ТҮРК СУЛУУСУ МЕЛИСА АСЛЫ ПАМУК

“Мен жөнөкөй, бактылуу үй-бүлөдө чоңойдум. Иним эң жакын, мыкты досум болду, азыркыга чейин кеңешчим да болуп келет. Ата-энемдин эле эмес, эки мамлекеттин эрке кызымын. Нидерландыда баёо, бактылуу балалыгым өттү. Түркия болсо менин кыялымды ишке ашырган, көксөөмө жеткирген өлкө болду. Бактылуумун...” деген Мелиса Аслы Памук бүгүн түрк киносунун жылдызы, жигиттердин жүрөгүнө чок салган сулуу, көз күйдүргөн бойдок. Мелиса тууралуу кененирээк билгиңиз келсе, бул макала сиз үчүн.

Туулган жери:
Нидерланды, Харлем шаары

Туулган жылы: 1991-жыл, 14-апрель

Бою: 176 сантиметр

Кесиби: актриса, модель

Билген тилдери: түрк, англис, немис, голланд, француз

Тартылган белгилүү сериалдары: “Курт Сеит жана Александра”, “Түбөлүк сүйүү”, “Кагылышуу”, “Жаңы жашоо” жана башка

“ПЛАСТИКАЛЫК ХИРУРГ БОЛОМ ДЕЧҮМҮН”

“Атыңды Мелиса Аслы деп айтыш керекпи же Мелиса, же Аслы дейбизби?” деп сурай беришет. Чынында Мелиса жүрөгүмө жакын, Аслы дегени да бар экенин унутуп калам. Бейтааныш адамдар менен сүйлөшкөндө өзүмдү Мелиса Памук деп тааныштырам. Баса, көпчүлүктү “түрксүңбү?” деген да суроо кызыктырат. Ооба, түрк кызымын. Болгону Нидерландыда жашадык, ата-энем азыр да ошол жакта. Актрисалык кесип менен келечегимди байлайм деп ойлогон эмесмин. Врач, болгондо да пластикалык хирург болгум келчү. 13 жашымда кокустан бир киного эпизоддук ролго тартылып калдым. Камера алдында иштөө жакты. Мен үчүн белгисиз, кызык дүйнө болчу. Бирок мектепти бүткөндө негедир Амстердам университетинин психология факультетине тапшырып алдым. Бирок жаңылыптырмын...

“ТҮРКИЯ СУЛУУСУ-2011” СЫНАГЫН ЖЕҢИП АЛГАН

Бою узун, арыкчырай, татынакай кызга университетте окуп жүргөндө эле модель болууга сунуштар түшүп, кыз акырындан чыгармачыл чөйрөгө кире баштаган. Анын тагдырына бурулуш жасаган окуя 2011-жылга туш келди. Мелиса "Түркия сулуусу-2011" сынагына катышып көрүүнү чечет. Сынакта баш байгени алган сулуу Түркия мамлекетине көчүп келип, түрк жарандыгын алган. Ушул эле жылы “Аалам сулуусу-2011” сынагына барган Мелиса Аслы байгелүү орундарга илинбей калат. Бирок анын аты, жүзү түрк басылмаларынан түшпөй, модель катары көпчүлүккө тааныла баштайт. Университетти, психолог болом деген оюн таштап салган Мелиса актёрдук чеберчилик боюнча сабак ала баштаган.

МЕЛИСАНЫН ЖЫЛДЫЗЫН ЖАНДЫРГАН ТАСМАЛАР

Мелиса Аслы Памукту көпчүлүк “Курт Сеит жана Александра” сериалынан кийин тааный башташты. Ал эми дүйнөлүк атактуулукту “Түбөлүк сүйүү” (“Чёрная любовь”) сериалы тартуулады. 2017-жыл эсиңиздеби? “Түбөлүк сүйүү” чыкканда баарыбыз Кемаль (Бурак Өзчивит) менен Ниханды (Неслихан Атагүл) бириктире албай убара тартканбыз, алар менен чогуу күлүп, сүйүп, ыйлап, баш каармандарды чогуу кылбай койгон сценаристтерди тилдегенбиз. Сериалда биздин бүгүнкү каарман Асунун ролунда. Кемалды жоопсуз сүйгөн сулууга боору ооругандар көп болгон.

Былтыр экранга чыккан Мелиса Памук башкы ролдогу “Жаңы жашоо” сериалы бир катар талкууга алынды. Сериалда ал күйөөсүнүн зордук-зомбулугуна чыдап жүрүп, бир күнү жарылып, көпчүлүккө ачык айтып чыгат. Тасма чыккандан кийин бир тарап “бул үй-бүлөнүн, аял менен эркектин ортосундагы мамиле. Аны тасма аркылуу түрктөрдү жаман көрсөтүү максатында колдонуу туура эмес” деп ызылдашты. Ал эми экинчи тарап “түрк кинолорунда дайыма аял эркекке өйдө карап сүйлөбөшү керек, эркектин сөзү мыйзам деген нерсе көрсөтүлөт. Анын айынан канчалаган аялдар "ии, жашоо ушундай турбайбы" деп оор тагдырына баш ийип жашап келишет. “Жаңы жашоо” аял деген да адам, аны уруп-согуу кылмыш экенин билдирген тасма болду” деп колдошту. Түрк кино жаратуучуларынын жеке мага жакпаган жагы, тасма жогорку рейтингге жетпесе, а-бу деп түшүндүрүп убара болбой, тасманын аягын тартпай коюшат. Муну көрүүчүнү сыйлабастык дейбизби, билбейм. “Жаңы жашоо” сериалында да ошол нерсе болду. Рейтинг төмөн деп сериал бүдөмүк бир жеринен бүтүп калды. Ал аягына чыгабы, чыкпайбы белгисиз. А ушуга чейинки серияларын калтырбай көрүп келе жаткан көрүүчү чала өлгөн жыландай кала берди.

“АМБИЦИЯСЫ КҮЧТҮҮ АДАМДАР ЖАКПАЙТ”

Актрисанын: “Мени сулуу актриса катары эмес, таланттуу актриса катары эстеп калышса дейм. Андыктан талантымды өстүрүүгө болгон аракетимди жумшап, окуп келем”,- дегенинин жөнү бар. Анткени ага карата “эмоциясы жок ойнойт. Күйүнүп жатабы, сүйүнүп жатабы белгисиз”, “сулуу, бирок муздак” деген сындар көп айтылат. Ушул жылы Мелиса тарыхый тасмага чакыруу алганы белгилүү болду. Балким, жаңы долбоордон актрисанын жаңы таланттарына күбө болобуз. Актрисанын кыялында Голливудду багындыруу да бар.

Токтоо, жөнөкөй, шайыр Мелиса бош убактысында музыка угуп, кино көргөндү, же болбосо спортко убакыт бөлгөндү жактырат. “Мага амбициясы күчтүү адамдар жакпайт. Алар максатына жетиш үчүн бардыгын тебелеп кетүүгө даяр болушат. Эгер андай адам менен беттешүүгө туура келсе, дароо четке жылам. Жан дүйнөм таза бойдон калышын каалайм. Айланамды карасаңар, жалаң жашоону сүйгөн, ар бир нерсеге топук кыла билген, жөнөкөй, боорукер адамдар. Менин ордум ушундай адамдардын арасында”,- дейт ал.

Мына ушундай жөнөкөй кыздын жүрөгүн актёр Толга Сала багындырып, экөөнүн мамилеси 10 жылга чейин созулган. Бирок экөөнө гана белгилүү себептер менен түгөйлөр эки башка кетишкен. 2019-жылдан бери актрисаны футболчу Огузхан Озьякуп жандап жүргөн. Бирок бул мамиле да көпкө узабай, жакында эле экөө тең кайрадан жүрөгү боштордун катарын толуктап калышты.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 968, 24-30-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан