“Түндүктүк келин” тасмасындагы каардуу кайнеженин, “Арман” тасмасындагы ата-энесиз калган эки кичинекей баланын чоң энесинин ролун аткарган, Ош драма театрында 45 жылдан бери эмгектенип, 70ке жакын роль ойногон актриса Гүлжамал Абдыкадырованы маекке тарттык. Дагы да кыялындагы ролду эңсеп, ал үчүн аракет кылып жүргөн актриса менен жагымдуу баарлашуу болду.
– Гүлжамал эже, саламатсызбы? Маекти сиздин бала чагыңыздан баштасак...
– Саламатчылык. Мен 1956-жылы 9-июлда Ош облусундагы Алай районунда төрөлгөм. 3 бир туугандын экинчисимин. Атам мен 4 жашка чыкканда каза болгон. Апам аябай жумшак, бирөө менен уруша албаган киши болчу. Мектепте пол жуугуч болуп иштечү. Кичинемде апамдын тилин албаган кыз болчумун. Бешинчи же алтынчы класста болсом керек, апам экөөбүз дүкөнгө ун алганы барганбыз. Ошол жактан бир кызыл пальто көрүп калдым. Бир агайым ошол жакта жүргөн экен. Ал мага “мен сен болсом тиги пальтону алдырып киймекмин” деп койду. Ошол жерден “ошол пальтону кием” деп айкырып ыйлап алдырып алдым. Анан дүкөнчү “ачка отурмак белеңер, унду да ала бериңиз. Кийин төлөйсүз” деп ун да берген. Азыр апамды кыйнаганымды эстесем жүрөгүм ооруп кетет.
– Ошондо эле мектепте маданий иш-чараларда активдүү белеңиз?
– Ооба. Мектепте ырдачумун. Фрунзеге чейин барып келгенбиз. Бирок чыгармачылык менен кетем деген ой болгон эмес. Мектептен кийин Жалал-Абаддагы педагогикалык училищеге тапшырып өтпөй калдым. Апамдын көзү ачыктык жайы бар эле. Мен сынак тапшырганы кетип жатканда “ай, балам, барбай эле кой. Окууга өтпөй, акчаңды уурдатып кайра келесиң” деген. Ошондой болду. Мен болсо “өтөм, бир коюңузду сатып берип койсоңуз эмне болот эле?” деп ыйлап жатып кеткен болчумун. Андан кийин кооперативдик ийримде окуп, дүкөндө иштеп жүрүп эле Алайдагы элдик театрга ырчы болуп ишке кирип алдым. Бир жолу театрдан Ошко сынакка бардык. Ош театры мага сонун көрүндү. “Мынча сонун жер. Бул жерде кандай адамдар иштейт болду экен?” деп таң калгам. Мени режиссёр Искен Рыскулов чакырып, “биздин театрда иштегиң келеби?” деп сурап жатпайбы. “Ооба” десем, “жетекчиңе айтпа, мага таарынат. Унчукпай жумушуңдан эмгек өргүүсүн алып бул жакка келе бер” деди. Ошондо аябай сүйүндүм. Өмүрүмдө андай сүйүнгөн эмесмин. Алайга барып “мага өргүү бергиле” деп баштадым. Ошентип 1976-жылы Ош драма театрына жумушка кирдим. Ошондон бери ушул жакта иштейм.
– Актриса болуп кирдиңизби?
– Алгач аккомпаниатор болуп ишке кирдим. Артисттердин ойногонун карап, баарынын ролдорун жаттап алчумун. Бир жолу Шура деген эже ооруп калып, анын ордуна актриса издей башташты. “Жаңырык” деген спектакль болчу. Шура эже сары келиндин ролун ойночу. Алар “эмне кылабыз?” деп жатканда “мен ойнойм” деп чыга калдым. Ошол алгачкы ролум болду. Актрисалыкты Эл артисттери Гүлайым Каниметова, Назира Мамбетова, Турганбүбү Бообекова колумдан жетелеп жүрүп үйрөтүштү, жол көрсөтүштү. Менин мугалимдерим ошолор, ошолордун институтун бүтүргөм. Чыгармачылыкка баш-отуң менен кирип алсаң кайра чыгыш кыйын экен. Бул айыкпас оору болуп калат тура.
– Чыгармачылыкты таштап кеткиңиз келди беле?
– Эл соода-сатык кыла баштаганда мен да Орусияга кеткем. 1 ай араң чыдадым. Кетким келет, шылтоо жок. Бир күнү театрдан “Курманжан датка жок болуп кыйналып жатабыз” деп чалып калды. Дароо эле “барайынбы?” дедим. “Келбесең болбойт” дешти эле, ошол күнү кечинде билет алып, 3 күндөн кийин келип калдым.
– 45 жылдан бери сахнада экенсиз, 70ке жакын ролуңуз бар экен. Өзүңүзгө эң жакканы кайсы роль болду?
– Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдыры” спектаклинде Оңолкандын ролун ойнодум. Ошол роль үчүн Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыкты алдым. Башка театрларда ал ролду Эл артисти Гүлшара Дуулатова, Эл баатыры Сабира Күмүшалиевалар ойношкон. Корифейлердин ойногон ролун фестивалга барып алардын алдында ойногонумду элестете бер. Жоопкерчиликтүү нерсе да. Фестивалда коюлганда баары жакшы сөздөрүн айтышкан. Султан Раевдин “Кашар” пьесасындагы Батманын ролун ойнодум. Ал спектакль менен Казакстанда өткөн фестивалга барып, Гран-прини алып келгенбиз. Аябай кубанычтуу учур болгон. Казактар оңой менен Гран-прини бербейт. Мурза Гапаровдун “Өлгүм келет, спонсор керек” пьесасында Мадинанын, Султан Раевдин “Оо, кыздар” пьесасында Флюранын ролун аткардым. Ушул ролдорум жагат.
– Кыялыңызда ойногуңуз келген роль барбы?
– Андай ар бир артистте болсо керек. Бала кезимден Мустай Каримдин “Ай тутулган түндө” деген спектаклинде Таңгабийкенин ролун ойногум келчү. Аябай жагат. Гүлшара Дуулатованын ойногонун кызыгып көрчүмүн. Пьеса даяр. Бирок эгер ушул ролду ойнош үчүн спектаклди өзүм койдурсам, киреше булагын өзүм табышым керек. 200-300 миң сомдой акча керек. Койдуруп алсам жакшы болмок. Дагы аракет кылам. Кыялымда мындан башка да ролдор көп.
– Кинодогу ролдоруңуз тууралуу сүйлөшсөк. “Арман” фильминдеги чоң апанын ролу тасмадагы алгачкы тажрыйбаңызбы?
– Ооба. Ошондогу кичинекей балдардын бири өзүмдүн неберем. Ал кыз бала. Бирок эркек баланын ролун ойногон. Бир кичинекей баланы 2-3 күн момпосуй алып берип ээрчитип жүрдүм. Ал мага көнбөй, “эне” дебей койду. Анан неберемдин “эне” деп мага чуркап келгенин көрүп режиссёр “небереңизди тартабыз” деген. Ал неберем азыр 9-класстын базасы менен 1-курсту аяктады. Тасма чыккандан кийин неберемдин чоң таенеси менен таятасы “экинчи мындай кинолорго тарттырбай эле койчу, жүрөгүбүз ооруду” дешкен. “Армандан” кийин “Талак”, “Кайып булак”, “Түндүктүк келин” тасмаларына тартылдым.
– “Түндүктүк келинге” кантип тартылып калдыңыз?
– Мен грим жасап эле жүргөм. Ошол процессте “кайнеженин ролун ойноп берип коюңуз” деп калышты, ойнодум. Бир жеринен сөздөн адашып, “ии, өля, бадырың баш” деп алып жатпаймынбы. “Кайра тарталы” десек, режиссёр “сонун болду, калтырабыз” деп калтырып койгон. Анан жаңы келген келиндин аш басып келген жери бар го. Ашты алып келсе, биз жан талашып жеп салганбыз (күлүп). Ал жерин да 2-3 дубль менен тартышты. Акыркы дублдарда аз эле аш калган.
– Дагы кандай кызыктар болду эле?
– Рахман Разыков комик болчу. Гүлшайыр менен Рахмандын бир төшөктө жаткан жери бар го. Рахман “Гүлшайыр экөөбүз бир эле жууркан жамыналы” десе, Гүлшайыр “турчу ары, болбойт андай, тартылбайм анда” деп баштады. Рахман да “мен дагы ойнобойм, Жамбыл Камчиевди алып келип ойното бер” дейт. Режиссёр “Рахман аке, кино бүтөйүн деп жатса, сиз ойнобойм дегениңиз кандай?” десе, Рахман “Гүлшайыр Рахман менен ажырашып кетип, кийин Жамбылга тийип алган деп коёсуң да” деп күлдүргөн.
– Арты кайырлуу болсун, Рахман Разыковдон айрылып калдык...
– Экөөбүз курдаш болдук. Бир кезде Манас Бердибеков, Рахман Разыков болуп чогуу жүрүп калдык. Рахман кыргызга бир келген талант эле. Сатирасы, актёрдук чеберчилиги күчтүү болчу. Чоң жоготууга учурадык. Мүнөзү жумшак, адамдын көңүлүн калтырбаган ак көңүл киши болчу. Жаткан жери жайлуу болсун.
– Жашоодо кандай кайнеже, кайненесиз?
– Ак көңүлмүн. Келиндерге эч качан катуу айтпайм, жумшабайм. Өзүм эле кыла берем. "Түндүктүк келиндегидей" каардуу эмес, жушмакмын.
– Сизди калың элге “Түндүктүк келин” таанытты дегенге кошуласызбы?
– Жок. Кино жаатында, балким, ошондой болгондур. Бирок ага чейин театрда көп роль ойнодум. Тескерисинче, театрдан көп таанылдым.
– Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз.
– Бир уулум, 3 неберем бар. Жолдошум экөөбүз жаш кезибизде эки ажырым жолго түшкөнбүз.
– Маегиңизге рахмат. Ден соолукта болуңуз!
Перизат Музуратбекова