Бирин "ырдын пири Рыспай", экинчисин "алп акын Жолон" дешет. Ушундай эки чыгаан – Рыспай Абдыкадыров менен Жолон Мамытовдун жүрөгүнөн чыккан "Издейм сени" ырынын тарыхына токтолдук. “Сен ааламга издетүүгө жаралсаң, мен ааламга дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин” – деген саптар кайсы айымга арналган? Махабаттын гимни болуп калган бул ыр Жолон Мамытовдун жубайы Кыргыз Республикасынын Эл акыны Меңди Мамазаировага арналганын көпчүлүк билбесе керек.
“АПАМ ЖОЛОНГО ТУРМУШКА ЧЫКПАЙСЫҢ ДЕП КАТУУ АЙТТЫ”
– Жолон экөөбүз төрт балалуу болуп, 24 жыл чогуу жашадык. Алп акындын жубайы болуу менин тагдырыма жазылган эң чоң белек. Менин айылым менен Жолондун айылын атактуу Ак-Буура суусу бөлүп турчу. Жолонду секелек кезимде көрдүм, ошол кебетеси мына 80 жашка чыкканча бүгүнкүдөй эсимде сакталып калыптыр. Кандай ат минип турганы, көкүлүнөн бери эсимде. Кийин бойго жеткенде кат жазышып баштадык. Кыз-жигит болуп жүргөнүбүздү апам угат. Жолон экөөбүздүн уруубуз бир, кайын энемдин мурдагы күйөөсү апамдын агаларынан болуп калат. Апам менен кайын энем өмүр бою бири “жеңе”, экинчиси “кыз” деп бири-бирине кайрылып жүрүштү. Апам Жолон экөөбүздүн кыз-жигит болуп жүргөнүбүздү билгенде болбойт деп кесе айтты. Апам “бербейм” дейт, атам мүнөзү жумшак киши эле, “койсоңчу баланы кыйнабай, убалына каласыңбы?” деди. Апам болгон жок. Ошентип Жолон экөөбүз айрылыштык, мени башка адамга кудалап коюшту. Борборго окууга келдим. Чачым аябай узун эле, Жолонду сагындымбы, ичимден апама козголоң кылдымбы, узун чачымды кесип салдым. Жолон да аябай куса болгон окшойт, ошол учурда “Издейм сени” ырын жазыптыр.
“Акпы, көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум” – деп жазып жатпайбы? Ал кезде кыздар дайым жоолук салынып жүрчү. Азыркы кыздар башына топу киет эмеспи. Биз бир байлам кызыл, жашыл, көк жоолуктарды салынчу элек.
“РЫСПАЙ ҮЧҮНЧҮ АЯЛЫН СҮЙҮП ЖҮРГӨН ЭКЕН”
– Жолондун бул ыры “Ленин жолу” гезитине жарыяланат. Ал кезде Рыспай Абдыкадыров Оңолкан деген биринчи аялы менен, Тоту деген экинчи аялы менен ажырашып, үчүнчү аялы Давлетке аябай ашык болуп жүргөн кези экен. Рыспай эки аял алган, 3-4 баласы бар адам болсо, Давлет жаш кыз. Андайда кыргыздар кызды оңою менен бере коюшчу эмес. Рыспайдын ошентип кыйналып жүргөн кези экен. Ош шаарында Абдылда Капаров деген журналист бар эле. Ал Жолондун ырын гезиттен окуп Рыспайга “эй жинди, ушул ырга обон чыгар, ичиңдеги бугуң чыгат” деп берген экен. Жолон менен Рыспай Абдыкадыровдун мамилеси анча эмес эле, балким, тааныш да болбосо керек. Бирок экөөнүн тең сүйгөнүнө жетпей кыйналып жүргөнү бир учурга туш келип жатпайбы.
“КАЧЫП БАРЫП ҮЙЛӨНДҮК”
– Убакыт өтсө да Жолондон башка адамды сүйө албасымды, башкага турмушка чыга албасымды түшүндүм. Ал дагы үйлөнгөн жок. Чачымды кесип салганымды угуп Жолон келип калыптыр. Мулуйган чачымды көрүп “ушул өзүңө жактыбы?” деди, “жакты” деп койдум. Айтор, кол үзүшө албай жүрдүк. Агам жеңем менен сүйлөшүп, алдын ала апамды жумшартып туруп, Жолон экөөбүз кол кармашкан бойдон досунукуна качып барып үйлөнүп алдык. Намыс деген кыйын да, Жолондун агалары издеп, бүт досторун кыдырып жүрүп бизди таап, тоюбузду өткөрүп берип, үйлөнүп отуруп калганбыз (күлүп). Кийин Рыспай деле Давлетке үйлөндү. 1968-жылы мен 3 жаштагы баламды ээрчитип алып Оштон борборго диплом алганы келдим. Сооронбай Жусуевдин үйүнө кондум, ал баарыбыздын атабыздай болгон киши эле. Сокем жеңем экөөбүзгө “саат баланчада кабинетиме киресиңер” деди. Айткан саатында иш бөлмөсүнө кирсек радиодо “Издейм сенини” Рыспай ырдап жатыптыр. Мага кайрыктары татаал, муң-зар каптап калгандай сезилип адегенде жакпай калды. Ошондон бери канча жылдар өтсө да эки таланттын жүрөгүнөн чыккан, махабаттан тутанган ыр бүгүнкүгө чейин актуалдуулугун жоготпой келет. Кимдер гана жаңыртып ырдаган жок.
“ЖОЛОН МАГА КӨП ЫР АРНАГАН”
– Жолон кызык эле. Өзү ыр окуганда жылдыздай жайнап кетчү, обондуу ырга анча көңүл бурчу эмес. Кийин Жолондун “Кусалык” деген ыры чыкты.
“Кайдадыр алып кеттиң жаштыгымды,
Жер чийген чачтарыңа байладың да” – деген саптары менин кесип салган чачтарыма арналган (күлүп). Аны Асанкалый Керимбаев ырдап чыкты. Эмнегедир көңүл бурбаптырбыз, кыргыздын классик обончулары ырларына обон чыгарып жатса деле сыймыктанбаптыр. Кийин Жолон кытайлык кыргыздарга барса “Издейм сени” менен “Кусалыкты” гимн кылып алышыптыр (күлүп). Ошондо сыймыктанып, сүйүнүп келди. Мен деле көп сыймыктанган эмесмин. Анткени Жолондун мага арнаган ырлары өтө көп. “Издейм сени” ичинен эң начардай сезилчү. Кафе-ресторандарга барганда бул ырды көп угуп калам. Акын менен обончунун ыры бузулуп калбасын деп абай салып угуп, кемчилик тапсам акырын барып "сөздөрүн бузбай ырдагыла" дейм. Жолондун мага арнаган, сыймыктанган, аздектеген ырларынын бири “Сенден алыста” деген чыгармасы. Муну азыр Дарика Жалгасынова ырдап жүрөт. Бирок “Издейм сенини” эл аздектеген ыр катары жакшы көрөм. Жолонум 48 жашында каза болду. Аны жоготуунун оордугун сөз менен айтуу мүмкүн эмес. Күн сайын көрүстөнүнө жолду катар ыйлап барып, ыр жазып кайтчумун. Эми анын экинчи өмүрү ырларында.
Мыктыбек Нурланбеков, ырчы: “ИЗДЕЙМ СЕНИ” МЕНЕН ЫРЧЫЛЫККА АТТАНГАМ”
– Бул ырды кичинемден көп укчумун, ырчылыгым ушуну менен башталды. Өзүмө ушул ыр менен чоң тепкич коюп алыптырмын. “Башка ырларым мындан кем болбош керек” дечүмүн. Эмнеге муну тандадым, билбейм. Азыр классик обончулардын ырын ырдаганга анча батынбайм. Бир жерин бузуп аламбы деп корком.
Рыспай Абдыкадыровдун бардык ырлары жагат, сүйүп угам, ырдайм. “Издейм сенини” жүрөгүм менен тандадым окшойт. Бул ырды Султан Садыралиев, Алекс, дагы башка далай ырчылар ырдап жүрүшөт. 2015-жылы бул ырды жаздырып, клип да тарттыргам. Эми башкача кылып жаңылап жаздырсам деп жүрөм.
“ИЗДЕЙМ СЕНИ”
Сөзү: Жолон Мамытовдуку
Обону: Рыспай Абдыкадыровдуку
Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга
Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин.
Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга
Дайым сен деп, дайым сен деп
Кайгырууга келгенмин.
Акпы, көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Кышта калган жалбырактын өңүндөй
Ажарыңдан, ажарыңдан азууда ден соолугум.
Нуржамал Жийдебаева