СЫРТЫ КЫРТЫЛДАК, ИЧИ ЖУМШАК, МММ…

Сырты кыртылдак, ичи жумшак, ширелүү тоок эттерин, балыкты, сыр таякчаларын сүйүп жейсизби? Аларды упаланган нан күкүмдөрүнө, ун, крахмал сыяктуу азыктарга оонатып алып майга бышырууда ширеси, пайдалуу заттар сакталат. Мындай жол менен жасалган даамдарды сиз да үйрөнүп алыңыз.

СЫР ТАЯКЧАЛАРЫ

Керектелүүчү азыктар:

Сыр – 250 грамм

Жумуртка – 2 даана

Ун – 100 грамм

Упаланган нан күкүмдөрү – 100 грамм

Паприка – 1 чай кашык

Картошка крахмалы – 1 аш кашык

Сарымсак – 2 тишче

Өсүмдүк майы – 50 миллилитр

Даярдоо ыкмасы:

1. Сырды бир сантиметр калыңдыктагы таякчаларга бөлүп алабыз.

2. Упаланган нан күкүмүнө паприка, майдаланган сарымсакты жана крахмалды кошуп аралаштырабыз.

3. Жумурткаларды чагып, чалып алабыз.

4. Сыр таякчаларын алгач унга оонатып, анан жумурткага малып, андан соң упаланган нан күкүмдөрүнө оонатабыз. Аларды кайрадан жумурткага малып, упаланган нан күкүмүнө экинчи жолу оонатабыз.

5. Көмөч казанга майды куюп, ысыган кезде сыр таякчаларын салып эки тарабынан кызартып алабыз. Закускени каалаган соуска малып жесеңиз болот.

“ТАКТАГЫ ХАН”

Керектелүүчү азыктар

Тооктун буту (голень) – 6 даана

Айран – 150 миллилитр

Сарымсак – 2 тишче

Жүгөрү уну – 5 аш кашык

Өсүмдүк майы – 50 миллилитр

Каттама камыр – 200 грамм

Жумуртка – 1 даана

Туз, мурч, калемпир – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Таза жуулган тоок буттарын чуңкур идишке салып, үстүнө айранды куюп, туз, татымалдарды себелеп, майдаланган сарымсакты кошуп аралаштырып, 1-2 саатка маринаддап коёбуз.

2. Маринаддалган тоок буттарын жүгөрү унуна оонатабыз. Жүгөрү унунун ордуна буудай унун колдонсоңуз болот.

3. Көмөч казандагы ысыган майга тооктун буттарын кызарта бышырып алабыз.

4. Каттама камырдын ачытылганын да, ачытылбаганын да колдонсоңуз болот. Аны бир эли калыңдыкта жайып, 8х8 сантиметрден 6 чарчы бөлүккө бөлөбүз. Камырды майланган электр табасына салып, үстүнө тоок буттарын матыра басып тургузабыз. Тоок буттарынын ачык баштары күйүп кетпеши үчүн фольга менен ороп коюңуз. Камырга жумуртканын сарысынан сүйкөйбүз да, 180 градуста ысып турган электр мешине салып 25 мүнөт бышырабыз. Такта отурган хандай көрүнгөн тамагыбыз даяр.

КАРТОШКА ТАЯКЧАЛАРЫ

Керектелүүчү азыктар:

Картошка – 400 грамм

Колбаса – 100 грамм

Каймак – 1 аш кашык

Катуу сыр – 150 грамм

Жумуртка – 2 даана

Ун – 50 грамм

Упаланган нан күкүмдөрү – 100 грамм

Өсүмдүк майы – 70 миллилитр

Петрушка – 4-5 талча

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Картошканын кабыгын аарчып, бөлүктөргө бөлүп, туз татытылган сууга салабыз. 20 мүнөттөй кайнап бышкан соң чыгарып эзип, муздатабыз.

2. Колбасаны жука кесип, майда туурайбыз. Петрушканы да майда туурап, буларды картошка пюресине кошобуз. Каймакты да салып аралаштырабыз.

3. Аралашманы 6-8 бөлүккө бөлүп, алаканыңызга салып калыңдыгын бир эли кылып сүйрү формага келтириңиз. Сырды узун кесип, ар биринин ортосуна коюп, сыр көрүнбөгүдөй кылып ороп чыгабыз.

4. Жумуртканы чоңураак идишке чагып, чалып алабыз. Картошка таякчаларын унга оонатып, анан жумурткага салып, андан соң упаланган нан күкүмдөрүнө жакшылап оонатабыз.

5. Көмөч казандагы ысыган майга картошка таякчаларын салып, орточо отто бардык тарабын кызарта бышырып алабыз. Көмөч казандын капкагын жаппаңыз, болбосо картошка буудан улам ажырап баштайт. Даяр болгон картошка таякчаларын ар кандай соустар менен дасторконго сунсаңыз болот.

УПАЛАНГАН НАН КҮКҮМҮН ҮЙ ШАРТЫНДА ЖАСОО

Бөлкө нанды же кандай нан болбосун жарымын алып, 2х2 өлчөмүндөгү чарчы бөлүктөргө бөлөсүз. Аларды электр табасына салып, 200 градуста ысып турган электр мешине салып 10-12 мүнөт кызартып алыңыз. Чыгарып муздаган соң блендерге салып майдалаңыз. Болбосо целлофан баштыкка салып үстүнөн үбөлүк менен майдаласаңыз болот.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 966, 10-16-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан