акча тартыштыгы ойлондуруп жаткандыгын (бүгүнкү заманда кимге эле акча жетиштүү болуп жатты эле?) айтып келип сурай кетти:
– Аялың кайда?
– Жок.
– Алыска кетти беле?
– Аялым жок дейм.
– А-а, үйлөнө элек турбайсыңбы. Мына, 2 таш түшүп жатат. Бири сенден улуу, үйбүлөлүү аял, экинчиси сенден кичүү. Экөө менен тең жакында таанышып, мамиле курасың. Сүйлөшкөн кызың барбы?
– Жок.
– Сенден жашы улуусу сага жакындоого аракет кылып жатат. Сен байкабай жүрөсүң. Эмне кызматта иштейсиң?– Журналистмин.
– Ошо дейм да, бир чоң салтанат болот экен. Ошол жерден сага жакшы жардамы тиер республикага төбөсү көрүнүп калган бир саясатчы, анан азыр иштери жакшы жүрүшпөй жаткан бизнесмен менен таанышасың. Алыста бир адам бар экен. Ошол келсе бүлө курсам деп жүрөт экенсиң. Сен студент кезиңде сени көрө албаган, кыска кара чачтуу, көзү жүлжүгүй кыз сага дуба окутуп жолуңду бууп салыптыр. Ошону ачтырышың керек экен. Иштериңдин оңолбой жатканы ошондон улам.
Айтор, тышта кезек күтүп отургандар ченемсиз ишенип жатышкан бул эжекенин деле акыркы кеби “сенин жолуңду ачыш керек” дегенге барып такалды. Бар болгон айырмасы, “кирене мынча, төлгө ачуу баланча” деп “касиетин” 5-10 сомго баалабайт экен. Бергениңди алат экен. Ошентсе да бата сурап жатканында менин 30 сом алып чыкканымды көрөөрү менен батасын бүтүрө салып: “Эми барагой, тышта клиенттерим күтүп калды”,- деп мени узаткыча шашканы байкалбай койгон жок.

ЭЧ БИРИ «КАЛП АЙТТЫҢ» ДЕП АБИЙИРИМДИ АЧПАДЫ

Бүгүнкү көргөн-билгенибизди талкуулай фотокабарчы экөөбүз келген жолубузга түштүк. Жаман оюмда “бири болбосо бири: “Эй, балакай, эмне акча жоготтум деп калп айтасың? Эч кандай акча жоготкон эмес турбайсыңбы?! Эмне, минтип бизди убара тарттырып, сынаганы же келеке кылганы келдиңби?”- деп опурулса кандай кыламын?” деп бара жатып чочулаганымды эстеп, мыйыгымдан жылмайдым. Кудай жалгап, эч бирөөсү менин абийиримди ачып ит кылышкан жок.
Ырас, илгертеден кыргызда эчен жылды алдын-ала айтып, тоголонгон 41 ташты таптак сүйлөткөн төлгөчүлөр, олуялар тамырды кармап, эмне болгон дарт, аны кандай дарылоо керегин эч кандай УЗИ, лабораториясыз эле билген табыптар болгон. Андайлардан азыр деле уучубуз куру эмес чыгаар. Бирок, эптеп тапкан акчасын илгери үмүткө жетелене жогорудагы сыяктуу “касиеттерге” алдатып алдырып жаткан замандаштарга боорум ооруду. Азыр табыпчылык, көзү ачыктык деген өнөр болбой эле кадимки кирешелүү бизнеске айланганын карапайым калк жакшы байкабай жатканы өкүнүчтүү.

Тагдыр ташын калчаткан Айбек Нурадилов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Таллас
2010-02-13 12:26:44
сонун материалдар экен. Эл окуп акыры анча мынчалары тушунуп калган чыгаар. Тиги секис пекистериненди эле эаза бербей ушундай маанилуу макала да жазаарынарга ишене берсек болот турбайбы.
0
№ 240, 8-14-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан