БИР БҮРКҮМ. ПРЕЗИДЕНТ ТҮРКИЯГА КЕТТИ...

  • Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан бюджетке 29 миллиард 395 миллион 480 миң сом киреше түшкөнү айтылды.
  • Фарид Ниязовду камакта кармоо мөөнөтү 2021-жылдын 10-августуна чейин узартылды.
  • Бишкекте 8-июнда катуу шамал болуп, 3 адам түрдүү жаракаттарды алды.
  • 2020-жылы “Кыргыз темир жолу” ишканасы аркылуу 7 миллион 306 миң тонна жүк ташылганы айтылды.
  • Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси кызматына юрист, БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин талапкерлиги каралууда.
  • Өлкөдө учурда илимдин 1072 доктору, 4854 кандидаты бар.
  • Президент Садыр Жапаров 9-июнда үч күндүк расмий иш сапары менен Түркияга барды.
  • Доскул Бекмурзаев энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды.
  • 32 жаштагы Аманат Сыдыков 7-июнда Балыкчы шаарынын мэри болуп шайланды.
  • Кара-Кулжа районунда УКМК тарабынан кармалып, 2 айга камакка алынган экс-төрага Асылбек Жээнбековдун тарапташтары жөө жүрүш жасашты.
  • Уланбек Калманбетов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды.
  • Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланды.
  • Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10,5 миллиард метр кубга жетти.

Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 966, 10-16-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан