Бул ирет төкмө акын Асылбек Маратов менен жакындан тааныштырабыз. Билбегендер да болсо керек, ал айтылуу ойчул, философ, төкмө акын Арстанбек Буйлаш уулунун урпагы болот. Асылбек мырза айтышып гана тим болбостон, “Айтыш” фондунун уюштуруу иштери менен да алек болуп тең төрагалык кызматты аткарып келет.
БАЙЛЫК, БИЙЛИККЕ КЫЗЫКПАГАН АСЫЛБЕК МАРАТОВ ТУУРАЛУУ
Аты-жөнү: Асылбек Маратов
Туулган жери: Нарын облусу, Нарын шаары
Туулган жылы: 1990-жыл, 11-март
Билими: Улуттук Консерваториянын элдик ырдоо бөлүмүн бүтүргөн
Учурда: 2016-жылдан бери “Айтыш” коомдук фондунун тең төрагасы, төкмө акын
– Арыбаңыз, Асылбек мырза! Алгач алдыда боло турган айтыш тууралуу айтып берсеңиз.
– Бар болуңуз. “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгына, Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналган республикалык айтыш 20-июнда Улуттук филармонияда болгону турат. 19-июнда “Манас” кинотеатрында тандоо туру болот. Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте өткөрүлүп жатат. Байге фонду 1 миллион сом.
– Айтышка чыгып жатканда азыр деле сүрдөйсүзбү же көнүп калдыңызбы?
– Сүрдөйм. Сүр болбосо ыр чыкпайт. Кичинемде “ырчыны, акынды сүр басып турбаса ал ырчы эмес, акын эмес” деп улуулардын айтканын укчумун. Сүрдөгөндүн ошончолук жоопкерчилиги бар.
– Төкмөлүк каныңызда бар экен, Арстанбек Буйлаш уулунун урпагы экенсиз...
– Ооба. Бир жолу Таласта айтыш болуп жатса бирөө устатым Элмирбек Иманалиевге карата Эшмамбеттин жээни деп, башка бирөө мени Арстанбектин урпагы деп ырдап калышты. Анда төкмө акын Абдылда Нуралиев “бирөө баланчанын жээни, бирөө түкүнчөнүн урпагы, мен жөн эле колхозчунун баласы” деп ырдап жатпайбы. Анын сыңарындай, мен деле жөнөкөй үй-бүлөнүн баласымын. Жети атамды санасам, бешинчи атам кадимки олуя, заманчыл чоң төкмө Арстанбек Буйлаш уулу болот. 2005-жылы Арстанбек атабыздын 180 жылдыгына арналган чоң айтыш болду. Ошол айтышка таенем алып барган. Ал убакта айтышчу эмесмин, күү чертчүмүн. Байге тапшырарда мени чакырышып, 7 атамды санатышты. “Бешинчи атам Арстанбек” десем, баары кол чабышкан. Ал жактан Нурак Абдырахмановдун “Улуу тоолор” күүсүн черткем. “Айтыш” фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз агабыз комуз белек кылып, аны устатым Элмирбек Иманалиев чоң сахнадан тапшырган. Айтыштан кийин үйдөгүлөр "балабызга бата алып берип коёлу" деп улуу акындарды чакырып коноктогон эле. Мага белек кылган комуз менен Эстебес атабыз төгүп ырдап батасын берген. Ошол залкарлардын батасы тийди деп ойлойм. Аздыр-көптүр аралашып, аракет кылып келе жатабыз. Замирбек Үсөнбаев агабыз “мен азыр жамакчы элемин, мурдагылар төкмө болгон” дейт. Заманыбыздын залкары Замирбек агабыз жамакчымын деп жаткандан кийин биз жөн эле төкмөлүктүн фанатыбызбы деп калам. Жамандыр-жакшыдыр жамактап ырдап келатабыз.
– Айтыштарда көпчүлүк учурда алдыңкы орундарды ээлейсиз...
– Негизгиси баш байге эмес. Жакшы айтышып баш байге алышың мүмкүн. Бирок эки сап ырың, бир ооз сөзүң элдин эсинде калбаса жаман болосуң. Кээ бир төкмөлөр баш байге алышпайт. Бирок айтылган сөзү эл ичинде макал болуп айтылып калат. Мисалы, устатыбыздын “Чечилчү иштер сот менен, чечилип калды ок менен”, “Бөлөктөн карыз көп алды, бөрүлөр тоноп жеп алды. Жаттан карыз көп алды, жанкечтилер жеп алды” деген саптары элдин эсинде калды. Макал болуп айтылып калган сөздөрү да көп.
– 10 күндүк айтыштар азыр кандай болуп жатат?
– Мурда жакшы өтчү. Төкмөлөр “Элмирбек деген отурат” деп жан үрөп даярданып, айтышышчу. Жаш шакирттер устаттарга жакканга далалат кылышчу. “Устатым эмне дейт, кандай кеңеш берет?” деп алоолонгон учур болчу. Устатыбыз каза болгондон кийин солгунураак өтүп калды. Баягыдай “Элмирбек отурат” деген нерсе жок болуп калды окшойт. Же маанайлары жок жүрүшөбү? Бул да өтүп кетет, буюрса. Устатыбыз жок деп чөгүп кетүү туура эмес. Арбагы тирүү болсо керек. Устаттан шакирт ашат дейт, аша албасак да жолун улап, ырын ырдап жүрүшүбүз керек.
– Шакирттери табынан тая түштү деген кептер айтылып жатат...
– Ал чындык. Аны өзүбүз да көрүп жатабыз. Устаттын жоктугу билинет экен. Дагы далай билинсе керек.
– Төкмөлөрдүн эки топко бөлүнүп калганы айтыштарда, концертте билинет...
– Кыргыз ушундай экен, көбөйгөн жерде бөлүнүү болот. Мурда “Айтыш” фонддо төкмөлөр аз болуп, ошондо “эки топко бөлүнүп алып айтышсак” деп кыялданышчу экен. Кийин төкмөлөр көбөйдү. 2016-жылы Көчмөндөр оюндарында чыр болуп кетти. Ошондон кийин экиге бөлүнүп калдык. Ага чейин “Айтыш" фондунда чогуу эле жүрчүбүз. Андан кийин деле фонддун эшиги ар бир төкмө үчүн ачык, баарынын келгенге, сабак алганга укуктары бар. Жашоо ушул экен, бирөө диний жолдо, экинчиси дагы башка жолдо жүргүсү келет экен. Төкмөлөр бөлүнгөнү менен, айтыш бөлүнбөйт. Канчага бөлүнсөк да, төкмөлүк өнөрдүн баркын, наркын билип, улутка пайда алып келсек деген оюбуз бир.
– Төкмөлөрдө сөз эркиндиги кандай?
– Аябай жакшы. Эч кандай кысым жок, басым жок. Кысым дегенде анча-мынча мамлекеттик иш-чараларга гана катышпай калышыбыз мүмкүн. Чындап келгенде кысымга алгыдай нерсе айта элекпиз, аны моюнга алышыбыз керек. Айта турган нерсе көп. Анын баары айтылышы зарыл.
– Өлкөдөгү көйгөйлүү маселелер тууралуу ырдайсыз, жогору жактагыларга тийишип коёсуз. Кандайдыр бир реакция болдубу?
– Телефон чалып, кат жазгандар болуп турат. Андайга көңүл бурбайм. Кээ бир концерттерде депутаттарга тийишип ырдай кетсек, “акындар саясатты айтпай, башканы айтсаңар” деп калышат. Бир чети ал жагы да туура. Акын саясатты гана эмес, наркты да ырдаш керек. Төкмөнүн сөзүнө президент, өкмөт өкүлдөрү, депутаттар чычалабашы керек. Сынды кабылдап, макул болуп, өнөрдү колдош керек. Анткени төкмөлөргө өчөшкөндөрдү өнөргө өчөшкөндөр деп эсептейм. Кээде айтышка саясатчылар демөөрчүлүк кылып калышат. Өздөрү демөөрчү болуп, төкмөлөрдүн оозунан ачуу сөздөрдү угуп кеткендер болгон. 2013-жылдары ушундай окуя болду эле. Ал кишилер азыр бийликтин бийик чокуларында отурушат. Байгесин алып келип, төкмөлөрдөн сын угуп, арданбай кайра төкмөлөрдү куттуктап, мактап дем берип кетишкен.
– “Демөөрчүлөрдү мактап ырдайсың” деген учурлар болдубу?
– Айтыштарда акындардын оозунан “баланча мени мактап койгун деп айтты. Анткени депутат болгону жатам деп айтты” дегендерин угуп калабыз. Анткендер болот экен. Мага андай сунуштар болгон жок. Балким, алардын сунуштарын байкабай калгандырмын. Бирөөнү мактап көрө элекпиз. Эгер бирөө кыргызга кызмат кылып, мисалы, завод ачса кызматын жар салып мактап ырдоо милдетибиз. Заман оңолуп, өлкөбүз өнүксө, биз кызмат кылгандарды мактап, жакшылыкты ырдап турсак жакшы болмок.
Азыр бешиктеги баладан бейиштеги чалга чейин саясатчы болуп кеттик. Калыгулдун, Арстанбектин термелерин угузуу кыйын. Саясатты айтып, бирөөнү жамандап койсок, азыркы тил менен айтканда, хайп кылсаң, элге тез тарайт. Бирок төкмөлөр ага алдырбашыбыз керек. Өз деңгээлибизге жараша көргөн-билгенди ырдап коёбуз. Ырдап койсок маселе чечилип кетет дегендик эмес. Төкмөлүк вазыйпабызды аткарып жатабыз.
– Үй-бүлөңүз тууралуу азыноолак айта кетпейсизби?
– Ата-энем Нарында турат. Келинчегимдин аты Перизат, убагында радиодо, телевидениеде иштеди. 2016-жылы баш кошконбуз, 2 уул, 1 кызыбыз бар.
– Үй-бүлөңүзгө бакыт, чыгармачылыгыңызга ийгилик каалайбыз. Маегиңизге рахмат!
Перизат Музуратбекова