АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Ой-оой, сенин боюң кайда барат? Укмуш чоңойгон турбайсыңбы.
Арстан атамдын көзүнчө өзүн дайыма ушундай кармап, мага жаш баладай мамиле кылып, чычалата берет. Балким, сезимин жашыруунун амалын таппай жиниме тиеттир.
– Караңызчы, эки жыл мурун менин белимден келер эле, эми теңелип калыптыр.
Белимден келет? Эмнелерди эле балдырап жатат мобу? Болдучу эми, көп сүйлөп жибердиң. Суранам, бир мүнөт, бир секунд унчукпай, көздөрүмө тиктеп тура турчу. Экөөбүздүн жолугушуубузду мындай элестеткен эмесмин. Кайрылып ушул көздөрдү көргөнүмө кубанып, ичимден миң бир сөздү айтып жалынсам да, үн чыгара албай тура бердим. Менин абалымды башкага жоруган атам чыга жөнөдү.
– Жүрө гой, Арстан, уйкуда жаткан карындашыңдын жүрөгүн түшүрдүк окшойт. Жакшылап ойгонуп, чачы-башын оңдоп алып чыксын.
Атамдын артынан айласыз ээрчиген Арстан мага көзүн кыса тийишип калды. Ошондо гана чачым саксайып, жайылуу экенин байкадым. “Келди, мен үчүн ошончо аралык жол басып, окуусунан суранып келди!” Буттарым титирей, алсырап төшөгүмө отура калдым. Бул күн кайрадан менин туулган күнүм болчу.
– Сенин ичиң тышыңда. Ушинтип бирөө-жарым эскертти беле?
Түндө көчө тараптагы жыгач отургучка кобурашып отуралы деп чыкканыбызда Арстан мурдагыдай өзүн коомай кармабай, мени бооруна кыса кучактап алды.
– Кандайча сыртымда?
– Керек учурда эмоцияны жаап-жашырганды билбейсиң. Жашсың да, жашсың. Бара-бара үйрөнүп кетесиң.
Эмнеле кыйын болот, бул мага?!
– Ме сага, жашты!
Мени чычалатканга аракет кылып, жылмайып күлүп отурган Арстанды күч менен түртүп жибердим.
– Жана атамдын көзүнчө мейличи деп койсо, эмне эле мага чоң болосуң? Болгону, үч жаш айырмаң бар. Ошолбу, сенин болгон улуулугуң?!
– Охоо, мүнөзүбүз да өзгөрүп­түр. Та-ак, дагы эмнең өзгөрдү экен, кана, мени карачы?
Бултуңдаганыма койбой кош колдой жүзүмдөн кармап, көпкө чейин тигилип туруп калды. Кудай, ай, кандай жыргал?! Мобул көздөрдүн мээримине бөлөнүп, андан өзүңдү көрүп турган кандай жыргал? Сиздер Арстанды көргөн эмессиздер да. Ушунчалык жылуу, керек учурда от чачкан каректерин кантип сүрөттөп берсем?
Ушул учурда таптакыр мен күтпөгөн, ойлогонго да даабаган иш болуп кетти. Аны менен тиктешүүгө чыдай албай, саамга көзүмдү жуумп жибергем. Көзүмдү ачпай туруп анын ысык эриндерин сездим. Ал эриндер мени шашпай, жыргап өөп жатты. Каршы болдуңбу дейсиздерби? Албетте, каршы болгон жокмун. Жүзүмдү буруп кетүүгө алым да, эрким да жеткен жок.
– Өзүмдү кармап жүрүүдөн чарчадым. Өзүмдү өзүм алдагандан чарчадым. Эки жыл бою келбеди, жайкы каникулга келсе болмок деп таарынгандырсың? Билем, таарындың, куса болдуң. Кечир, кайдан-жайдан пайда болуп, сенин тынч турмушуңа да бүлүк түшүрдүм. Мындан ары чыдай албайм. Туулган күнүңө келсемби-келбесемби деп ойлонуп жатып чарчадым. Алгач барбай эле коёюн деп чечкем. Кайдан? 13ү жакындаган сайын өзүмө өзүм батпай, улам календарды карап “ии, дагы убакыт бар экен” деп отуруп, акыры билет алдым. Мени кечир.
– Неге? Неге сен менден кечирим сурашың керек? Экөөбүз­дүн атабыз бир же энебиз бир болбосо. Кудай бизди ушундай шартта жолуктуруп койсо, сен кайсы күнөөң үчүн менден кечирим сурашың керек?
– Акылдуум менин. Жашсың деп калп эле жиниңе тием да. Мендей он жигитти отургузуп коёр акылың бар. Баса, тигил телефонду ким сатып берди?
Мен баарынан ушул суроодон коркком. Кызык, бир күнөө кылып коюп, анан шаштым кетсе да болор эле. Атамдарга го, туулган күнүмө белек кылышты деп кутулдум. Бирок Арстанды минтип алдай албайсың. Баягы окуяны баштан аяк айтып берүүгө аргасыз болдум.
Унчукпай кабак түйүп отуруп, сөзүмдү аягына чейин укту.
– Кел, экөөбүз бир нерсеге макулдашабыз.
– Макул.
Эмне экенин билбей туруп макул болдум. Арстан жаман нерсени айтмак беле?
– Мындан ары менден бөлөк эч бир жигиттен кымбат баалуу белек албайсың.
– Бул эмне дегениң? Кайдагы жигит? Айттым го, чоң киши экен деп.
– Дегеле эскертейин дегеним да. Мейли чоң киши, мейли жаш жигит, мейли арык, мейли курсактуу болсун. Эч биринен кымбат баалуу белек албайсың. Сүйлөштүкпү?
– Сүйлөштүк... Бирок айттым го, ал байке сендей кызыма алганмын деп...
– Макул, макул, анысына түшүндүм.
Урушат деп ойлогом. Бирок кайдагы бир чоң кишиден кызганып, кызаңдайт деп түк ойлобоптурмун. Арстандын реакциясын көрүп, ал кишини кийин сулуулар сынагынан да көргөнүмдү айтпай койдум.
Мен десем, Арстан менден өткөн кежир. Бир айтканын бербейт. Телефондун баянын угуп кыжынып алган ал кой дегениме болбой, Бишкекке барып башка аппаратка алмаштырып берди. Эринбеген жан да, айла жок, күлүп эле кала бердим.
Экөөбүз күнү кечке сейил бакта жүрдүк. Атам, Ажар, айылдаш, классташтардын көздөрү жок жерде чогуу жүргөн сонун экен. Анан кыйылганыма карабай, атасынын үйүнө жетелеп барды. Атасы жакшы эле киши көрүнөт, бирок анын аялы бир көргөндө эле жакпады. Биз барганда атасы жумуштан келе элек экен. Кантсе да көп жыл колунда өскөн баласы го, Арстанды жактырбаса да, күйөөсүнүн урматы үчүн жаш жигит менен тирешпей, жылуу кабыл алып койсо болбойбу. Эшикти ачып, ит келдиби, куш келдиби дебей, баш ийкеп коюп гана басып кетти. Он жаштагы иниси болсо, короону башына көтөрө кыйкырып келип Арстандын моюнуна асылды. Балакай агасын абдан сагынган экен, жанынан кетпей жебиреп, болгон жаңылыгын айтып берүүгө үлгүрдү. Арстан менен атасы экөөнүн мамилеси да өтө жылуу эмес экендиги көрүнүп турат. Ооба, аялындай болбой, кабинетине киргизип алып кобурашып ал-жай сураганга жарады дечи. Кетерибизде Арстандын чөнтөгүнө калың конверт салып берди. Менин билишимче, каражат жагынан уулун өксү кылбайт. Аны көргөн тигил аялдын көзү чанагынан чыгып кете жаздады.
– Атама сен жактың.
Таксиде, айылга кайтып келе жатканда Арстандын ийинине жөлөнө көшүп кетиптирмин. Анын сөзүнө чочуп кеттим.
– Кандайча? Сен ага бирдеме айттыңбы?
–­ Ооба,“апамдын жаңы күйөө­сүнүн кызы. Ушул кыз болбосо, ал үйдө да жашай алмак эмесмин, эч бир адамды мынча жакшы көрбөгөм” дедим.
– Анан, атаң эмне деди?

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kubanychbekkagan
2010-11-06 08:35:40
Кундон кунго тажабай, тамак ичей окуйт элем!!!!!!!!!
0
Expert
2010-11-12 17:13:13
Мдааа, сонун чыгарма. Жаштар учун кызыктуу,толкунданткан окуя болсо,чондор учун качанкы бир убакта башына тушкон алгачкы тунук суйуусун эскерте турган жагымдуу баян...
0
№ 418, 5-11-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан