УЧУК ИНФЕКЦИЯСЫ ЖҮРҮП ЖАТАТ. БАЛДАРДЫ САКТАҢЫЗДАР!

Оорунун айынан оозул, ангина болуп, денесине жара чыгып, дене табы көтөрүлүп ооруканага түшкөн жаш балдардын саны айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасындагы конуштарда көп болууда. Бул эмне болгон оору, жугуу, дарылоо жана алдын алуу жолдору кандай? Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын отоларингология бөлүмүнүн ЛОР врачы Айпери Анатаева айтып берет.

КЫЗЫКТУУ

Учуктун вирусу биринчи ирет организмге кирген соң кан же лимфа аркылуу жылып ички органга барат. Органдагы нервдин бүткөн жерине кирип, нерв клеткалардын аппаратына (ДНК) жайгашып алат. Ошону менен аны чыгаруу эч мүмкүн эмес. Ээси менен анын өмүрү өткүчө чогуу жашайт. Качан ээсинин иммунитети начарласа (тамак-ашы начарлап же ооруп жана башка) же суук, шамалга урунса “мен бармын” деп чыга калат.

Илимий маалыматтар боюнча, учуктун 1-2-тиби алгач Африкада пайда болгон. Кийин XVII кылымдын аягында Африкадан алып келинген кулдар аркылуу алгач Америка, Европага, кийинчерээк Азияга тараган.

“5 АЙЛЫК БАЛАДАН ТАРТЫП 12 ЖАШКА ЧЕЙИНКИЛЕР КЕЛҮҮДӨ”

– Учуктун илимий аталышы – герпес. Байыркы грек сөзүнөн которгондо “жылып жүрүүчү, жайылып кетүүчү” деген маанини берет. Учук инфекциясы жаз, күздө кармоочу мезгилдүү оору. Ооруканага текшертүүгө алып келинген балдардын абалы оорлору гана жаткырылып, калгандарына дары-дармек жазып берип үйлөрүнө кетирип жатабыз. Болбосо бөлүмдө орун жок калат. Аптасына 18-20 баланы жаткызып, дарылап чыгаруудабыз. Биздин ооруканадан башка ооруканаларда да дарыланып жаткандар көп болууда. Ооруну балдар бакчасынан, бакчага барбагандар коңшуларынан жана башка жактардан жугузуп келишүүдө. Жаш курактарына келсек, 5 айлыктан тартып 12 жашка чейин. Бирок 2-3 жаштагылар абдан көп. Эмчектеги балдарда 5-6 ай дегенде энесинен алган иммунитети түгөнүп баштайт да, ушул аралыкта ооруга бат чалдыгат.

“УЧУК ВИРУСУ АБА АРКЫЛУУ ЖУГАТ”

– Учук инфекциясын учук вирусу козгойт жана аба аркылуу жугат. Учук чыккан жерди башка бирөө кармаласа, өпсө да вирус жугуп калат. Учуктун жалпы 8 тиби бар. Азыркы учук инфекциясында учуктун биринчи жана экинчи типтеринин өз алдынча жараткан жана экөө аралаш жараткан түрү кезигүүдө. 1-тиби ооздун ичинде былжырларды сезгентип, оозулду, тонзиллитти (ангина) жаратат. 2-тиби ооздун тегерегине, териге, анын ичинде жыныс мүчөлөрдүн терисине чыгуучу дерматиттүү учукту жаратат. Вирус организмге кирген соң жашыруун көбөйүү мезгили – 3-5 күн. Ошентип бизге келген балдардын айрымдары оозул жана тонзиллит менен келсе, айрымдары оозул, тонзиллит жана дерматиттүү учук менен келип жатат.

ООРУНУН ЖАЛПЫ БЕЛГИЛЕРИ

  • Дене табынын көтөрүлүшү. 38,5 градус жана андан жогору.
  • Ооздун ичине, ооздун тегерегине, алакан, жука чурай, сан, жамбаш, таманга ичине суюктук толгон майда ыйлаакчалар чыгат. Ыйлаакчалар ооз ичине жайнап чыкканда оорутуп, бала тамак иче да, шилекейин жута да албай калат. Шилекейи сыртка агып калат. Эриндери калбыйып шишийт.
  • Ыйлаакчалар бир нерсе тийип кетсе оорутат жана кычыштырат.
  • Тамакка табит жоголот, баш ооруйт, айрымдар кусат, көзү киртейет. 2-3 күндөп тамак, суусундук ичпей калса организми кургап баштайт.
  • Организмдин уулануусу. Вирус ичке кирген соң ууларды бөлүп чыгаргандыктан бала шалдырайт, алы кетет. Уусу боорго, бөйрөккө да залакасын тийгизет.
  • Ыйлаакчалар 3-5 күн дегенде жарылып, беттери карттана баштайт. Карттар түшкөн соң ордунда так калат, тактар акырындап кетет.
  • Ыйлаакчаларды тырмаганда жарылып, ал жерге бактерия кирип кетип, ооруну күчөтүшү мүмкүн.

ДАРЫЛООГО КЕРЕКТҮҮ ДАРЫ-ДАРМЕКТЕР

  • Вируска каршы, дене табын түшүрүүчү, оорутууну басуучу, кычышууну басуу үчүн аллергияга каршы дары-дармектер.
  • Вирустун уусун денеден чыгаруу үчүн тамчылатма дары сайылат.
  • Ыйлаакчаларга вируска каршы дары май сыйпалат.
  • Эгер тырмаганда ыйлаакчалар жарылып, ал жерге бактериялар кирип кетсе антибиотик да жазып берилет.

Баланын ооруганы билинер замат врачка алып барып текшертүү зарыл. Дарылоо жалпысынан 10-12 күнгө чейин уланат.

ДАРЫЛООНУН ЖҮРҮШҮ

– Ооруканага жаткан балдардын ыйлаакчалары карттанганда, башкача айтканда, бир аптада эле чыгарабыз. Болбосо жаңы келгендерге орун жок калат. Ата-энелери врач жазып берген дарылар менен баласын үйдөн дарылоону улантат. Бизде 6 жашка чейинки балдарды дарылоо бекер. 6 жаштан жогорулар үчүн ата-энеси 840 сом төлөйт. Бала учук инфекциясы менен ооруп айыккандан кийин оорунун вирусу кайра жукса кайра деле ооруй берет. Инфекция баладан балдарга гана эмес, чоң кишилерге да жугат, өзгөчө иммунитети төмөндөргө. Муну эске алып, абайлоо керек.

ТАМАКТАНДЫРУУ

– Вирустун уусу организмден эртерээк чыгып кетиши үчүн суусундуктар, мисалы, компот, кайнатылган таза суу көп берүү керек. Тамак жегенде оозул, ыйлаакчалар оорутат, ошондуктан жумшак, суюк тамактар, мисалы ботко, пюре, шорпо сунушталат. Иммунитетин көтөрүү үчүн жашылчалардан брокколини блендерден өткөрүп берүү, алма, бананды пюре кылып берүү кажет. Кычышууну көбөйтпөшү үчүн аллергендүү жашылча-жемиштер (мандарин, апельсин жана башка), таттуулар берилбейт.

Бизге жакында 3 айлык баланы алып келишти. Оозу оозул болуп, эмчек эме албай калыптыр. Биз мурду аркылуу катетер киргизип, ошол аркылуу сүт куюп, азыктандырып жаттык. Вирус 2-3 баласына тең жугуп түшкөндөр да болууда.

ГИГИЕНАНЫ, ТАЗАЛЫКТЫ САКТОО ЗАРЫЛ

– Ыйлаакчаларды бала тырмап, ичине бактерия киргизип ооруну күчөтүп жибербеши үчүн баланын тырмактарын алып, гигиенасына көңүл буруп, таза кармоо зарыл.

Баласын үйдөн карап, дарылап жаткандар үй ичин бат-баттан нымдап сүртүп, жууп туруулары кажет. Терезени ачып, бөлмөнү желдетип, оору башкаларга жукпашы үчүн ооруган баланы болушунча өзүнчө бөлүп кароо керек.

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ

  • Инфекция жайылып жаткан кезде балдарды конокко, оюн аянтчаларына, сейил бакка жана башкаларга алып барбоо кажет.
  • Баланын иммунитети жогору болушу үчүн тамак-ашка жашылчаларды кошуп, жемишти үзбөй берип туруу керек. Врач сунуштаса витаминдерди берүү зарыл.
  • Дайыма ачык абада убак-убагы менен ойнотуп, үйгө кирген соң колун самындатып жуудуруу, чимкиртип, мурдунун ичин суу менен чайкатуу керек жана башка.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 967, 17-23-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан