ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

ШОКОЛАД ТҮСТҮҮ БАКА ТАБЫЛДЫ

Жаңы Гвинеядан шоколад өңдөгү бака австралиялык окумуштуу Стив Ричардс тарабынан табылды. Биринчи жолу бака анын көзүнө 2016-жылы илинген. Бака карматпай качып кеткен. Экспедициянын жүрүшүндө окумуштуу бакалардын ткандарынын үлгүлөрүн чогултуп, үндөрүн жазып алган. Генетикалык изилдөөлөрдүн натыйжасында эксперттер "шоколад" бака австралиялык бакалардын "тууганы" деген бүтүмгө келишти.

Бака крокодилдер байырлаган саздак жерлерде жашайт, андыктан аны көрүү кыйынга турат. Стив Ричардс кесиптеши Пол Оливер менен биргеликте амфибиянын 200гө жакын жаңы түрүн аныктаган.

ЖУБАЙЛАР 1 ЖЫЛДА КАРЫН ЭНЕЛЕРДЕН 20 БАЛАЛУУ БОЛУШТУ

Орусияда төрөлгөн 23 жаштагы Кристина Өзтүрк 57 жаштагы миллионер түрк күйөөсү Галип Өзтүрк экөө көп балалуу болуу кыялын карын энелер аркылуу ишке ашырышты. Экөө 2020-жылы Мустафа аттуу уулдуу болушкан. Кристинанын ага чейин 6 жашар кызы бар болчу. Галип болсо аялын 9 баласы менен таштап кеткен. Мустафадан кийин жубайлар кайрадан балалуу болууну каалашат. Ишкер карын энелерге 14 миллион сомдон ашык төлөп берип, үй-бүлөсүн 20 бала менен толуктады. Балдардын кичүүлөрү 4 айлык, улуулары 1 жаш 2 айлык. Жубайлардын үйүндө 16 үй кызматкери бар.


Жолдубек Качкынбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 966, 10-16-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан