МЕНЮДА ГРУЗИН ДААМДАРЫ

Грузия тамшандырган ашканасы менен да өзгөчөлөнөт. Колдо бар азыктар менен жасалышы оңой, даамдуу тамак жасап үйдөгүлөрдү кубанткыңыз келсе төмөндөгү рецепттерди сактап алыңыз.

ШПИНАТ МЕНЕН ПХАЛИ

Керектелүүчү азыктар:

Шпинат – 5 боо

Пияз – 200 грамм

Грек жаңгагы – 100 грамм

Сарымсак – 2 тишче

Кинза – 12 талча

Петрушка – 2 талча

Көк чили калемпири – 1 баш

Туз, вино уксусу, анар – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Шпинатты 1-2 мүнөт кайнатабыз. Андан соң аны дуршлагга салып суусун сарыктырып, кагаз майлыктын үстүнө жайып муздатабыз.

2. Пияз, сарымсак, калемпир, кинза жана петрушканы майда туурап алабыз.

3. Шпинат муздагандан кийин жаңгак менен кошо эт туурагычтан өткөрөбүз.

4. Даярдалган азыктардын баарын жакшылап аралаштырабыз, вино уксусун жана туз кошконду унутпаңыз. Аралаштыргандан кийин андан бир нече тоголок форма чыгарыңыз. Тарелкага салып анар менен кооздоңуз.

КУУРУЛГАН БАКЛАЖАН

Керектелүүчү азыктар:

Баклажан – 3 даана

Кинза – 1 боо

Сарымсак – 3 тишче

Өсүмдүк майы – 50 миллилитр

Анар – жарымы

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Баклажанды жууп алыңыз. Сыртын аарчыбай 5 миллиметр калыңдыкта узунунан туурап алыңыз.

2. Көмөч казанга майды ысытып, баклажандын 2 бетин тең кууруңуз.

3. Кинза, сарымсакка туз салып боткодой болгуча майдалап алыңыз.

4. Ар бир куурулган баклажандын 2 бетине даяр болгон жашыл боткодон сүйкөп, тарелкага тизиңиз.

5. Баклажанды коноктордун алдына коёр алдында анар менен кооздоп коюңуз. Бул даамды ысык кезинде да, муздатып да жесе болот.

ОДЖАХУРИ

Керектелүүчү азыктар:

Ашкабак – 500 грамм

Уй эти – 500 грамм

Пияз – 1 баш

Таттуу болгар калемпири – 1 баш

Цукини – жарымы

Өсүмдүк майы – 50 миллилитр

Кинза – 2 талча

Сарымсак – 3 тишче

Кориандр, кара мурч, туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Ашкабактын сыртын аарчып, өтө чоң эмес чарчыларга бөлүңүз. Этти да ошондой туурап алыңыз.

2. Көмөч казанга май куюп, ашкабакты жарым-жартылай кууруп алабыз. Куурулуп жаткан ашкабакка этти салып, улам аралаштырып, орточо отто 3-4 мүнөт кууруңуз.

3. Сарымсакты майдалап, көмөч казанга салып аралаштырыңыз. Андан соң жарым шакекче болуп тууралган пиязды салып 3-4 мүнөт бышырыңыз.

4. Узунунан тууралган калемпирди жана цукинини көмөч казанга салып аралаштырыңыз. Татымына жараша калемпир, туз, кориандр жана тууралган кинзаны салып дагы жакшылап аралаштырыңыз. Болду, ашкабактан жасалган оджахури даяр. Эми тамактын үстүн тууралган кинза менен кооздоп коюңуз.

ЭГГ-НОГ КОКТЕЙЛИ

Керектелүүчү азыктар:

Кефир – 300 миллилитр

Жүзүм ширеси – 200 миллилитр

Алмурут ширеси – 100 миллилитр

Жумуртка – 1 даана

Жүзүм – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:

Кефир менен жүзүмдүн ширесин аралаштырыңыз. Ага чегилген жумуртка, алмуруттун ширесин кошуп миксер менен жакшылап аралаштырып алыңыз. Коктейлди бокалдарга куюңуз. Столго коёрдо бир нече жүзүмдү шпажкиге сайып коктейлге салыңыз. Коктейл муздак боюнча же ичине муз салып ичилиши керек.

Динара Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 968, 24-30-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан