“ТАЗГА ЧАЧ, КӨСӨӨГӨ САКАЛ ӨСТҮРҮП БЕРЕБИЗ”

Бишкекте чачсыз калган таздарга, ээгине сакал-мурут өспөгөн көсөөлөргө, кашсыздарга каш өстүрүп берип жатышат. Алардын тилегин чачты көчүрүү ыкмасы аркылуу орундатууга болот. Бул жаатта маалыматты Бишкектеги Medcenter.kg көп тармактуу клиникасынын пластикалык хирургу, чачты көчүрүү трансплантологу Хоссейни Хабиб Фархадович айтып берди.

ЧАЧ ӨСТҮРҮҮ КЫЗМАТЫНАН КИМДЕР КОЛДОНО АЛАТ?

– Чачты көчүрүп өстүрүү ыкмасы Кыргызстанда колдонула баштаганына 2 жыл болсо да популярдуулукка эми жетип отурат. Бул ыкма FUE-DHI деп аталат. Чач, каш, кирпик, сакал-мурут өспөй калган жерге адамдын өзүнүн кежигесиндеги чачы алынып жайгаштырылат. Башкача айтканда, кежиге чач чачтан тышкары сакал, мурут, каш да болуп берет.

Чач өстүрүү кызматынан төмөндөгүлөр колдоно алат:

  • Тукум куучулуктан, организмдеги гормоналдык бузулуудан (тестостерондун көбөйүп кетиши), экологиянын начарлашынан башындагы чачынын канча бир бөлүгү түшүп, көбүнчө төбөсү таз болуп калгандар. Атап кетсек, тазартуучу, бактерияларды өлтүрүүчү, суу түтүктөрдү дат басуудан сактоочу заттар көп кошулган суудан да чач түшөт.
  • Автокырсыктан, жыгылуудан же башка себептен башында, кашында тырыгы барлар. Тырык болгон жерде чач, каш өспөй калат.
  • От жагам же тамак жасайм деп каш-кирпигин күйгүзүп, каш-кирпиксиз калгандар. Күйгөн жердеги чач, каш, кирпиктердин тамырына доо кеткен болсо кайра чыкпай калат.
  • Жашы келип калса да сакал-мурут өспөй көсөө жүргөндөр. Алардын көбү мындай кемчиликтеринен корунат.
  • Маңдайы тубаса алыстар, бакенбарддуу, коюу каштуу болгусу келгендер, бетин тарттыргандан кийин чекесинде тырык калып калгандар, кашына татуаж жасаткысы келбей FUE-DHI ыкмасын тандагандар
  • Дин жолунда жүрүп же сакал, мурут коюу модасын кубалап, бирок алары суюк өсүп же өспөй жаткан жаштар

“ПРОЦЕДУРА 3 ЭТАПТАН ТУРАТ"

– Көчүрүү процедурасы бир топ тепкичтерден турат.

1. Кеңешке кайрылуу, катталуу. Алгач келген пациенттин ой-мүдөөсү угулат. Тырыктан улам каш, чач өспөй калганы бир караганда эле билинет. Булар көчүрүү процедурасына дароо эле катталат. Ал эми чачтуу болсом деген пациенттин чачынын бир бөлүгү же жарым-жартылайы түшүп калган болсо трихологго жиберилет. Ал чачынын түшкөн себебин аныктайт. Эгер дарылоо жолу менен кайра өстүрүүгө болсо анда трансплантологдун кереги жок болуп калат. Эгер чачы өспөй турганы так маалым болсо анда ага көчүрүп жасоо керек. Ошентип кимге трансплантология керек, кимге кереги жок аныкталат.

2. Анализ тапшыруу. Пациент гепатит, ВИЧке, кандын жалпы анализине кан тапшырат.

3. Көчүрүү процедурасы. Алгач адамга оорутууну сездирбөөчү укол сайылат.

1-этапта желкедеги чачтар фолликул деп аталчу пияз сымал түптөрү менен кошо алынат. Бир фолликулда 2-3 чач болот, бул 1 топтом болуп эсептелет да, медицинада графт деп аталат. Ошентип көчүрүлүүчү зонага канча графт керек болсо ошончо графт микрохирургиялык аспаптар менен алынат.

2-этапта чач көчүрүлүп жайгаштырылуучу зонада тешикчелер (каналча) жасалат.

3-этапта графттар тешикчелерге жайгаштырылат.

Процедуранын оңой делингени 4 саатка жакын, татаалы 7-8 саатка созулат.

Графт маңдайы алыстардын маңдайынын канча бир пайызына, кашы суюктардын кашынын араларына, кашы кыскалардын кашынын уч жактарына, чекедеги тырыктардын үстүнө көчүрүлөт. Эскертүү: процедура узак болгон учурда пациентке дем алып, чай ичип алууга уруксат берилет. Кээде баштын көп бөлүгү таз болсо чач көчүрүү 2-3 күнгө бөлүнүп жасалат.

Чач адамдын өзүнөн алынгандыктан жаңы чач, каштарды организм жерибейт. Чач көчүрүлүп жайгаштырылган аймак эртеси бир аз шишип таркайт. Анан карттанып, карты түшөт. Көчүрүлгөн соң дары май же башка нерсе сүйкөлбөйт. 1 айдан кийин өсө баштайт да, 3 ай дегенде түшөт. Ордуна жаңылары чыгып, өмүр бою калат. Эң мыкты жыйынтык 1 жыл дегенде билинет.

Көчүрүлгөн аймакка 1 суткадан кийин суу тийгизүүгө, башкача айтканда, жуунууга болот.

ЧАЧ КӨЧҮРҮҮ ЫКМАСЫН КОЛДОНГОНДОР ТУУРАЛУУ

  • 13 жаштагы кызды алып келишти. Ал кичинесинде бийиктен кулап, чыкый тарабында тырык калып, ошол жеринде чач өспөй калыптыр. Чач өстүрүп бердик, кийин кайра келишти, карасак сонун болуп өсүп калыптыр.
  • “Жашым 60ка келди, сакал-мурут өспөдү, элден уялам, өзгөчө аш-тойго барганда” деп бир аксакал келди. Ага да өстүрүп бердик. Кийин келип батасын берип кетти.
  • 29 жаштагы жигит “тырыктан улам бир кашымдын жарымы жок. Сакал-мурутум да сербеңдеп суюк өсөт” деп келди. 1-күнү кашына, 2-күнү сакал-мурут аймагына чач көчүрүп бердик. 2-күнү 8 процедурага 8 саат кетти.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
GS-Zari
2021-06-29 11:40:00
Жакшы экен, баалары кандай болду экен?
0
№ 968, 24-30-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан