Күнүмдүктөр (жашоосу 1 күндүктөр) дүйнөдө Тынч океанындагы Гавайи аралдары менен Атлантика океанындагы Ыйык Елена аралынан башка бардык жактарда жашайт. Торчо сымал жука тунук калдыркан канаттары бар. Денесинин узундугу – 5-30 миллиметр. Дүйнө боюнча 2600 түрү кездешет. Жер шарында болжол менен мындан 350 миллион жыл мурун пайда болгон.
Личинкалары. Булар тузсуз суунун жээктери менен көлмөлөрдө 1-2 жыл жашап, анан жетилет. Курсактарынын уч жагында 2-3төн узун, ичке куйрук жипчелери бар. Тумшугу жакшы өнүккөн, алар сууда өсүүчү балырлар, өлүп, денеси суу түбүндө бузула баштаган жаныбарлардын калдыктары, өсүмдүктөрдүн сууга түшүп чирий баштаган бөлүктөрү менен тамактанышат.
Личинкалар жетилип чоңойгондо. Тумшугунун түзүлүшү өзгөрөт, ичегилери аба көбүкчөлөрүнө окшоп калат. Ошентип тамактануу мүмкүнчүлүгүнөн айрылат. Бир нече саат эле жашайт, чанда бири гана бир нече күн жашашы мүмкүн. Абага учуп чыгып, жупташат, андан соң эркеги дароо эле өлөт. Ургаачылары жумурткаларын сууга таштайт да, алар да өлөт. Жашоосу 1 күндүк болсо да артында тукум калтырууга жетишет.
Канымжан Усупбекова