Көп кырдуу талант, жазуучу, сатирик, куудул, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Рахман Разыков 7-июнда коронавирус илдетинен улам дүйнөдөн кайтты. Күлкү чачкан, элди чындыкты көргөнгө чакырган, куудулдар театрын түзүүчүлөрдүн бири болгон көрүнүктүү инсаныбыз 66 жашында акка моюн сунду. Артында 3 уул, 3 кызы, жубайы калды. Рахман агайды замандаштары, кесиптештери эскеришет.
Жамбыл Камчиев, куудул: “РАКЕ, МЕНИ ЖАЛАҢ АКМАКТАРГА ТАШТАДЫҢ ДЕП ЫЙЛАДЫМ”
– Рахман экөөбүз 1982-жылы декабрь айында таанышканбыз. Ошол убактан бери, 39 жыл бою айрылган жокпуз. Чыгармачылыкта бирде талашып, бирде жарашып үзөңгүлөш жүрдүк. “Аралаш” тобун Рахман экөөбүз түзгөнбүз. Рахман Разыков, Манас Бердибеков үчөөбүз обончу Жолдошбек Мамажанов менен чогуу иштеп гастролдорго чыгып жүрүп, бөлүнүп кеттик. Кийин Дөөлөт Мадымаевди кошуп алдык. Жолдош аке “эми силердин деле колуңардан келет, өзүңөрчө чыга бергиле” деп кеңешин берип, куудулдар өзүнчө кеттик. Көрсө, жалаң куудулдар деле концерт койсо болот экен. “Аралаш”, “Ар бир айдын алтысы” жана башка көп долбоор Рахманга таандык.
Рахмандын мүнөзү кызыктай эле, бирөөгө акча берсе доолап аркасынан түшчү эмес. Ар кимге акчасын берип коюп жүрө берчү, байкуш. Бирок өзү бирөөдөн карыз алса да кайтарып бергенди унутуп койчу (күлүп). “Сен менден албадың беле?” деп барганда араң эстечү. Кең пейил, айкөл эле, майда-чүйдөгө тызылдап кетпей калбаат басып кетчү. 15 күн мурун мени үйүнө чакырган. Ошондон үч күндөн кийин ооруп калыптыр. “Жаке, экөөбүз китеп жазабыз. “Аралаш” куудулдар тобунун мүчөлөрүнүн тарыхын жазып калтыралы, жөнөкөй эмес, эл боору эзилип күлгүдөй жазалы” деп идеясын айтканда экөөбүз отуруп алып бир аз жаздык. Каза болгондо уулу Каныбекке “ушул китепти бүтүрөлү” дедим. Өзү Жазуучулар союзунун мүчөсү болчу. Китептин бир тобун жазып койгон. Буюрса, өзү жок болсо да бүтүрүп чыгарабыз.
Рахмандын бир кызык жоругу бар эле, дааратканага кирип унитазга отуруп уктап калчу. Ачпай койчу. Уйкусу катуу эле, сөзсүз түрдө даараткананын эшигин талкалап кирип, анан ойготчу элек. Бир жолу “уктап алайын” деп таң атпай үйгө келиптир. Көрсө, конокко барып дагы дааратканада ошентип уктап калганда үй кожоюну эшигин талкалаптыр. Ал уялып меникине кетип калган экен. Аябай көп иштечү, балким, бул чарчаганданбы, же организмдин өзгөчөлүгүбү, билбейм. Аябай күлчү элек бул жоругуна.
Узатуу зыйнатында “Раке, ушунча акмактын арасына мени жалгыз таштап кеттиңби?” десем, жанымдагы куудулдар “бизби акмак?” деп капа болушту. Себеби Рахман экөөбүз бири-бирибизди аябай жакшы түшүнчү элек. Ойлорубуз бир чыкчу. Менин шакиртим да, устатым да эле. Бири-бирибизди жашоодо жана сахнада толуктап турчу элек. Билбегенге бир киши кетти дүйнөдөн, билгенге гениалдуу куудул кетти.
Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Эл артисти: “РАХМАН КАНТ ДИАБЕТИ МЕНЕН ООРУЧУ”
– Мен Рахман менен 1976-жылдары таанышкам. Анда Ош шаарындагы Музыкалык окуу жайда мугалим болуп иштечүмүн. Рахман Сельхоз техникумунда иштечү. Ал эстрадалык топтун мүчөсү экен, мен “Миң кыял” кыздар тобунун жетекчиси элем. Өнөр кемесине бир убакта отурдук. Чыгармачылык эле эмес, үй-бүлөлүк жакшы мамиледе болдук. Мага кыйын учурда кол сунган Рахман, жубайы Диля болор эле. Аларда кыйын учур болгондо мен жетип барчумун. Рахмандын эч кандай араздашууга барбаганы жакчу, дипломат болчу. Кандай абал болсо да күлкүсү, токтоо мүнөзү менен жайгарып кетчү. Башкалардан өзгөчөлөнүп “куудулмун” деген жаш балдардын баарын сахнага даярдачу. Сатирасын жазып, сахнада жүрүү маданиятын үйрөтүп, интермедияларына өзү режиссёр болуп, бышырып туруп элге чыгарчу. Жаныбек Алыкуловдон баштап аты чыккан куудулдун көбү Рахмандын колунан өттү. Жазуучу, сатирик, акын, режиссёр, актёр ушунун баары Рахман болчу. Мен анын жакшы акын экенин кийин билдим. Бир күнү сонун ырларды шатырата окуп жатат. “Кимдин ыры?” десем, “меники” дейт. Көрсө, ыр китебин чыгарып коюптур. Мага арнап атымды жазып, белекке берем деп даярдап коюптур. Ырларды жүрөккө жеткире жазат экен, дагы бир Рахмандын дүйнөсүн ачкандай болгом. Акыркы жолу Орозо айт күнү келди. Уулум Эркинге арнап куран окутуп, көпкө сүйлөшүп отурдук. “Куудулдардын башын бириктирсем, сатира театрын ачсам” деп идеяларын айтып отурду.
Рахман ооруп калганын социалдык тармактардан билип, дароо телефон чалдым. Аялы Диля экөө коронавирус жуктуруп алып ооруканага жатып калганына 10 күн болуптур. “Апей, айтып койбойт белең?” деп жекшемби күнү тамак киргизмей болдум. “Жакшыбыз, убара болбо” деди. “Эмне жейсиң?” десем, “колго түйүлгөн чүчпара алып келчи” деди. "Кызыл аймактан" киргизбей, тамакты берип коюп телефон чалдым. “Гүкүш, тамагыңды алдык” деди. Ошол түнү таңга маал каза болуп калыптыр (жашып). Укканда бир саат ыйладым. Андан мурун жубайы Диля менен телефон аркылуу сүйлөшкөм. “Эже, дарыгерлер жакшы дарылабай жатышат, биз баягыдай эле жатабыз. Жылыш жок” деген. “Айтпайсыңарбы, жылыш болбосо дарыларды алмаштыруу керек го” десем, “биз протоколду буза албайбыз деп коюшту” деди. Рахман кант диабети менен ооручу, дарылап жатканда бул нерсеге көңүл бурулбай калган окшойт. Диля азыр эс-учун билбей ооруканада жатат. Ыйлап, өзүн жоготуп койгондо тынчтандыруучу дары сайышыптыр. Казасына келген жок.
Кыргыздын бир мыкты уулу кетти арабыздан. Дагы далай иштери бар эле, көп нерсеге жетишпей калды.
Гүлжайна Атаканова, шакирти: “МЕНИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА АГАЙЫМ АЛЫП КЕЛГЕН”
– Рахман агайды эскерүү, ага “кош бол, агай” деп айтуу ушунчалык оор болуп жатат. Учурда тогуз айлык боюмда бар, ошол себептен Ошко узатуу зыйнатына бара албадым. Бишкекте куран окуп, эстедик. 12 жыл мурун Рахман агай менен “Бири куудул, бири ырчы” деген долбоор болуп жатканда филармониядан таанышып калганбыз.
“Мен куудул болгум келет. Бирок таанышым жок. Сахнага чыкканга жардам берсеңиз” деп эле түз айткам. Менин көңүлүмдү калтырбай дароо эле сахнада бастырып, роль ойнотуп көрдү. Жактым окшойт, ойлонуп туруп “Назира Жетигенова эжең менен бир ай гастролдоп кел. Байкайлы, өнөрүңдү алып кетсең, аракет кылсаң, топ ачып жаткам, сени алам” деди. Кийин агай “Беш абышка, беш кемпир” деген долбоор ачып, мени топтун мүчөсү кылды.
Агайымдын мага кылган жакшылыгын эч унутпайм. Эл мени таанып жатканы, чыгармачылыктагы ийгилигимдин башаты биринчи Кудай болсо, экинчиси Рахман агайым. Ал кең пейил, жүрөгү таза, көл киши эле. “Жардам берсем” дей берчү. Байсыңбы, кедейсиңби, улуусуңбу, кичүүсүңбү дебей элдин баарын бирдей көрчү. Чындыкты айта алган адам болчу. Азыр андай адамдар жокко эсе.
Ооруканада жатканда телефон чалып 2-3 жолу сүйлөштүм. Акыркы жолу сүйлөшкөндө “жакшымын” деди. Бирок үнү кыйналып чыгып жаткан. Каза болгонун угуп көпкө чейин ишене алган жокмун. Агайымдын жаткан жери жайлуу болсун, бейишин берсин!
“Супер-Инфо” гезитинин жамааты Рахман Разыковдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайсыгын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Нуржамал Жийдебаева