Санитар-робот: кыргызстандык адис оор абалдагы бейтапка кам көрүүчү робот жасады

ЭМНЕ БОЛГОН РОБОТ?

Медицинада роботтор – көптөн бери жаңылык эмес. Уюштурулган программалык түзүмү бар жогорку тактыктагы түзүлүштөрдү колдонуу, ал тургай эң ийкемдүү адам колу жасай албаган операцияларды жана процедураларды жасоого мүмкүндүк берет. Бирок чечилбеген маселе дагы бар – адам өмүрүн жана ден соолугун кантип микросхема топтомуна жана датчиктерге ишенип тапшырууга болот? Ушундай учурда биздин мекендешибиз, бишкектик ойлоп табуучу Валерий Мамрега убактылуу көмөктөшүүчү жана дарылоочу мекемелердеги бейтаптарга күн сайын кам көрүүчү робот-техникаларды ишке киргизүү вариантын сунуштады.

Валерий Мамрега көптөн бери “машиналык көрүү” технологиясы менен алектенет жана аны күнүмдүк түзүлүштөрдө кантип колдонсо болору боюнча ыкмаларды издеп келет. Узакка созулган изилдөө жана тажрыйбалык эксперименттерден кийин негизги функциясы – кыймылдоо мүмкүнчүлүгү чектелүү бейтаптарга жардам берүү болгон кадам таштоочу робот жаралды.

Мындай роботтор стационарларда, пансионаттарда жана санаторийлерде кадимки санитарлар менен бирге өз ордун ээлеши толук мүмкүн. Валерий бул эмгекти кантип жаратып калганын жана аны өз ичинен кандай элестетерин, эң башкысы, бейтаптарга кантип жардам берерин ушул макалада айтып беребиз.

ЖАКШЫ КӨЗӨМӨЛ – АЙЫГУУНУН МААНИЛҮҮ ШАРТЫ

Заманбап саламаттыкты сактоонун негизги милдети жана маселеси – бейтаптарды такай көзөмөл жана кам көрүү менен камсыздоо. Айрыкча абалы оор бейтаптарга, улгайгандарга, нерв системинин, тирөөч-кыймылдык системдин оорулары менен жабыркагандарга кам көрүүнү элестетүү кыйын. Дарыгердин жана кенже медициналык персоналдын колу бардык жумушка жетишпейт – мында чакан робот-техникасы жардамга келет. Айрыкча ал ооруканада медициналык кызматкерлер аз калып, ал эми бейтаптарга мурункудай эле кам көрүү керек болгон түнкү убакта алмашкыс жардамчыга айланат.

Валерий Мамрега ооруканаларда чакан робот-техникасынын бир нече түрүн колдонууну сунуштайт. Жалпысынан роботтор платформасы 4 типке бөлүнөт.

Дөңгөлөктүү чакан робот-техника. Чакан түзүлүштүн кыймылы алдынкы “мотор-дөңгөлөктүн” жардамы менен ишке ашырылат. Ал корпусту кийинки, үчүнчү дөңгөлөккө жеткирет. Мындай түзүлүш өзүн тиричилик иштеринде жакшы жагынан көрсөткөн. Мисалы, кыймылдоонун бул принциби популярдуу робот-чаң соргучтарда колдонулат. Бул үлгүлөр колдонууга жеңил, күн сайын иштетүүгө ыңгайлуу. Өзгөчө мындай түзүлүштөр өз милдетин асты тегиз, эч кандай тоскоолдуктар жана кулап кете турган бийик жерлери жок имараттарда ийгиликтүү аткарышат.

Каз тамандуу робот-техника. Буларды имарат ичинде да, сыртта да колдонууга мүмкүн. Эң алдынкы үлгүлөрү 20 килограммга чейин салмакта жүк ташый алышат. Ылдамдыгы өзгөрүп туруучу кыймыл берүүчүлөр жүк менен аралыкты басып өтүүгө жардамдашат – муну менен бирге роботтор орточо ылдамдыкты камсыздап, имараттын ичинде да, сыртында да жүрө алышат. Валерий Мамрега роботторду шаар сыртындагы сейилдөөчү аянты чоң пансионаттарда бейтаптарды көзөмөлдөө жана коштоп жүрүү платформаларында колдонууну сунуштайт.

Кадамдоочу чакан робот-техника. Тепкичтен түшүп-чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн улам буларды Валерий Мамрега келечектүү платформалардын бири деп эсептейт. Ооба, мындай ыңгайлуулук энергияны көп талап кылары анык, ошондуктан мындай робот алыска кетпейт. Мындан тышкары робот тепкичтен кулап кетип жакын жердеги адамдарга зыян келтирбеши үчүн анын салмагы боюнча да чектөөнү сакташ керек.

Абада кыймылдоочу чакан робот-техника. Бул чакан учуучу аппарат, башкы артыкчылыгы, балким, маселе жараткан жери – ылдамдыгы. Имараттагы жогорку ылдамдыкта жүрүүсүнө мындай роботтордун эсептөөчү комплексинен абдан көп өндүрүм талап кылынат. Мындай аппараттардын түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү болуп жогорку ылдамдыкта айлануучу винттер эсептелет. Бул ооруканага келген жарандарга жана бейтаптарга травма алып келиши мүмкүн. Ошол эле учурда мындай роботтор ачык жана кенен аянттарда бейтаптарды коштоп жүрүүдө жана издөөдө алмашкыс түзүлүш деп эсептейт Валерий Мамрега. Мисалы, шаар сыртындагы пансионатта өз алдынча кыймылдай албаган бейтапты табуу – бул так ушул учуучу дрондун жасай турган иши.

Валерий өзүнүн санитар-роботуна платформанын үчүнчү тиби – кадамдоочуну тандады. Бул дарылоочу мекемелерде бейтаптарды көптөгөн тепкичтерде коштоп жүрүү зарылдыгына байланыштуу. Андан соң ал өзүнүн жаңылыктарын сезүү органдары менен жабдууга киришти. Робот кадимки адамдын функциясын аткара алышы үчүн ага жок дегенде адам организми сыяктуу эле көрүү, сезүү жана маалыматты кабыл алып иштеп чыгуу жөндөмү керек.

Көздүн функциясы – айланага ориентр алуу, бейтапты издөө, кыймылдоодо тоскоолдуктарды аныктоону камера аткарат. Ал кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам реакция кылып, медперсонал менен кагышып кетүүдөн качуу үчүн картинаны үзгүлтүксүз режимде байкап турушу керек. Робот түнкүсүн да адекваттуу иштеши үчүн Валерий ага инфракызыл көрүү мүмкүнчүлүгүн такты – робот бейтаптын керебетинин жанында түнкү күзөттө туруп, бейтаптын абалынын өзгөргөнүн, кулап түшөрүн өз убагында байкап, бейтапка өз алдынча кам көрө алат.

Валерий Мамрега өзүнүн роботунун угуусуна да кам көрдү – ага үн датчиги, микрофон тагылды. Робот “жардамга”, “жардам бериңиз”, “куткарыңыз” деген өңдүү үн командаларын түшүнүүгө жана таанып-билүүгө жөндөмдүү. Ал медперсоналдын “бери кел”, “алып кел”, “ары тур” деген көрсөтмөлөрүн да түшүнөт. Робот бейтаптын башка үндөрүн да угат, мисалы, бейтаптын кулаганын, онтогонун, кыйкырыгын же колу менен дубалды же жерди ургулоосун тааныйт. Айрыкча бул бейтапты коммуникация үчүн мүмкүнчүлүгү жок – сүйлөй албай же эс-учун жоготуп койгон учурда куткарып калат.

Валерий өзүнүн роботун үн органдары менен гана эмес, “сүйлөө”, тагыраагы, үн нурдануусу менен да жабдыган. Бул ага чукул кырдаалдарда дарыгерди жардамга чакырууга же үн бийиктеткичтин ролун аткарып, бейтаптын даттануусун дарылоочу врачка жеткирүүгө шарт түзөт.

Эми акырында, роботтун мээси – Валерий дал ушунун түзүлүшүнө абдан көп көңүл бурган. Муну менен бирге анын алдында адамдык акыл-эсти алмаштыруучу толук кандуу электрондук акыл-эс жаратуу милдети турган эмес. Роботтон талап кылынган нерсе – жогорку квалификациялык медицина кызматкерин алмаштыруу эмес, медперсоналга ишенимдүү жана такай ишке даяр ассистент болуу, анын жумушун жеңилдетүү, түнкүсүн андан оор жүктү алып салуу, оор абалдагы бейтаптарды байкоону камсыздоо. Бул функциялардын баарын датчиктер топтому жана кыймылдуу платформа туташтырылган чакан компьютер ишке ашырууга жөндөмдүү.

Валерий Мамрега сунуштаган санитар-роботтун мээси бир нече өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турат – чакан, электр энергиясын аз сарптайт, иштөө учурунда жабдуулар ысып кетпейт. Конструкцияда датчиктерди жана аткаруучуларды туташтыруу үчүн бардык керектүү сайгычтар бар. Ал эми эсептөөчү кубаттуулугу келип түшкөн бардык маалыматтарды иштеп чыгууга жөндөмдүү.

Бул системде максималдуу жүк келип түшкөн видеолорду иштеп чыгуучу бөлүктө болот. Бейтапка жардам берүү үчүн робот аны даана көрүп, андан келген сигналды таанып-билип, аны коштоп жүрүүнү камсыздоо үчүн айланага ориентир алышы керек. Ошондуктан Валерий Мамреганын санитар-роботу бейтапты кадрдан табууга, платформанын кыймылдашына тоскоол болуучу жана ага зыян бериши мүмкүн болгон бардык объект жана субъекттерди аныктоого жөндөмдүү. Ошондой эле бейтаптын кол жаңсоолорун таануу жана анын үндүү командаларын угуу үчүн санитар-робот бейтаптан кандай аралыкта турууну билет.

Роботко алгачкы диагностиканын функциялары да жүктөлөт – ал бейтаптын жүрүм-турумунан анын абалынын начарлаганын айрым симптомдорунан эсепке алат: колу менен башын мыкчыса, курсагын басып калса, куласа дарылоочу врачка кабар берет.

Робот камерадан алынган картинканы эсепке алышы үчүн Валерий атайын “машиналык көрүү” үчүн жазылган адабияттарды жана программалык коддорду пайдаланган – учурда робот өзүнүн алдында турган адамдын жүзүн тааныйт. Мындан ары роботтун башка функциялары үчүн кошумча коддорду жазуу пландалууда.

“Машиналык көрүү” жана программалоо боюнча бардык маалыматты бир жерге топтогон кыргызстандык “разработчик” сыноого даяр роботтун макетин түздү. Ал кадамдоочу платформанын негизинде ишке ашырылды, көрүнүшү кадимки итке окшош, механикалык буттары бейтапты коштоп жүрүү үчүн тепкичтен түшүп-чыгууга ылайыкталган. Бул үлгү адамдарды таанып-билет, үндөрдү айырмалайт, сигнал бере алат. Анын башкы функциясы – бейтаптарды көзөмөлдөө жана коштоп жүрүү. Аны кырдаал жана бейтаптын абалы тууралуу дарылоочу врачка маалымат жөнөтүү үчүн зымсыз түйүндөрүнө (сеть) туташтырса болот. Ушул тапта Валерий жаңылыгын Кыргызстандын медициналык мекемелеринде ишке киргизүүнү баштоо үчүн эмгегин сыноодон өткөрүп жатат. Биринчи үлгүнүн үстүнөн иштөө токтогон жок, “разработчик” аны жакшыртууну, жаңы функцияларды кошууну, оорулууну кароодо адамга орун басар болуучу толук кандуу электрондук санитар кылууну пландоодо. Валерий Мамреганын инновациялык эмгектерин Кыргызстандын бардык ооруканаларынан эле эмес, чет өлкөлөрдөн да көрүүнү үмүт кылабыз. Биздин өлкө эбак санариптик технологияга жана калкка медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга багыт алган, ошондуктан Валерий Мамреганын санитар-роботтору активдүү өнүгүп жаткан тармакка керек. Балким, дал ушул робот биздин өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүнүн жаңы эрасынын башталышы болот. Ага ийгилик жана туруктуу өнүгүү каалайбыз!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 968, 24-30-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан