ТАТЬЯНИН ДЕНЬ СЕРИАЛЫНЫН БАШ КААРМАНДАРЫ

АННА СНАТКИНА
Анна Снаткина 1983-жылы 13-июнда Москва шаарында төрөлгөн. Ата-энеси жөнөкөй авиакуруучулардан болушкандыктан, Анна бала чагында бир топ кыйынчылыктарды көрүп чоңоёт. 6-класска чейин Тушино районунда бир бөлмөлүү квартирада турушчу. Сиңдиси Маша ошол учурда төрөлүп, жаткырганга орун жок болгондуктан, үстөлдүн үстүндө уктачу экен. Анна он бир жашка толгондон кийин гана өзүнчө чоңураак квартирага көчүп кетишкен. Кыйналып жашагандарына карабастан атасы Аннаны 4 жашынан баштап спорттун алгач гимнастика бөлүмү­нө, кийинчерээк аэробика бөлүмүнө машыгууга берет. Ошентип, балалыгынын 13 жылын спортко арнаган. Ал эми кино багытына өткөндөн кийин спорт Аннанын жашоосунда жөн гана хобби катары кала берди. Учурда бош убактысында гана денсоолукка пайдалуу гимнастика менен машыгып, фитнес клубдарга, сауналарга барууну жактырат. Кызыктуусу, Анна сауна, мончолордо 100 градустук температурада жарым саатка чейин отура берет экен.
Атактуу актриса болуу жөнүндө Анна 2-классында Уитни Хьюстондун катышуусундагы ”Телохранитель” аттуу фильмди көр­гөндөн кийин эле кыялдана баштаган. 8-классты аяктагандан кийин кыялын чындыкка айландыруу максатында театр багытына кадам таштайт. Дене тарбия окуу жайына тапшырат деп ишенген ата-энеси кызынын бул жоругуна алгач таптакыр каршы болушкан. Анткени, ошол учурда эле Анна мектеп окуучусу болгонуна карабастан кичинекей балдарга аэробикадан машыктыруучу болуп да эмгектенчү. Театрга жана киного болгон кызыгуусу артып, алгач искусстводон курстарга катышып жүргөн болсо, кийинчерээк кинематография институтунан билим алган.
Мындай атак-даңкка жеткенге чейин студент кезинде дагы бир топ кыйынчылыктарды көргөн. Стипендиясынын акчасына жашоого мүмкүн болбогондуктан, ошол кезде эле талантын тастыктап журналдарга сүрөткө түшчү экен жана мындан биринчи ирет 300 рубль гонорар алган. Андан тышкары, оор турмуштун айынан бир кездерде кассета сатып иштегенге да туура келген.
Экинчи курстун аягында болсо Аннага “Московская сага” сериалындагы Е.Градованын ролун аткаруу сунушу түшкөн. Мындан көп узабай эле 2003-жылы Нина Стасованын ролу менен “Участок” сериалына тартылган. Ушундай жол менен кинодогу тушоосу кесилип, 2005-жылы “Обреченная стать звездой” телесериалында Женя Азарина болуп, популярдуулуктун чокусун багындырат. Андан тышкары, “Вызов” (Катя), “Аэропорт” (Маша Снегирева), “Боец” (Виктория Варшавская), “Я не вернусь” (Катя, Маша эгиз кыздар) кинолорунда баш каармандардын ролун жараткан. Анна Снаткинанын бир гана көп сериялуу кинолордон эмес, чоң тасмалардан да тажрыйбасы бар. Алсак, өзү кичинекейинен эле кыялданган Наталья Гончарованы “Дуэль и смерть Пушкина” фильминде роль аткарган. Кинонун режиссёру Бондарчук Аннанын баш каарманга окшош экенин байкап, өзү чакырган эле. Ошентсе да келбетин өзгөртүүгө туура келип, 10 килограммга арыктаган экен.
Ал эми “Татьянин день” сериалы туралуу: “Наташа Рудова экөөбүздүн кинодон тышкаркы жашоодогу мамилебизге көпчүлүк кызыгат экен. Биз мурдатан тааныш болбосок дагы бат эле тил табышып кете алдык. Бош убактыбызда дүкөндөргө чогуу барууну жактырабыз. Ал эми сериалдын сюжетиндеги кээ бир көрүнүштөр менин жеке жашоомдогу болгон окуяларга окшоштук жагы да бар. Мисалы, курбу кызым экөөбүздүн бир баланы сүйүп калуубуз менин 8-класста окуган кезимде башымдан өткөн эле. Бул чындыгында эле жагымсыз көрүнүш, бирок, достукту баалаган адам баарына түшүнө билет”,- дейт белгилүү актриса Анна Снаткина. Жеке турмушундагы жигиттери тууралуу элге айта берүүнү жактырбайт. Азырынча карьерасын биринчи орунга коюп келет жана болочокто турмушка чыгууну да пландаштырып койгон. Келечекте өз мекенинен тышкары чет элдик кинотасмаларга да тартылууну пландаштырууда. Азыркы күндө Франциянын киножаратуучулары менен түзгөн келишими бар.

НАТАЛЬЯ РУДОВА
Наталья Рудова 1983-жылы 2-июлда Өзбекстанда төрөлгөн. Өздөрү болсо Казакстанда турушчу. Апасы өзбек кызы болгондуктан, өз мекенине конокко келген боюнча Наталья аттуу наристелүү болуп кайтат. Казак жергесинде он эки жашка чыкканга чейин жашаган. Андан кийин ата-энеси ажырашып, апасы менен Россиянын Иваново шаарына көчүп кеткен. Ушул жерден театралдык орто окуу жайын да аяктаган. Алдыга койгон максаттарына жетүү үчүн Наташа бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Акча табуу максатында жайкысын Анапа курортуна барып официант болуп иштесе, башка убактарда Москва шаарындагы дүкөндөрдүн биринде менеджер болуп иштечү. Ошол эле учурда киного тартылуунун да камын көрүп, кастингдерге катышчу. Театр сахнасынан өзүн көргөзө алгандан кийин Наташа толук метраждуу фильмдерге тартыла баштайт. “Татьянин день” сериалынан баш каармандардын биринин ролуна ээ болгонго чейин сүрөт тартууга да убактысы жетишээр эле. Муну Натальянын жеке турмушундагы хоббиси десе болот. Көбүнчө тарткан сүрөт­төрүн курбуларына белекке тартуу кылат.
Наталья Рудова актриса болууну 7-классында чечип, театр ийримдерине катыша баштаган. Ага чейин бийчи же болбосо тикмечи болом деп ойлочу экен. Карьерасын көтөрүүгө күжүрмөн эмгектин артынан жетип отурат. Чыгармачылык тарыхына кайрылсак, “Примадонна”, “Кто в доме хозяин?”, “Воспоминания Сталина”, “Проводница” жана башка телесериалдарда тартылган. Алардын арасынан эң эле чоң ролу катары “Татьянин день” сериалын карасак болот. Бул кинодогу сюжеттен айырмаланып, Наташа шаардык кыз эмес. Бул жерде Анна Снаткина экөөнүн ролдору алмашып кеткендей. Анткени, чыныгы турмушта Анна Москва шаарынын тургуну болсо, Наталья болгону төрт жыл мурун гана шаарга келген эле.
Наталья Рудова учурда белгилүү актриса болгонуна карабастан батирде жашайт экен, бирок, жакын арада үй сатып алууну пландаштырууда. Ал эми келечекте чыгармачылылыкка койгон пландарын ишке ашыруу үчүн жеке жашоодо турмушка чыгууну артка жылдырып турууга туура келет. Андан да моралдык жактан даяр эмес экендигин билдирген. Тамак даярдоону жакшы билгени менен аны жасоону жактыра бербейт. Жалпы эле аялдарга тиешелүү жумуштарды аткарууга кызыкпайт, андан көрө анча-мынча мык кагып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү Наталья үчүн оңой сезилет. “Азырынча мен толук актриса катары өсүп жетиле элекмин. Качан гана Мила Йововичтей такшалган актриса болгондо жеке жашоом тууралуу ойлонууга убакыт келет. Бирок, турмуштун тепкичин азыртан куруп, жолугуп жүргөн адамым бар. Кичинекейимден ата мээримин сагынганмынбы, айтор, өзүмдөн бир топ улуу адамдар менен мамиле түзгөндү жактырам”,- дейт жеке сезимдери жөнүндө сыр бөлүшө Наташа. Ошол эле учурда “9-рота”, “Жара”, “Дневной дозор” фильмдеринин каарманы, актёр Алексей Чадовду дагы төгөрөгү төп келишкен адам катары баалап, аны жактыраарын мойнуна алганы бар.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 240, 8-14-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан