Куудулдук өнөрдүн башында турган куудулдарыбыздын бири Абдылда Иманкулов маек төрүбүздө. Чоң өкүнүчү, досу Рахман Разыковдун дүйнөдөн кайтканы, жашоосундагы чындыктар, мүнөзүндөгү карама-каршылыктар тууралуу сөз болду. Окурман, маек сизди да менчелик таасирлентет деп ойлойм.
– Кош келдиңиз, агай. Тилекке каршы, өмүр жоготуулар менен коштолот экен. Жакында эле досуңуз Рахман Разыков дүйнөдөн кайтты. Сиз үчүн оор жоготуу болсо керек?
– Рахмат, кыргыз эли үчүн оор жоготуу болду, жакындары үчүн андан да жаман. Мен Рахман менен 37 жылдан бери тааныш экем. Куудулдардын арасынан Манас Бердибековду биринчи тааныгам, кийин Рахман менен тааныштым. Арасында өңү суук бирөө жүргөн экен, кийин ал Жамбыл Камчиев болуп чыкты.
Каза болоруна 2 күн калганда телефон аркылуу сүйлөшкөм. Үнү, маанайы жакшы болчу. “Аялым экөөбүз жатабыз, мен аны карап, ал мени карап жатат” деди эле. “Анда үйүңөргө барып карашпайсыңарбы, эмне жатасыңар?” деп тамашалагам. “Жети атам тирилип келсе да коронавирус кетмейинче элге аралашпайм. Сен да үйүңдөн чыкпа” деди эле. Эртеси эле жаман кабарды угуп нес болуп калдым. Кимден укканым эсимде жок, дароо учакка билет алып, зыйнатына катышып келдик. 15 күн мурун үйгө келип, экөөбүз таң атканча сүйлөшкөн элек, ошол акыркы жолугушуубуз экен.
– “Мүнөзү көл болчу” дешет жакшы билгендер...
– Мүнөзү жакшы болчу. Мисалы, мен анча-мынчага чыдабайм, чарт-чурт дей түшөм. Журналисттердин бири “Рахман аке фестиваль уюштуруп, шакирт даярдап жүрөт. Сиз эмнеге антпейсиз?” деп сурап калды. “Антиш үчүн Рахман сыяктуу бир аз кем акыл болуш керек” деп жооп бергем. Эми бул тамаша да. Чын эле моюнуна оор жүк үйүп алып, элден жакшы сөз укпай жүрө берчү. Бул анын жакшы сапаты. Рахман өзүнө максат койсо, элдин сөзүнө, түйшүгүнө солк этпей чыдап койчу. Мен анте албайм, өзүм тууралуу сөз уксам ким айтканын таба калып беттештирип, ызы-чуусун чыгарып жиберем. Рахман таарынса да “таарындым” деп айтчу эмес. Бирок таарынып калганын билчү элем. Сүйлөшсөң “аа болуптур, өттү да” деп койчу.
– Келиңиз, чыгармачылыгыңызга кайталы. Тамашоучулар, вайнерлер сыяктуу дагы эки-үч жылда башка нерселер чыгып кетиши мүмкүн. Куудулдуктун доору бүтүп бараткандай сезилбейби?
– Жок, куудулдуктун доору бүтпөйт, элестете албайм. Куудулдук дүйнө жүзүнө таралган өнөр. Орус, татар, америкалыктар, деги эле бардык элде куудулдар бар. Бир кезде кыргызда төрт эле төкмө акын калган. Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев, Ашыраалы Айталиев, Замирбек Үсөнбаев гана бар болчу. Ошондо эл “төкмөлүк ушуну менен бүтүп калабы?” деп кейиген. Садык Шер-Нияз аракет кылып өнөрдү көтөрмөлөп койду эле, азыр төкмөлөр жаандан кийинки козу карындай жайнап кетпедиби. Азыркынын жылдызы ошолор. Куудулдуктун доору бүтпөйт. Мисалга өзүм берген концерттерди эле алайын, эл мурункудай жык-жыйма. Ооба, улуу муун көбүрөөк келет. Баары бир куудулдук чоң өнөр.
– Куудулдардагы сөз эркиндиги тууралуу сурайынчы, кысым болобу?
– Болбой анан, көп эле жолу болду. Куудулдар ошол үчүн мамлекеттик мекемеде иштеген жокпуз. Айта турган оюбуз, кебибиз эркин болсун, курч, элдин жүрөгүндөгү акыйкатты жеткирели деп өз арабабызды сүйрөп жүрдүк. Болбосо айттырбайт да, “сен антпе, минтпе” деп тыйып турса чыгармачылык болмок беле?
Сахнада жүргөнүмө 40 жыл болду, азыр деле “саясатка эле мурдуңарды тыга бересиңер, башка тема жокпу?” деп айтышат. 40 жылдын 30 жылын сайрап эле келе жатам, оңолбой жатсак айтабыз да. Мамлекет оңолуп кетпеди, президенттерибиздин бири жакшылык менен ордун бошотуп бербеди. Бири качкын, бири түрмөдө, бири дагы башка... Биздин тээ 20 жыл мурун аткарган сатирабызды таап алып, азыр ошого окшош окуя болсо чаптай калышат. Ал сатиралар өзүбүздүн эсибизден чыгып кеткен болот. Бирок, карабайсыңбы, актуалдуулугу азыр деле жоголо элек.
– 40 жылдан бери сахнада жүрөсүз. Ушул ийгилигиңиз үчүн кимге милдеттүүмүн деп ойлойсуз?
– Кичинемде агайым бар болчу, көзү өтүп кетти. Агай 4-классымдан эле “эй артист, чык доскага” дечү. Урушканда да ушинтип урушчу. 10-классты бүтүп жатканда химиядан сабак берген эжейим “Абдылда, химиядан абалыңды билесиң да, ээ?” деди, “билем” десем, “аттестатыңа 5 коюп койдум, бирок мени уят кылып жогорку окуу жайга тапшырба. Сен артист эле бол” деди. Ушу сөздөр деле багытымды түздөдү. Биринчи мектебим Токтогул элдик театры болду. Ошол жерден роль аткарып чыгармачылыкка аттандым. Ошондуктан эжей-агайларыма милдеттүүмүн.
– “Эл эмне дейт?” деп жашагандардын катарындасызбы, же “эл эмне десе ошол десин” дейсизби?
– Каалайбызбы же каалабайбызбы биз элдин көзүндөгү адамдарбыз. Катардагы адам жасап койгон нерсени биз жасай албайбыз. Антпесе баса калган жатпайсыңарбы журналисттер (күлүп). Ошол үчүн рамкада болуп калабыз, бул өзүнөн-өзү келип чыккан нерсе болот. “Элге кеп болуп калбайын” деген нерсе бар, аны тана албайм.
– Ырчылардын бир ыры көп жылдар жашашы мүмкүн. Мыкты сатиранын өмүрү канча жыл болот?
– Мындан 50-60-100 жыл мурунку ырларды азыр жакшы аткарып койсоң жашай берет. Барпы акындын “Мөлмөлүмү”, Атайдын “Күйдүм чогу” жашап эле келе жатпайбы. Бирок сатира анча жашай албайт, актуалдуулугун жоготуп коёт. Бир жылды айтпай эле коёюн, 1 ай мурун аткарган сатираңды аткарсаң “эскиси эле турбайбы” дешет. Анткени азыр Оштогу сахнада айтканыңды чөнтөк телефонго тартып алып, социалдык тармакка таратып жиберип жатышпайбы. Сен ал сатираң менен Нарынга же Ысык-Көлгө барсаң эл эбак көргөн болуп чыгат. Куудулдардыкы ушул жагы түйшүктүү. Ай сайын сатира чыгарып, элдин тамырын кармап, жаңыланып турушу керек. Бирок кээ бир сатирабыздын өмүрү узун болот. Акаевдин учурундагы маселени чагылдырсак, азыр дал ошондой окуя болуп калса актуалдуу боло берет.
– “Кыла албай калдым” же “ушуну бекер кылдым” деп өкүнгөн учуруңуз болду беле?
– Ооба, толтура болгон. Мына азыр да болуп жатат.
– Эң чоңу барбы?
– Эң чоңу бар (ойлонуп). Илгери Москвага Щепкин атындагы чоң театралдык окуу жайга ушу жерден сынак болуп, өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү бар эле. Жанузак Молдобаев деген жазуучунун “Көктөмдөгү чагылган” деген спектаклинде Аманат деген каарманды ойнодум. Молдобаев Щепкинге кетирип жаткан комиссиянын төрөгасы экен. Ал мени таанычу эмес, бирок ошондо аткарган ролум жагыптыр. Ошол спектакль менен фестивалда биринчиликти алганбыз. Ошондо агай “Абдылда, талантың бар. Сен өтөсүң, барып документтериңди даярдап келе кал, окуп ал” деди. Атам катаал киши эле. Мен анда үйлөнүп, кыздуу болуп калгам. Окуу жайга баргым келди, атама айта албачу элем, апама айттым. Щепкинди апам билип коюптурбу, жалпак тилде эле “Москвага барып артисттин окуусуна окуп келейин, апа” дедим. “Москвага артисттин окуусуна барат деген кандай жорук? Атаң укпасын, өлтүрөт” деп салды. “Атам өлтүрөт экен” деп барбай калдым. Ушул чоң өкүнүчүм. Жогорку окуу жайда окубай калдым. Жамбыл айтмакчы, “асалчымын”. Бал чыгаруунун орто окуу жайын бүткөм.
– Маекте Жамбыл агай тууралуу өңү суук бирөө жүрүптүр дедиңиз го. Сиз өзүңүздү сулуумун деп ойлойсузбу?
– Эми Жамбылга караганда жакшыраакмын го. Чын эле ошентип ойлогом. Жаңы таанышканда “ушу өңү менен кантип актёр болсун?” дегем. Эми бир укмуш болчу, азыр баарыбыздын көзүбүз көнүп калды окшойт (күлүп). Артисттердин баары келишимдүү болот деп ойлочу элем.
– Жамбыл агай укпасын, ээ?
– Уга берсин, жазып кой (күлүп).
– Маегиңизге рахмат, агай!
Нуржамал Жийдебаева