Айтыш өнөрү элдин жарпын дагы бир жолу жазды. 20-июнда Бишкекте “Айтыш” фондунун 20 жылдыгына, төкмө акын, СССРдин Эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына арналган айтыш өтүп, анда тандоо турунан өткөн 12 акын айтышты. Расмий бөлүгүн тим коюп, айтыштын өзүндөгү кызыктарды баяндап берели.
Чүчү кулак кармап, жуптарын аныктап алган соң алгач эле сахнага Турат Жумаев менен Мамбеттокто Мамбет Орозо чыгышты. Айтыш башталары менен колдоп-коштоп, көңүлүнө жаккан сөздөр айтылганда узакка чейин кол чаап отурган көрүүчүлөргө ыраазы болдум. Чындыгында жандуу отурушту, кыргыз экениме дагы бир жолу сыймыктандым.
Турат Жумаев менен Мамбеттокто мырза бири-бирине “сөз атып”, көбүнчө Эстебес Турсуналиевди эскерип ырдашты. Ортодон Турат Жумаев залкардын ырынан үзүндү айта кетти. Мамбеттокто мырза Эстебес Турсуналиевдин залда отурган жубайы Райгүл Деркенбаевага карап “Балаңды эмизсеңчи (өзүн айтып), Алмамбет келгенде эмизгендей, Эстекедей болсун деп бата кылып эмизсең, Эстебес кайра жаралса жаманбы?” деп Манас эпосун мисал кыла ырдады. Кытайдан келген Мамбеттокто “кытайлык кыргыздарды бул жакка алып келер күн келсе экен, бирөөлөрдүн элинде байкуш кылбай” деп сөзүн жыйынтыктады.
Кийинки жуп – Акматбек Султан уулу менен Асылбек Маратов. Айтыштарда байкайм, Асылбек акын мончоктой тизип ырдайт. Ал эми Акматбек акын ый аралаш күйүп ырдайт. Асылбек акын адатынча элдин көйгөйүн төгүп ырдады: “Министр, депутаттарды миллионер кылып чыгарган, Миң жаша, кыргыз, сен журтум”. Ал эми Акматбек мырзанын берилип алып өлкө, эл үчүн күйүп, адатынча ыйлап ырдаганын уксаңыз, сиздин да ыйлагыңыз келет. Эл ишеним артып шайлаган эл башчыларын, алар үчүн аянтта кыйылган өмүрлөрдү, жердешчиликке жеңилип жаткан, жемкорлорду коргой берген элди айтып ырдады. “Өз баштарынан ашпаган, өз элиме таарындым” деп бул ирет да көзүнө жаш алып, күчтүү өлкө куруу үчүн ар бирибизди аракет кылууга чакырды. Асылбек акын болсо “сел кыласың жашыңды, сен эле кейип жаткандай” деп Акматбек акынды сабырдуу болууга үндөгөнү менен, өзү деле өлкөдөгү көйгөйлөрдү армандап ырдай кетти. Миграция, коррупция, сатылган жерлерди айтып кейиген төкмө өлкөнү 30га чыкса да оңолбогон жигитке салыштырды.
Үчүнчү болуп сахнага чыккандар – Жылдызбек Төрөканов менен Баян Акматов. Жылдызбек акын дароо жандуу баштап, элди тартып алды. Төкмөлөр темаларды бөлүшүп алышканбы же бул жолу Сапарбек Зулпуевден башкасы ошондой маанайда келгенби, айтор, ар бири өлкөдөгү көйгөйлөрдү төгүп беришти. Жылдызбек акын кымбатчылыкты айтып сыздады. “Акматтай болуп мен деле ыйлайм” деди эле, буга Баян мырза “көз жаштан кыргыз оңолсо, кел, анда чогулуп алып ыйлайлы” деп жооп кайтарды. Сабиз учурда актуалдуу тема болуп жатпайбы, элге Жылдызбек акындын ушул тууралуу ырдаганы жакты. “Саныңды мыкчып ийесиң, азыр сабиздин баасын көрсөңүз” дегенде залдагыларды кыйкырык-сүрөөн басты. Баян кредит азабы тууралуу айтып, “ушунун баарын тартипке сала албаган тактыдагынын күнөөсү” деп "күнөөлүүнү" да таап берди.
Тандоо турунан жолдомо алып келгендердин катарын устат-шакирттер Амантай Кутманалиев менен Кубат Тукешов толукташты. “Устатыма түтөйүн” деп ырдаган Тукешов устатынан шакирти ашат болуп Амантайдан озуп финалга чыкты. Бул айтышта Кубаттан өткөн бактылуу адам болгон жок көрүнөт. Устатын ашып өткөнүнөн мурун ал бул айтышта Эстебес Турсуналиевдин чапанын жамынып кайтты. Чапанды айтыш учурунда устатынан өзү сурап алды. Амантай акын шакиртинин шагын сындырбай, бир кезде Эстебес залкардан алган чепкенди ошол жерден эле чечип кийгизди. Кубанган Кубат акын “мына бу жапкан чепкениң баш байгеден да жогору”, “бүт байлыкты берсе да, чепкен менен алмашпайм” деп улуу инсандын кийимин белекке алганына жетине албай турду.
Бири катуу күү менен эмоциялуу, толуп-ташып, экинчиси жайбаракат обон созуп Болот Назаров менен Азамат Болгонбаев айтышты. Булар да чек ара, тышкы карыз тууралуу ырдап, "чоңдорго" кеп таштагандардын катарында болушту. Болгонбаев “алтын десе эле “Кумтөрдү” эстейбиз. Бирок кыргыздын өзү алтын экенин сезбейбиз” деп баркыбызды көтөрсө, чагылган акын Болот Назаров “билимсиздерди бий кылган, элим бизде да толо кемчилик” деп элди ойгонууга чакырды. Бирок экөө айтышып жатканын унутуп калыштыбы, ар бири өзүнчө ырдай берди эле, калыстар “монолог кылбай, айтышкыла” деген эскертүү беришти.
Ушул жуптун айтышы өзгөчө болуп, залдагыларда көбүрөөк күлкү жаратты. Сапарбек Зулпуев “башкалар арманды айтышты, мен күлкүнү ырдайын” деп баштап, сахнада чындыгында шоу жасады. Идрис Айитбаев адатынча узун-узун төгүп баштады эле, чыдамы жок Сапарбек акын сөзүн жулуп алып “өзүңчө эле сүйлөй бересиңби? Айтыш деген монолог эмес, диалог” деп атаандашын жүдөттү. Буга Идрис акын жооп кылып "сөздү жулуп алып, бөдөнөдөй бытпылыктай бербе" деп тамаша кыйытты. Идрис мырзанын “Ак үй жакка барып, өлкөнүн маселесин сүйлөшөлү” деген сунушуна Сапарбек акын такыр эле көнгөн жок.
БАШ БАЙГЕ КАЙРАДАН ИДРИС АЙИТБАЕВДЕ
Жуптар айтышып бүткөн соң упайлар белгилүү болуп, Акматбек Султан уулу, Жылдызбек Төрөканов, Идрис Айитбаевдер 60тан упай топтошуп финалга чыгышты. Мамбеттокто Мамбет Орозо менен Кубат Тукешов 59дан упай алышып, жашы улуусу деп Кубат Тукешов финалга өттү. Чүчү кулак жуптарды аныктап бергенден кийин сахнада Акматбек Султан уулу менен Жылдызбек Төрөканов калды. Ушу Акматбек акындын ыйлаактыгына тийишпеген төкмө болбойт. Жылдызбек акын да ушул сапатына асылды эле, “мен ырдасам да маанилүү, ыйласам да маанилүү. Бийиктесин деп ырдаймын, бийиктесин деп ыйлаймын, кыргыз элимдин кадыры” деп жооп кайтарды. “Баткенде согуш болгондо, үйүңдө жатып бир кайрылуу кылып койбодүң. Анан ушул жерге келгенде маданият, тарыхтын булагы болуп көрүнөсүң” деп Жылдызбек мырзанын жинине тийди. Жылдызбек акын болсо “акылың менен кеңеш. Мен эл четинде ырдаймын. Үйдө жатып төккүдөй, үйдө баатыр эмесмин” деп Акмат акындын сөзүнө ачуусу келе жооп кайтарды.
Айтыштын көшөгөсүн жуптар Кубат Тукешов менен Идрис Айитбаев жапты. Чапандын кубанычынан чыга албай жүргөн Тукешов “Чапанын кийип, Эстебеске айландым” деп ошол образга кирип, “Раичкамды бир өппөй арманда кетемби?” деп ырдап жатты эле, Идрис акын токтотуп калды. "Бирөөсү минтип өбөм дейт, бирөөсү келип эмем дейт. Ушундай кантип болсун?" деп энелердин баркын көтөрүп ырдады төкмө. Айрыкча анын "Энесиз үйдүн куту жок, энесиз үйдүн жыты жок, энесиз күндүн шаңы жок да, энесиз түндүн таңы жок" деген саптарынан кийин зал шатырата кол чаап колдоп кетишти. Бул айтышта Идрис акын тажик тилинде да бир сап ырдап, көп тил билерин дагы бир жолу айгинеледи.
Соңунда Кубат Тукешов 3-орунду алып, 50 миң сом сыйлыкка ээ болду. Жылдызбек Төрөканов 2-орунду ээлеп, ага 100 миң сом ыйгарылды. 1-орун Акматбек Султан уулуна буюрду, акчалай байгеси – 150 миң сом. Бул айтышта баш байгени Идрис Айитбаев жеңип алып, 200 миң сом сыйлыкка ээ болду. Быйыл март айында өткөн айтышта да Идрис мырза баш байгени утуп, акчасынын жарымын кайрымдуулукка жумшаганын айткан эле. Төкмө бул жолу уткан акчасын илим казынасын толтурууга жумшай турганын айтты. Идрис Айитбаев айтыш учурунда "буюрса, Эстебес Турсуналиевдей болуп кыргыздын да, казактын да Эл артисти болом" деп ниет кылып өттү. Жакшы тилек – жарым ырыс дейт, айтыштын көрүнүктүү өкүлү жетчү ийгиликтер алдыда күтүп тургандыр. Баарынан да айтыш өнөрүнүн кадимкидей жанданып, бийиктеп баратканы кубандырат...
Перизат Музуратбекова