Биз социалдык тармакта

ИТ ЖАНДУУ, БАГАЛЧАГЫ КАТКАН, БЕЛ ЧЕЧПЕГЕН... МААНИСИН ТҮШҮНДҮҢҮЗБҮ?

Өткөн саныбыздагы сөз маанилерин чечмелеген темабызды улай бул жолу фразеологизмдерге токтололу. Байкап көрүңүз, сиз бул сөз айкаштарынын маанисин туура түшүнчү белеңиз?..

Алкымын майлоо – пара берип оозун жабуу, паралап коюу.

Алчы таасын жеген – өтө куу, абдан жаман, амалкөй, ар нерсеге өтө эпчилдик кылган, ашкан митаам.

Арааны ачылган, араанын агыткан – арам тамак, алдым-жуттум, ач көз, нысабы жоктук.

Асман-айга түйүлүү – дегеле кепке келбеген, айтылган сунушту четке кагуу, уккусу да келбөө, так секирүү.

Ат жалын тартуу – эр жетип чоңоюу, өз алдынча болуу, бойго жетүү.

Ат соорусун салуу – кайра кетенчиктеп, артын карай бурулуп кетүү.

Ачына айланып, тогуна толгонуу – жамандык, жакшылыкты, бар-жокту бирдей көтөрө билген, чыдамкайлык.

Багалчагы каткан – бойго жетип, чоңойгон.

Балтыр эти толуу – эрезеге жетүү, бой тартып чоңоюу, эр жетип, баралына келүү, күчкө толуу.

Бел чечпөө – тыным албай аракеттенүү, күндүр-түндүр иш үстүндө же жоо бетинде болуу, ар дайым эмгектенген адам.

Баш териси тырышуу – кыжырдануу, ачуусу келүү, жинденүү.

Жаагы катуу – таш боор, ырайымсыз, каардуу, катаал.

Жүрөгүнө муз бүрккөн – ичин муздатып, көңүлүн калтыруу.

Ит жандуу – ар кандай кыйынчылыктарга, кыйноо-кыстоого туруштук бере ала тургандай, чыдамкай.

Коюн-колтук алышкан – бири-бирине абдан жакын, ынак болуу, жакын санаалаш болуп достошуу.

Керки-балтасы колунда – шайдоот, шамдагай, иштегенге даяр.

Каз канаттап туруу – катар-катар, кыркалекей тизилип туруу.

Өң карама – кошоматчы, эки жүздүү, кызматка карап мамиле жасаган, туруктуу эмес.

Чачпагын көтөргөн – бирөөнүн шылтоосу менен ээрчип келген.

Чын тийбес – таарынчаак.

Эгиздин сыңарындай – ынак, жакын дегенди туюндурат.

(Фразеологиялык, түшүндүрмө сөздүктөрдөн алынды)

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 967, 17-23-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан