“Супер сулуу-2009” сынагы аягына чыкканда кыргыздын кымча бел сулуулары “кийинкиси качан башталат? Биз да катышат элек” деп редакциянын телефонун тындырышкан эмес. Кыздар күткөн мезгил да келип, “Супер-Инфо” 4-жолу сулуулар таймашын өткөрдү. Сынакка жалпысынан 34 кыз катышкан. Алардын сулуулугуна баа берген күйөрмандар SMS билдирүү жана www.super.kg сайты аркылуу добуш беришип, жыйынтыгында 17 катышуучу финалга чыккан. Алардын төртөөсү 2-турдун талаптарына жооп бере албагандыктан, сынактан четтетилди. Калган бийкечтер 29-30-ноябрда Спорт Ордосунда өтүүчү супер концертте биринчилик үчүн ат салышмакчы.
“Супер сулуу-2010” сынагынын баш байге ээси январь айында Таиланд өлкөсүнө эс алуу үчүн сапар алат. Билсеңиз керек, бизде кыш чилдеси кылычын кармап күчүндө турганда Таиландда жай. Андыктан сууга түшүп, күнгө күйүп, кооз табият кучагына оролчу бактылуу көз ирмемдер кимге ыйгарыларына күбө болгуңуз келсе, концертибизге келиңиз.
2-3-орундар да бар экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Бул орундарга ээ болгондорду баалуу белектер күтөт. Сынакта жеңилүү да, жеңиш да күтүлөт дегендей, калган катышуучулар
«Супер сулуу» сынагынын катышуучусу» деген диплом жана ар биринин сүрөтү түшүрүлгөн календарь менен сыйланышмакчы.
Сулуулардын сулуулугун ким аныктайт деп чыдабай жатасызбы? Бул калыстар тобунун колунда. Кара кылды как жарган калыс адамдардын аты-жөнүн азырынча жарыялабайбыз. Анткени сулуулар эртелей эле алардын жолун тосуп жүрбөсүн деген ой келбей койбойт.
АЖАРЛУУГА АЛТЫ СУРОО:
Алдыңыздарда тизилген суйкайган сулуулардын баскан-турганына, сүйлөө манерасына, өзүн алып жүрүү маданиятына, келбетине баа бергиңиз келсе, биз сизди 29-30-ноябрда Спорт Ордосунан күтөбүз. Келип сулууларды сындан өткөрүүнү унутпаңыз. Балким, өз сүйүүсүн таппай жүргөн мырзаларга бул бир келүүчү мүмкүндүк!