«BTS» 8 ЖАШТА!

“BTS” десе Түштүк Кореяны, Түштүк Корея десе “BTS” тобун элестеткендер көп. Бул топ өз өлкөсүнүн маданият айдыңындагы визиттик картасы болуп калганы талашсыз. 2013-жылы 13-июнда дебют кылган топ быйыл 8 жашын белгиледи. 8 жылдык чыгармачылык чыйыр, дүйнөлүк атактуулук, ийгилик, байлык... Бүгүнкү макаладан Кыргыз өлкөсүнөн да көптөгөн күйөрмандарды тапкан “BTS” тобунун кызыктуу таржымалын окуй аласыз.

2013-2014-ЖЫЛДАР

Big Hit Entertainment агенттиги балдардан куралган топ түзүү ниети менен 2010-жылдан баштап таланттуу жигиттерди чогултуп баштаган. 2012-жылы топтун курамы такталып, ага 7 ырчы жигит кирген. 2013-жылы 13-июнда “ВТS” тобу дебют жасап, ошол эле жылы “Эң мыкты жаңы артист” сыйлыгын эңип кетишкен.

Кийинки эле жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айлары “ВТS” дүйнөлүк турнеге чыгып, Кореядан сырткары Таиланд, Япония, Филиппин, Сингапур, Малайзия өлкөлөрүн кыдырып концерт койгон.

2015-2016-ЖЫЛДАР

2015-жылы "The Most Beautiful Moment in Life, Part 1" деген аталышта чыккан 3-альбом америкалык Fuse телеканалынын тандоосу менен “2015-жылдын мыкты альбомдорунун” катарына кирет. Бул корей музыканттарынын арасынан 1-жолу америкалык телеканалдын тизмесине илинген альбом эле. Ушул эле жылы Латын Америка, АКШ, Австралия, Япония өлкөлөрүн кыдырып койгон концерттерге билет калбай, топтун популярдуулугу күндөн күнгө өсө берди.

Ар бир чыгарган ыры 50дөн ашуун өлкөнүн хит-параддарында лидерликти бербей, ар бир “үтүк” “ВТS’ти” ырдап калган. Интернеттеги кароолор миллиондорду камтып, “ВТS” – корей музыкасынын революционери атка конгон.

2017-2018-ЖЫЛДАР

“Wings: You Never Walk Alone” альбомуна алдын ала буюртма бергендердин саны 700 миңден ашкан. Ал эми «Spring Day» ыры Melon санарип чартына чыкканда жүктөп алуулардын саны көптүгүнөн чарт көтөрө албай, сайттын иши убактылуу үзгүлтүккө учураган. Бул эки жыл аралыгында топ 50гө жакын өлкөнү кыдырып, барган жеринде 100 миңдеген көрүүчүлөрдүн алдында концерт коюп, аншлаг менен сапарын улап отурушту.

2019-2020-2021-ЖЫЛДАР

2019-жылы корей музыкасынын тарыхында алгачкы ирет деп жазылып кала турган иш-чара болуп, “ВТS” америкалык “Грэмми” музыкалык сыйлыгына чакыруу алды. Ал эми “Map of the Soul: Persona” альбому бир айга жетпеген убакытта Түштүк Кореяда эле 3 миллиондон ашык нускада сатылып, кайрадан рекорд койгон.

2020-жылы топ кайрадан “Грэммиге” чакырылып, бул ирет сахнада ырчылар Билли Рэй Сайрус жана Lil Nas X менен биргеликте ырдап чыгышты. Бул сыйлык тапшыруу аземинин сахнасында ырдаган алгачкы корей ырчылары эле.

2021-жылы топ 3-ирет “Грэммиге” барды. Бул ирет алар номинацияда эле. “Дуэт же топтун мыкты поп-аткаруусу” номинациясында «Dynamite» ыры менен катышкан “ВТS” жеңишти Леди Гага менен Ариана Грандеге алдырып жиберди. Бирок кайгырууга себеп жок, мындай алдыга жылуу менен топ бул сыйлыкты сөзсүз алат.

ИЙГИЛИК АЧКЫЧЫ ARMY

Чынында “ВТS’ти” “ВТS” кылган анын күйөрмандары. Өздөрүн ARMY атаган күйөрмандар экиге бөлүнөт: мага окшогон жөнөкөйлөрү “ВТS’тин” жаңы ыры чыкты. Баланча киного тартылыптыр, тигинткен жатыптыр” деп жаңылыктарын окуп, ырларын угуп, клиптерин көрүп коёт. Ал эми расмий ARMY’лердин катарына кошулам дегендер акы төлөшү керек. Фан-базага кирүүнүн баасы 20-150 долларга чейин делет. Расмий күйөрмандарга концертке билет алууда же башка иш-чараларда атайын жеңилдиктер берилет. Мисалы, 2020-жылы октябрда өткөн 2 күндүк онлайн концертте ARMY’лер билет баасы үчүн 26, жөнөкөй күйөрмандар болсо 35 доллар төлөштү. Концертке 191 өлкөдөн 1 миллионго жакын көрүүчү күбө болгон.

Кызыгы, “ВТS’тин” күйөрмандарынын саны боюнча Түштүк Корея 2-гана орунда. 1-сыйлуу орунда Филиппиндеги ARMY’лер. Андан кийинки орундарда Таиланд, Вьетнам, Индонезия жана башкалар турат.

“ВТS” – МИЛЛИОНЕР

“Форбс” журналы “ВТS” тобунун 2019-жылдагы кирешесин 57 миллион АКШ доллары деп эсептеп чыгып, эң көп каражат тапкан дүйнөлүк музыканттардын арасынан 43-орунду берген. Ал эми көп каражат тапкан топтордун арасында “ВТS” 1-орунда. 2020-жылы топтун кирешеси 70 миллион доллар деп саналды. Албетте, мунун ичинен мамлекетке салык, компаниянын үлүшү, кайрымдуулук иштерине жана башкаларга болуп отуруп топтун мүчөлөрүнө азыраак сумма калат. Ошентсе да алардын ар бири учурда миллионер. Өздөрү эле эмес, Big Hit агенттигинин ээсин да эсепсиз байлыкка ээ кылышты. Ал эми мамлекеттин казынасына топтун эсебинен жылына 4 миллиард доллардан ашык каражат түшөрү айтылат. Өлкөгө келген ар бир онунчу турист “ВТS’ке” кызыкканы үчүн келгенин айтат. Демек, алар бир гана маданиятты эмес, туризмди да өнүктүрүүгө салым кошуп жатышат.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
1211
2022-01-29 13:34:36
чонгук
0
№ 967, 17-23-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан