Бул жолу мен билген күчтүү айымдардын бири конокто. Акын, драматург, убагында кыргыз сериалдарынын башатында турган “Чиркин өмүр”, "Апамдын махабаты" сериалдарынын жарык көрүшүнө себепчи болгон Жеңишгүл Өзүбекова бизге чоң жаңылыгы менен келип отурат. Жеңишгүл эженин ал жаңылыгы, дүйнө таанымы, акындыгы, жеке жашоосу тууралуу өзгөчө маекке көңүл буруңуз.
– Жеңишгүл эже, саламатсызбы? Сөзүбүздүн башында эле оор жоготууңуздун арты кайырлуу болсун дейли. Коомдук ишмер, мамлекеттин көрүнүктүү инсаны, өмүрлүк жарыңыз Ташбоо Жумагуловдун былтыр көзү өтүп кетти...
– Рахмат, мен үчүн өтө оор жоготуу болду. 40 жыл чогуу жашадык. Ташыкем кыргызда экинин бири болгон мыкты инсан эле. Канатым, сынчым, колдоочум, сүрөөчүм болчу. Күтүүсүз кетип калганы мени мүңкүрөттү. Москва шаарында дарыланып жатканда көзү өтүп кетти, анын үстүнө дүйнөнү коронавирус каптап турган, чычкандын мурду жөргөлөп чек арадан өтө албай турган учурга туш келди. “Жарымдын далысы Ала-Тоону жазданып, өз топурагында көмүлсө мен ыйлабайм” деп өзүмө сөз бергем. Балекеттинби, эстеген сайын ыйлайт экенсиң. Өзү менен үзөңгүлөш жүргөн бийликте тургандардын жардамы менен сөөгү алып келинип "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
– Кайрат кылыңыз. Чыгармачылыгыңызда жакшы иш баштап жатыптырсыз. 2000-жылдары кыргыз сериалдарынын башында сиз тургансыз. Эми кайра шымаланып киришип жаткан экенсиз...
– Дүйнө жүзүндө сериал эң чоң киноиндустрия болуп жатат. Бизде гана жок. Мамлекет үчүн бул чоң саясат. Байкаган адамга эл башчылары Путин, Эрдоган сериалдарды ички саясатында кандай колдонуп жатат? Сериал ар бир эшикке суранбай эле кирип, адамдардын аң-сезимин буруп жатат. Кубалап көрүп жатышат. Элге тиешелүү маселелерди, руханий азыкты, чыныгы жашоону сериал аркылуу берүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ушундан улам жаңы сериал тартып жатабыз. “Жалбыз” деп аталат, 1-сезону тартылды. Элге күз айларында тартуу кылабыз.
– Чоң ишке белсенип жатыптырсыз. Тартуучу топту чогултуу кыйын болдубу?
– 2000-жылы кыргыз сериалдарын тартып баштагам, ошондо күчтүү команда түзгөм. Жаңыланып, кайра чогулдук. Режиссёру Мурат Мамбетов. Сериалдын сценарийин 7 айда жазып бүттүм. Каражат жагын айтсам, өжөрлөнүп, колдо бар нерсебиз менен баштап кеттик. Уучубуз куру эмес экен, байлыгын байпагына катпаган, 2-3төн аял албаган, жүрөгү эл деп соккон жигиттер бар экен. “Кур талаага мээнет кыл, Кудай берсин акыңды” дегендей, мен сыяктуу чыгармачыл адамдарды колдоочулардын жардамы менен илгерилеп жатабыз.
– Түрк, корей сериалдары ар бирибиздин үйүбүздө жашап жатат. “Жалбыз” алар менен тең тайлаша алабы?
– “Жалбыз” татыктуу кармаша алат. Кыргыз көрүүчүлөрүн сууруп алып, өзүн сүйдүрө алат. Техникалык жактан жакшы жабдылган, идеясы күчтүү сериал. Жалбыз кыздын аты, ал ролду Алтынай Муканбетова, терс каармандын ролун Таазим Уметалиева ойнойт. Экөө тең таланттуу актрисалар. Кыргыздын мыкты жигитинин образы бар, сериал бүткөндөн кийин жигиттин баары Эдил болгусу келип калат го (күлүп). Өтө күчтүү образ. Башкасы сыр болуп турсун.
– Эмнеге ушунча жыл сериал тартпай жаттыңыз? Эмнеден токтоду бул иш?
– Колубуз менен кызыл чокту кармап кыргыз сериалын өжөрлүк менен баштап алганбыз. Кичине каражат менен 7-8 долбоор чыгардык. Жолго түшүп калдык эле, КТРге бир жетекчи келди. Бузуучу жетекчи да, түзүүчү жетекчи да болот экен. Бир адамдын айынан өтө көп таланттуу адамдар көчөдө калды. Себепсиз, далилсиз көп нерсени кыйратып салды. Асанкан Жумакматовдун оркестри, “Учур” театры жоголду. “Студия жашашы керек, мен жакпай жатсам жетекчиликтен кетейин” деп кетип калдым. Баары бир талкаланды.
– Келиңиз, чыгармачылыгыңызга кайталы. Асылбек Өзүбеков иниңиз ырчы, актёр. Сиз акын, драматургсуз. Сиздерге таланттын үрөнү кайдан себилди?
– Чоң энем Бурулча кыйын кошокчу эле. Таятам менен таенем Каракол шаарында театрда иштеген алгачкы кыргыз актёрлору болгон экен. Ошолордон Асылбек экөөбүзгө жукса керек, эки иним тынч эле жүрөт (күлүп).
– Көп адам жазып акындыгын байкап көрөт. Драма жазууга көп батынбаса керек? Сиз кантип баштап калдыңыз?
– 7-класстан бери ыр жазам. Ырга катуу кызыктым. Бирок кыялымда актриса болгум келчү. Театрды мен сүйгөндөй дагы ким сүйө алды билбейм, укмуш жакшы көрчү элем. Апам актриса болушума караманча каршы болду. Асылбектин бул кесипти тандаганын деле жактырбады, ошентсе да ага анча каршылык көрсөткөн жок. Апам мени саясий карьера жасайт деп ойлочу. “Кыйын кыз, ошол жакка барса” деп кыялданса керек. Андыктан “тарых факультетине тапшыр” деди, жакшы окучу элем, каалабагандыктан атайын эле кулап калдым. Бир жыл арзыган театрымда иштеп калдым. Актриса болдум, бирок мага театрдын ички атмосферасы жаккан жок. Интрига, көрө албастык, жашпы, карыбы бири-бирине жакшылык каалабайт экен. Жан дүйнөмө туура келген жок, кийин журналистикага тапшырдым. Менин театрга болгон сүйүүм драматургияга өтүп кетти. Токтоболот Абдумомунов устатым болуп калды. “Карагыз”, “Апамдын махабаты” драмаларым аншлаг менен театрларга коюлуп жатты. “Карагыздын” таасири ушунчалык эле, коюлуп бүткөндөн кийин адамдар ордуларынан тура албай ой басып калышчу. Кийин “Карагызды” Геннадий Базаров кино кылып тартты, “Апамдын махабатын” сериал кылып тарттык.
– “Апамдын махабаты” сиздин апаңыздын башынан өткөн окуя дешет...
– Жок, андай эмес (күлүп). “Апамдын махабаты” сериалынын бет ачары болуп жатканда апама сөз берсек, өтө тамашакөй адам эле, “кызым менин тагдырымды жазып койгон тура” деп тамашалап жатпайбы. “Апа, эл түз кабыл алат тамашаңызды” деген элем. Ошондон бул сөз тарап кеткен. “Апамдын махабаты”, “Карагыз” экөө тең турмушта болгон окуялар. Эки окуяны тең жүрөгүмдө жашатып, толгонуп жатып алып чыккам.
– Ырларыңыздын баарын жаттап алчу элем. Эң жакканы “Сыңар сөйкө”. Тарыхын айтып берсеңиз...
– Жолдошум мыкты жигит эле, жүргөн-турганы, аялдарга болгон сыйы, айтор, айымдын көзүнө түшө турган адам болчу. Мен жанында жүрсөм деле ээрчип алгандар болчу (күлүп). Бир күнү көйнөгүн алып колго жууюн деп жатсам төш чөнтөгүндө бир сөйкө жүрөт. Текчеге коюп ары өтүп карайм, бери өтүп карайм. Көкүрөгүмдө ыр пайда болду.
Көгүлтүр таш чөгөрүлгөн сыңар сөйкө,
Көзүм түштү керемет көркөмүңө.
Күйүттүү бир суроомдун жообун берчи,
Кантип түштүң күйөөмдүн чөнтөгүнө?
Эркелейм деп түшүрүп алды бекен,
Эзилсин деп атайын салды бекен?
Ээн жерде сырдашып жүргөн айым
Эстүү бекен же эске жарды бекен?
Сыңар сөйкө, сөзгө кел, сырдашалы,
Эч ким билбес купуя сырды ачалы.
Менин күйөөм комузун алган кезде
Сенин ээң да кошулуп ырдашабы?
Унчукпасаң унчукпа, кайта баргын,
Ушул сөздү унутпай айта баргын –
Эрмектешсе жүргөндүр эрмектешип,
Mени сүйбөй калганын байкабадым.
Ыр чыккандан кийин ичим бөксөрүп, суроо деле бергим келбей калды. Көйнөктү жууп, үтүктөп, чөнтөгүнө баягы сөйкөнү кайра салып койдум. Кечинде келгенде карасам баягы жок (күлүп). “Ии, ырас болуптур” деп койдум. Ал кезде биздин отуруштар боло турган, ошол жакка барып “жаңы ыр жаздым” дедим. “Окуп бер” дешкенде “Сыңар сөйкөнү” окудум. Жолдошум төрдө отурат, башын буруп кетти. Машинага түштүк, унчукпадым, үйгө келдик унчукпадым. “Качан баштайт?” деп кыжалат болду, сөздү башкага буруп туруп алдым. Ортодо эч сөз болгон жок, бирок бүт Кыргызстанга жайып ийдим (күлүп). Ырас эле жайыптырмын, ыр көп үй-бүлөнү сактап калганга жардам берген экен.
– Сөз баккан адам менен баарлашкан сонун. Дагы далай маек алабыз деп ойлойм. Бул жолу “Жалбызга” ийгилик каалап коштошолу!
Нуржамал Жийдебаева