Спорт жылдызы
Биздин бүгүнкү каарманыбыз кийди курал кылып, Дүйнөнү 4 жолу багынтты. Өзү сырткы келбети жагынан окуучуга окшош болгону менен, ак сөөктөр оюну болгон бильярдда атаандаштары анын жанында окуучу болуп калышат. Каныбек Сагынбаев “гезитке интервью берип, айткандары бурмалангандан кийин ЖМКларга чыкпай калган” деген кепти четке кагып, ачык маек куруп берди.
КАНЫБЕК КАЛЫГУЛОВИЧ САГЫНБАЕВ
Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы – 1985-жыл, 11-ноябрь
Бою – 177 см, салмагы – 58 кг
Лакап аты – "Боец"
Жактырган бильярдчысы – Евгений Сталев
Жактырган тасмасы – “Оушендин 11 досу”
Жетишкендиктери – Бильярд боюнча Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону
Машыктыруучусу – Константин Коробов
Билими – КУУнун экономика факультетин бүтүргөн.
Бойдок. Учурда Бишкекте жашайт.
– Каныбек, колуңа биринчи жолу кий кармаган күнүң эсиңдеби?
– Анда мен 8 жашта элем. Балдар менен Бишкектин Батыш автобекетиндеги бильярд ойноочу жайга барып ойногонбуз. Ошондо бильярд мени биринчи соккуда эле арбап алган. Ошол күндөн тарта бул оюн түрү эрмегиме айланган. Мектептен чыгарым менен бильярд ойноого шашчумун. Апам тыюу салса да, баары бир айтпай, качып болсо да бара берчүмүн.
– Кандай үй-бүлөдө чоңойдуң? Бир туугандарың эмне менен алектенишет?
– Катардагы эле карапайым үй-бүлөдө чоңойдум. Атам куруучу болчу. Мен 6 жашка чыкканда каза болуп калган. Апам эт комбинатында администратор болуп 20 жылдан ашуун эмгектенди. 3 бир тууганбыз. Иним Максат ЖОЖдо, карындашым Индира мектепте окуйт.
– 6 жашыңдан атасыз өскөн болсоң, көп кыйынчылыктар башыңдан өтсө керек?
– Ооба. Атам каза болуп калгандан кийин үйдө улуу бала болгондуктан, апаңа жардамдашасың да. Оор турмуштун айынан “Ош базарында” семичке, лимонад саткан күндөр да болгон.
– Мына жакында Кыргызстанды дүйнөгө даңазалап, Дүйнө чемпиондугун жеңип алдың. Дүйнөлүк рейтингде да көч башы болуп алыпсың. Буга мамлекет тарабынан кандай жооп болуп жатат?
– Азырынча эч кандай. Жакында президент кабыл алат дешкен, күтүп жатабыз. “Жеңишиң үчүн мекениңде кандай сыйлашты?” деп чет элдик кесиптеш досторум сурап калышат. Эгер алар эч кандай колдоо болбогонун угушса, күлүшөт. Коңшу өлкөлөрдө спорттун кайсы түрү болбосун Дүйнө чемпиону чыкса, президенти баш болуп тосуп алып сыйлашат.
– Ушундай кырдаалдарда чет өлкөгө кетүү ойлору жаралбай койбосо керек. Сунуштар түшкөн да?
– Албетте, жаңы чыга баштаганымда эле чет өлкөдөн сунуштар түшө баштаган. Эгер мен баарынан акчаны жогору койсом, эчак эле чет жерде жашап жүрмөкмүн. Бир мисал айта кетейин. Германияда өткөн Дүйнө чемпиондугунун алдында, атын айтпай эле коёюн, орусиялык бир олигарх келип, жеңилип берүүмдү суранды. Ал бул үчүн 30 миң доллар убада кылды. Бирок мен андай жолго бара албайм. Мен патриотмун. Акча түгөнөт, ал эми өлкөгө аброй керек. Туулуп-өскөн жериңдин намысын талашып, жеңиштерди алып бергенге не жетсин!
– Сөздүн нугун бильярдга бурсак. Бильярд биринчи кезекте сен үчүн эмне?
– Бильярд – мен үчүн биринчи кезекте сүйүп алектенчү, мага болуп көрбөгөндөй рахат тартуулоочу ишим. Анан дагы башкысы, бильярд ойноп өлкөмдүн намысын коргоп келе жатканыма сыймыктанам.
– Бильярдда физикалык даярдык кандай роль ойнойт?
– Бильярдды сүйгөн балбаныбыз Канат Бегалиев: “Сенин спортуң эле жакшы. Биз мелдеш алдында 1 ай көп нерседен баш тартып, тынымсыз машыгабыз. А силер түнү менен көңүл ачып алып деле, эртеси кийиңерди колуңарга алып мелдешке жөнөп каласыңар”,- деп тамашалап калат. Бирок биз деле бассейнге барып, чуркап, өзүбүздү мыкты спорттук калыпта алып жүрүүгө аракет кылабыз. Ошентсе да бильярдда физикалык даярдыкка караганда психологиялык даярдык маанилүү.
– Сен өзүң мелдештерге кантип даярдык көрөсүң?
– Көңүлүмдү жайгарып, тынч эс алуу максатында жаратылыш коюнуна барам. Балык уулоого чыгам.
– Бильярдда сүйгөн ыкмаң кайсы?
– Менин сүйгөн ыкмам “баскетбол” деп аталат. Мында шар секирип, тор баштыкка үстүнөн түшөт. Дүйнөдө бул ыкма менен 10 аракеттен онун тең түшүрө ала турган бильярд чеберлеринин катарына кирем.
– Аны өздөштүрүү үчүн канча убакыт кеткен?
– 1 жыл үйрөнгөм. Негизи, жарым жыл деле жетиштүү. Эгер өжөрлүк менен 1 жыл коротсоң, көзүңдү жуумп деле киргизип каласың.
– Сени менен көпчүлүктүн бильярд ойногусу келери бышык. Атактуулардан кимдер менен ойноп каласың? Арасында сага атаандаш боло тургандары барбы?
– Досум Мирбек Атабековго бильярд ойноону үйрөткөм. Ома менен Канат Бегалиев да жакшы ойношот. Орусияга барып калганда Леонид Ярмольник, Леонид Якубович, Александр Иншаков, Андрей Макаревичтер менен да ойноп калам. Аталгандардын ичинен Андрей Макаревич бир аз атаандаш боло алат десем болот.
– Жеке жашооңо келсек... Сүйлөшкөн кызың барбы? Качан үйлөнөйүн деп жатасың?
– Ооба, сүйлөшкөн кызым бар. Бирок үйлөнүү тууралуу ойлоно элекмин.
– Болочок жубайыңды кандай элестетесиң?
– Биринчи кезекте ата-энени сыйлаган болсо дейм. Анан да болочок жубайымдын сабырдуу болгону мен үчүн чоң мааниге ээ. Анткени мелдештердин айынан үйдө көп болбой калышым мүмкүн. Ошонун баарына чыдап, түшүнүү менен мамиле кылуусу керек го.
– Көп эле белектерди алып жүрөсүң да. Сага Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун машина белек кылганын укканбыз. Ушул жөнүндө өзүңдөн уксак...
– Бир нече жылдан бери Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун чакыруусу менен анын атасы Ахмат Кадыровдун урматына уюштурулган эл аралык мелдешке катышып келем. 2 жолу күмүш медаль тагынгам. Рамзан Кадыров катышуучулардын арасынан жалгыз мусулман болгонум үчүн мага жан тартат. Анан ал жеңишимди куттуктап, бир тууган мусулман элинен деп Ягуар автоунаасын белек кылган. Барганда өзү менен да бильярд ойноп турам.
– Жаңылбасам, былтыр президентибиз квартира белек кылган...
– Ооба, Курманбек Бакиевдин тушунда эмгегимди баалашып, квартира белек кылышкан. Аны мен апама белек кылгам.
– Колдоочуларың кимдер?
– Албетте, менин башкы колдоочуларым – үй-бүлөм, жакындарым. Анан дагы колдоо көрсөтүп келаткан агам, кыргыздын тарыхын даңазалап руханий борборлорду ачкан Ташкул Керексизовго ыраазычылыгымды билдиргим келет. Ал мени өз баласындай, мен аны атамдай көрөм. Аны кыргыздын чыныгы патриоту деп эсептейм.
– Келечекке кандай пландарың бар?
– 4 жолку Дүйнө чемпиону наамы менен токтоп калуу оюмда жок. Бильярддын айкалышкан пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиону боло элекмин. Андыктан чемпион болуу үчүн дагы да болсо аракеттенем. Ошондой эле өз тажрыйбамды жаштар менен бөлүшүү максатында Кыргызстанда бильярд мектептерин ачууну пландаштыргам. Жер алып, имарат куруу иштери аяктап калды.
– Ийгилигиңдин сыры эмнеде?
– Айта кетчү нерсе, кезинде досторум менен түнкү клубдарда эс алып калчубуз. Анан көргөндөр “Каныбек машыкпай эле эс алып жүрөт, кантип чемпион болмок эле?” деген кептерди угуп калчумун. Чынында, профессионал спортчулар билишет, чемпион болуу оңой эмес экендигин. Ар бир жеңиштин артында канчалаган эмгек жатат. Жаратканга ушундай талантты бергендиги үчүн ыраазымын. Ийгилигимдин сыры деп ошол талантты өркүндөтүп, көп убакыт машыкканымды айтам.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg