ТҮПКҮ ТЕГИ ЕНИСЕЙЛИК КЫРГЫЗДАР БОЛГОН ШОР ЭЛИ

Өздөрүн шор-кижи, тадар-кижи аташкан шор эли Орусиянын Тоолуу Шория (Батыш Сибирь) аймагында жашап, Томь дарыясынын жана анын куймаларынын тегеректерин байырлашат. Түрк тилдүү эл. Тили жагынан алтай жана хакас элине жакын.

Элинин жалпы саны – 14000-16000. Көпчүлүгү Кемер шаарында жашашат. Андан сырткары Хакасия жана Алтайда, Красноярск менен Алтай крайында да кездешет. Шорлор 2 этнографиялык топко бөлүнөт. Биринчиси – тоо-тайга түштүк тобу, булар өздөрүнүн түпкү тегин енисейлик кыргыздар деп эсептешет. Экинчи топ – түндүк токой-талаа тобу, алар шордун абин тукумунан таралганбыз дешет.

Цивилизация шорлорду өз жерлеринен сүрүп, маданиятын акырындап жок кылып бара жатат. Азыр шорлор этносун сактоо үчүн болгон аракетин жумшап жатышат. Алыскы айылдарында жарык жок. Учурда элинин көбү шахталарда иштейт. Балык уулап, аңчылык кылып жан баккандары, Шерегеш деген жериндеги тоо-лыжа курортунда иштегендери да бар. Элинин көбү орусча сүйлөйт, тактап айтканда, 60 пайызга жакыны орус тилин өз тили катары эсептейт.

Дини православ болуп эсептелгени менен, факты боюнча теңирчиликти тутунушат. Алардын түшүнүгү менен аалам 3 катмардан турат: өлгөндөрдүн жери (улген жер), биз жашаган жер жана кара күчтөр жашаган жер. Шорлор өздөрүнүн диний жөрөлгөлөрүнө ээ. Мисалы, матанын кесиндилерин ыйык деп саналган кайыңдарга байлашат. Байлаардан мурун ичтеринен тилек айтышат. Байлаган соң "эми менин тилегимди колдоочулар укту, алар тилегимдин ишке ашышына жардам беришет" деп ырымдашат.

Майрамдарына келсек, 21-мартта чыл-паши (жыл башы) майрамын майрамдашат. Бул алардын Ноорузу десек болот. Бул күнү алар үйлөрүнөн даярдап кыркып келишкен кара тасмаларды отко ыргытышат. Бул оору-сыркоо, жаман нерселер кетсин деген ырымы.

18-январда “мылтык пайрамы” (мылтык майрамы) өткөрүлөт. Качандыр бир кезде аңчылык шорлордун жашоосунда эң чоң роль ойногон. Тыйын чычкан, кундуз атып, киш, коёнго капкан коюп, кереңкурларды кыл тузак менен кармашчу. Баалуу аң-терилерди сатып, түшкөн акчага керектүүлөрүн сатып алып турушкан. Бул майрам ошол убактан калган. Майрамда аңчылар мылтыктары менен асманды көздөй атышып, “аңчылыктан жолдуу болуп, үйгө аман-эсен келип жүрөлү” деп тилек айтышат. Бардык үйлөрдө чүчпара жасалат жана анын кээ бирлеринин ичине майда нерселерди, мисалы, тыйын, кагаз, топчу салып коюшат. Алар кимдин тамагынан табылса, ошого жараша муну алдыда мындай нерселер күтөт деп болжолдошот.

Шор-пайрам – малчылык, дыйканчылыкка арналган майрам. Сулуулар жана узун чачтуулар сыяктуу кароо-сынактар өтөт.

Шорлордун айрым сөздөрү кыргыздардыкына окшошуп кетет. Айтсак, чананы – чана, бычакты – пычак, талканды – талкан, жылкы этин – согум, сууну – суу, ач көздү – ашкарак, айранды – айран, бозону – боза, атаны – аба, ата-энени – аба-иче, алаканды – алаккан, аралашты – арлаш, ачыткыны – ачытка дешет.

Уул балдарына Амас, Арук, Канза, Керат, Мустаккай, Очан, Саппаш, Содан, Талай, Толай, Тоттолуш, Шадраш, ал эми кыздарына Атлас, Байгаш, Безари, Еленек, Иркиней, Карлыгаш сыяктуу аттарды коюшат.

Ашканасына келсек, талкандан жарма жасап, ит мурун, сары чай чөптөн чай демдеп ичишет. Бозону күн суукта, квасты жайында, каттаманы конок келгенде жасашат. Тутмаш тамагы кесмелүү шорпо, этти болсо каймакка кууруп жешет. Чүчпараны сүткө бышырышат жана анын туурамжысына куурулуп, майдаланган кедр жаңгагын кошуп жиберишет. Быжыны кан, ал эми эт кошулуп бышырылган нанды этпетертпек деп атап, сүйүп жешет.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 966, 10-16-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан