ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРДЫН КООПСУЗДУГУ ҮЧҮН АКЫЛДУУ МЕХАНИЗМ

Чукул бурулуштарда же кандайдыр бир себептер менен жүк ташуучу унаалардын прицептери ооп кетип, алдынкы бөлүгүн кошо кулатып, адам өмүрүн алган учурлар өтө көп болот. Мындай кырсыктардын алдын алуу үчүн калифорниялык Axicle стартапы прицеп оогон кезде аны түртүп ажыратуучу акылдуу TARS механизмин иштеп чыкты. Ал унаанын алдынкы бөлүгү менен прицептин бириккен жерине орнотулуп, 25 тоннага чейинки жүктү көтөрө алат. TARS`та жайгашкан датчиктер жүк ташуучу унаанын кыймылын көзөмөлдөп, ажыратуу керек болгондо 1 миллисекундда реакция берет. Бул убакта пиропатрону иштей да, прицепти түртөт. Натыйжада жүк ташуучу унааны айдап бараткан адамдын аман калуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

Бул механизмдин баасы 4 миң доллар турат. Камсыздандыруу компаниялары бул ойлоп табууну колдошуп, мындай көзөмөлдөөчү жүк ташуучу унаага коюлса ага жылына төлөнүүчү камсыздандыруу салымы 2-3 миң долларга азаярын белгилешет. TARS жылдын аягына чейин толук түрдө тестирлөөдөн өтүп, өндүрүшкө берилерин Axicle стартапы билдирди.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 968, 24-30-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан