ТУЗДУН ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

Ар өлкөнүн эли тамак-ашка түрдүү азыктарды колдонуп келет. Бирок кандай тамак-аш болбосун, алардын ар бирине кошула турган зат бар. Ал – туз. Туз химияда натрий хлориди деп аталат. Суюк, коюу тамактардан тарта таттуу токочторго чейин кошулган дал ушул туздун ден соолукка таасири тууралуу сөз козгойбуз.

ТУЗ ЭМНЕ ҮЧҮН КЕРЕК?
Туз тамактын даамын гана чыгарбастан, адамдын организминин жашап турушу үчүн керек. Так айтканда, кандын курамындагы гемоглобиндин жашашы үчүн зарыл. Ошондой эле туз ашказанда туз кислотасын жаратат. Бул кислотасыз тамак-аш эрибейт. Ал гана эмес, тамак-аштын сиңүүсү үчүн кажет болгон шилекейдин активдүү бөлүнүшүн да шарттайт.
Кан басымдын калыпта болушу үчүн да туздун таасири бар.
Туздун курамындагы натрий кан тамырларды анда топтолуп калган майлардан тазалоо үчүн да керек.

ДЕНЕБИЗДЕ КАНЧА ТУЗ БАР?
Биздин денебизде туздун өлчөмү орточо эсеп менен 150-300 граммдын тегерегинде. Мунун канча бир бөлүгү денеден күнүгө сыртка бөлүнүп чыгып турат. Мисалы, тер, көз жаш, заара аркылуу. Адам ысытмалаганда же кара жумуш кылганда туз денеден тер, ал эми ич өткөндө суюктук аркылуу көбүрөөк бөлүнүп чыгып кетет. Мындай учурда организмдеги туздун өлчөмүн калыбына келтирүү керек. Мисалы, ич өткөндө атайын туздуу порошокту (регидрон) ичүү кажет.

ТУЗ ЖЕТИШСИЗ БОЛСО...
Денеде туз жетишсиз болгон учурда жаңы клеткалар бөлүнүп чыкпай калат. Клеткалардын өсүүсү да чектелет. Бул акырында клеткалардын өлүүсүнө алып келүүсү мүмкүн.
Туздун жетишсиздигинен булчуң менен мээ жабыркайт. Тактап айтканда, нерв жана психикалык оорулар жаралып, булчуңдар жакшы иштебей калат. Тамак-аштын сиңиши абдан кыйындап, анорексия келип чыгат.
Өнөкөткө айланган туздун жетишсиздиги адамды өлүмгө учуратат.

АШЫКЧА БОЛСО КАНДАЙ ООРУЛАР ЖАРАЛАТ?
Туз организмдеги суу балансынын бир калыпта кармалып турушу үчүн керек. Бирок ашыкча туз зыяндуу. Не дегенде, ашыкча туз сууну сыртка чыгарбай, клеткаларда жана кан тамырларда кармап калат. Ошол себептен адам шишип, салмагы чоңоёт, кан басым көтөрүлөт. Ашказан рагынын жаралышынын да бир себеби – туздун ашыкчалыгы.
Жүрөк-кан тамыр, остеопороз, бөйрөк жана көздүн айрым ооруларынын жаралышына да туздун ашыкчалыгы күнөөлүү. Туздун топтолуп калышынан улам да муундардын оорулары (анын ичинде кызыл жүгүрүк) жаралып, керектүү гормондордун бөлүнүп чыгуусу бузулат.
Жогоруда аталган оорулары барлар дартынан айыгуу үчүн тузду аз колдонуулары кажет. Оорусу жоктор дарт жаралбашы үчүн тузду жана туздалган азыктарды да (колбаса, туздалган балык, бадыраң, помидор ж.б.) чени менен кабыл алгандары оң.

АШЫКЧА ТУЗДАРДАН КУТУЛУУНУН ЖОЛУ
Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, бир күндүк тамак-аштагы туздун өлчөмү 10-12 граммдан (жалпысынан 1 чай кашык) ашпоосу кажет.
Ашыкча туздардан кутулуунун жолу бар. Ал үчүн курамында калий көп болгон азыктарды: помидор, өрүк как, духовкага бышырылган картошканы жеш керек.
Сельдерейдин тамыры да ашыкча тузду чыгарат. Ал үчүн тамырын эт майдалагычтан өткөрүп, ага бир кочуш жаңгак жана 2 аш кашык бал кошуңуз. Даамдуу аралашманы тамактан 1 саат мурун 1 аш кашыктан жеш керек. Дарылануу курсу 1 ай.

ТУЗДУН ӨЛЧӨМҮН АЗАЙТУУ ҮЧҮН...

  • Фаст-фуд, картошка калдыркандары (чипсы), туздалган жаңгак жана крекерлерди мүмкүн болушунча жебей эле койгон оң. Анткени буларда туздун өлчөмү көп.
  • Майонездердин курамында туз көп. Андыктан салаттарга лимон ширесин эле колдонуңуз.
  • Туздалган бадыраң жана помидорлорду эңсеген учурда гана аз өлчөмдө жеген туура.
  • 1 килограмм жашылча-жемиште адамга бир күнгө керектүү туздун өлчөмү бар. Алар: кызылча, сабиз, шалгам, таттуу картошка (батат же топинамбур), бадыраң, алма, жүзүм. Эгер булардын кайсы бирин болсо да тамак-ашка көбүрөөк колдонсоңуз, анда тамакка тузду аз салыңыз.

ТУЗДУН ТҮРЛӨРҮ
Туздар таш (ашкана тузу) жана деңиз туздары болуп бөлүнөт.
Таш туздар соолуп калган деңиз­дер­дин ордунан казылып алынат. Өндүрүлгөн туз эленип, жуулат жана талкаланат. Анан туз катып кетпеши үчүн магний же кальций карбонаты кошулушу мүмкүн.
Сатыкта йоддолгон туздар да бар. Бул туз богок оорусунун алдын алуу үчүн абдан керектүү. Курамындагы йод учуп кетпеши үчүн оозу бекем жабыла турган идиште сактоо керек.
Тиш бекем болуп, түшпөөсү үчүн Шамшыкал же Кара-Кочкордун тузу менен тамак жегенден соң чайкап коюу керек. Гайморитте жана мурун бүтүүдө сууга эритип алып, мурунду чайкоо кажет.
Деңиз тузу көбүнчө дарылыкка колдонулат. Анткени курамында таш тузга караганда минералдык заттар жана микроэлементтер көп.
Суук тийгенде ваннадагы сууга кошуп жатса, айыгууга салым кошот. Өнөкөт гайморитте да деңиз тузун сууга эритип, мурунду чайкоо сунушталат.
Туз менен дарылоо жана туз шахталары тууралуу кененирээк кийинки сандарда баяндайбыз.

КЫЗЫКТУУ

  • Ар бир адам бир жылда 6-8 килограмм туз колдонот.
  • Күнүгө дамамат 30 граммдан же андан ашык туз колдонуу өлүмгө алып келет.
  • Деңиз тузунда Менделеевдин мезгилдик системасындагы 84 элемент жана 200гө жакын химиялык кошулмалар бар.
  • Туз эригенде жылуулукту бөлүп чыгарат. Андыктан көбүнчө тамак бат бышсын үчүн сууга ирик тузду салып жиберишет.


Билип ал

ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШТЕРДИН РОЛУ
Кызыл өңдөгү жашылчалар (кызылча, болгар калемпири, помидор) кандын айланышын жакшыртып, ишке жөндөмдүүлүктү арттырат.
Кызгылт-сары өңдөгүлөр (кур­ма, шабдалы, ашкабак, мандарин, сабиз) нерв клеткаларынын калыпка келүүсүнө таасир этип, булчуңдун иштөөсүн жакшыртат. Сексуалдуулукту жогорулатып, маанайды көтөрөт, баш ооруну басат.
Сары өңдөгүлөр (лимон, ананас, сары алма, банан, сыр, жумуртканын сарысы) тамак-аштын сиңишин жакшыртат, ичтейди ачып, энергия менен жабдыйт. Кандын убагы менен тазаланышына да салым кошот.
Ак өңдөгүлөр (күрүч, сарымсак, капуста, сүт жана сүт азыктары: быштак, айран, сүзмө) адамдын нервин тынчтандырып, кыжырланууну таратат. Организмдеги ууларды чыгарат.
Жашыл өңдөгүлөр (салат, көк чөптөр, броколли, жашыл нокот, көк алма) мээге азык болуп, активдүүлүктү күчөтүп, чыңалууну жоёт. Буларды жегенден кийин адам сергип, ойлоосу жакшыра түшөт.
Жашыл өңдөгү жашылчалардын башкы касиети – кандын курамындагы гемоглобиндин иштелип чыгышына өбөлгө болушунда.
Көк өңдөгүлөр (күңүрт өңдө­­гү жүзүм, көк кабыктуу картошка) кан тамырлардын иштешин жөнгө салып, көрүүнү жакшыртат.

Aйганым Байдөөлөт кызы
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ainura85
2012-12-22 19:06:19
raxmat super infogo!!!
+1
kapitan050868
2014-10-18 08:47:18
Рахмат Супер инфого
+1
№ 418, 5-11-ноябрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан