ЖИГЕРДҮҮ ЖАРАНДАР МЕЗГИЛИ

“Жигердүү жарандар мезгили” – бул өз иш-аракеттери жана жигердүү жашоо образы менен дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүп жаткан кыргызстандыктар жөнүндө окуялар. Булар ыктыярчы болуп калган биздин досторубуз, туугандарыбыз, кесиптештерибиз жана кошуналарыбыз, бир пикирлештер менен биргеликте коомдук уюмдарды түзүшөт жана алардын демилгелери менен өз коомчулугунун жана жалпы өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошушат. Алар жөнүндө сүйлөшүп жатып, 2020-жылы өлкөгө COVID-19 эпидемиясына каршы турууга жардам берген, муктаж болгондорго жана кыйынчылыкка туш болгондорго жардам берген, жоопкерчиликтүү жана камкор жарандын үлгүсүн чагылдырган баарына терең ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет.


ТАЛАСТАГЫ ЫКТЫЯРЧЫ АЗАМАТ

2020-жылы Талас узак убакыт бою коронавирус илдети катталбаган жалгыз аймак болуп турду. Ошентсе да, катаал карантиндик чараларга карабай, 2020-жылы июнь айында облустан биринчи учур табылды. Жооп катары жарандык коом уюшуп, иштеп баштады. Азамат орто мектепте география сабагынан мугалим. Азамат жана Талас ыктыярчылары костюм менен галстуктардын ордуна коргоочу костюмдарды кийишип, социалдык объекттерди дезинфекциялап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш жана медикаменттерди ташып жүрүштү. Ар кандай реакцияларга карабастан, көпчүлүк таластыктар Азаматтын каармандыгына суктанышып, ага жана ыктыярчыларга жасаган иштери үчүн ыраазычылыгын кабаттап айтып келишет. Азамат жана анын окуучулары мектептеги мурдагыдай, жандуу сабактарды сагынып жүрүшөт. Бирок бардык кыйынчылыктарга жана ар тараптуу чакырыктарга карабастан, Азамат жана башка ыктыярчы жигиттер 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгында жергиликтүү тургундар үчүн өздөрүн жана жакындарын пандемиядан кантип коргоо керектиги туурасында маалыматтык тренингдерди өткөрүштү.


ИСФАНАЛЫК АЛМАЗ

Исфаналык Алмаз 2004-жылы биринчи жолу ыктыярчылардын катарына кошулган. Азыркы учурда – «Бабушка эдопшн» уюмунун Баткен филиалындагы жалгыз кызматкери, анын карамагында 215 адам бар. Ал жардамга муктаж улгайган адамдарга азык-түлүктөрдү жеткирет жана өзүнүн эң баалуу убактысын алар менен өткөрөт,кары- картаңдардын ден соолугун сурап, күнүмдүк иштери туурасында маектешет. Пандемияга чейин уюмда кечелерди, дени сак тамактануу жана дени сак жашоо туурасында лекцияларды уюштурушту, улгайган адамдар үчүн семинарларга мэриядан чиновниктерди, жактоочуларды чакырышчу. Алмаз аймактагы кырдаал жакшы жагына өзгөрөт деген терең ишеничте.


https://www.youtube.com/watch?v=YsZIQoCugGM

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 967, 17-23-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан