90 КИЛОГРАММГА АРЫКТАГАН КИШИ ЭМИ ӨКҮНҮҮДӨ

90 КИЛОГРАММГА АРЫКТАГАН КИШИ ЭМИ ӨКҮНҮҮДӨ

Англиянын Уитчерч шаарынын жашоочусу 26 жаштагы Жош Смит өзүнүн салмагынын жарымынан көбүнөн арылган, бирок бул үчүн ал эми өкүнүп жатканын айтат. Айтымында, ал 2009-жылы чоң атасы каза болгондон кийин стресс болуп, андан көп тамак жеп баштаган. Мындан 12 жыл мурун 76 килограмм болсо, кийин 152 килограммга жеткен. Күн сайын пицца, чипсы жеп жана бир нече литрден кока-кола ичип турган.

2017-жылдын августунда Смит досу менен Амстердамга барып калат. Ошол жактан ал эң семиз адам экенин моюнуна алып, арыктоону чечкен. Диета кармап 90 килограмм салмактан арылган. Бирок мунун айынан ден соолугу начарлап, дарыгерлер анорексия диагнозун коюшкан. Ошондон кийин ал диетасын токтотуп, баланстуу азыктанууга өткөн. Семиздиктен кутулганы менен, анын териси шалбырап калган. Тилекке каршы, мындан хирургиялык жол менен гана арылууга болот жана ага 26,5 миң фунт стерлинг (орточо 3 миллион сом) кетет. Смитте мынча акча жок болгондуктан элден чогултуу үчүн эсеп ачкан.

ТҮШТҮК КОРЕЯДА ЭҢ ЖАКШЫ ЭС АЛГАН АДАМ ТАБЫЛДЫ

Түштүк Кореяда Space Out Competition сынагы болуп, анда өзүн эң жакшы эс алган адам сезген жеңүүчү тандалды. Бул сынак адамдарга тынчтыктын маанилүүлүгүн эскертип, коронавирус пандемиясынын шартында тынч абалга кайтууну эскертет.

Сынак Чеджудо токоюнда өттү. Катышуучуларга 90 мүнөт ичинде максималдуу түрдө эс алуу сунушталган. Жыйынтыгында жүрөгүнүн согушу эң туруктуу болгон адам – Чеджу шаарындагы чачтарач жеңүүчү болду. Ал бир жарым саат бою дээрлик кыймылдаган эмес.

Катышуучулар сынактан кийин өздөрүн жаңыланып калгандай сезип калышканын айтышкан. Биринчи жолу Түштүк Кореяда мындай сынак 2014-жылы өткөрүлгөн.

4 АЙЛЫК БОЛУП ТӨРӨЛГӨН НАРИСТЕНИН ТУУЛГАН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Энесинин ичинде 4 айлык болгондо төрөлгөн наристенин биринчи туулган күнү белгиленди.

Ричард Скотт Уильям Хатчинсон эң эрте төрөлүп, жашап кеткен эң биринчи бала катары “Гиннесстин рекорддор китебине” кирген. Анын туулгандагы салмагы 337 грамм болчу. Ал болжолдуу жарыкка келер күнүнөн 131 күн мурун жарыкка келген. Дарыгерлер анын атасы Рик менен апасы Бетке баланын абалын түшүндүрүп, ымыркайдын жашап кетерине кепилдик бере алышкан эмес. Бактыга жараша, ал төрөлгөндөн кийин 6 айдан соң төрөтканадан үйүнө чыгарылган. Наристе Американын Миннеаполис шаарында жарыкка келген.


Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 968, 24-30-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан