КУРУЛУШ ОҢОЙ ЖАНА БАТ БҮТӨТ: ЧӨНТӨККӨ ЧАК ЗАМАНБАП МАТЕРИАЛДАР

Керамикалык дубал блоктору, суюк сары таш, куюлма пол жана линокром чатыр жапкычы... Булар өлкөбүздө колдонула баштаган курулуш материалдары. Алар эмнеде колдонулат, артыкчылыктары менен кемчиликтери эмнеде экендигин Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүү жана серептөө кафедрасынын доценти Ислан Оморбеков айтып берет.

КУЮЛМА ПОЛ

Куюлма (наливной) пол Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Түркияда чыгарылууда. Өлкөдө көбүнчө өзүбүздөн жана Казакстандан чыгарылгандары колдонулат. Кургак курулуш куюлма полу 25, 40 килограммдык кагаз мүшөктөрдө сатыкка чыгарылат. Керектүү өлчөмдө алып, суу куюп аралаштырып, пол үчүн даярдалган жерге төгөт. Куюлма полдун башкы өзгөчөлүгү – аны куйгандан кийин өзү жайылып, жазылып, бетинин тегизделип калганында. Аны бир жерге үйүп койсо деле жайылып, бети тегизделип калат. Пол үчүн гана колдонулат. 1 суткада катат, 2-сутка дегенде үстүнөн басканга болот. Баасы: 260-450 сом.

Курамы: гипс же цемент, пластификаторлор (өзү жазылып, бети тегизделип калууга шарт түзгөн заттар), модификаторлор.

Артыкчылыктары:

  • Өзүн-өзү тегиздейт;
  • Экологиялык жактан таза;
  • Жыты чыкпайт;
  • Пол бат жасалып бүтөт.

Кемчилиги:

  • Суук тартат.


ЛИНОКРОМ

Орусия жана Түркиядан алынып келинүүдө.

Курамы: битум, айнек торчо (сетка), полиэстер, модификатор, үстүнкү бетине боёкко аралаштырылган тоо тектеринин (сланец, керамзит) үбөлөндүлөрү себеленип, астына полиэтилен плёнкасы жабыштырылат. Үстү жалпак же скат болуп жабылуучу курулуштун, мисалы, короо-сарай, гараж жана башкалардын чатырын жабуу үчүн колдонулат. 2 кабаттан турган рулон түрүндө чыгарылат. Биринчи кабатынын алдын атайын лампа менен ысытса курамдагы битум эрип жабышат. Экинчи кабатын жабыштырууда деле лампа колдонулат. 10 жылга чейин кызмат кылат.

Рулондун узундугу – 10 метр, туурасы – 1 метр, салмагы – 46 килограмм. Баасы: 1 рулон 165 сом.

Артыкчылыктары:

  • Сууга туруктуу;
  • Ным тартпайт;
  • Рулон түрүндө болгондуктан чатыр бат жабылат;
  • Жаан-чачындын үнүн жутат, андыктан жамгыр, мөндүрдүн чатырды ургулаган үндөрү ичкериге угулбайт;
  • Чирибейт.

Кемчилиги:

  • Өрткө туруксуз;
  • Болжол менен 10 жылдан кийин жаңысы менен алмаштыруу керек.


КЕРАМИКАЛЫК ДУБАЛ БЛОКТОРУ

Бул Орусия, Европадан, анын ичинде Германиядан көп чыгарылууда. Өлчөмдөрү ар түрдүү, мисалы, 25x21,9x38 сантиметр, 51x25x21,9 сантиметр, 50x24,8x23,8 сантиметр, 44x25x21,9 сантиметр жана башка. Сандардын биринчиси узундугун, экинчиси туурасын, үчүнчүсү бийиктигин билдирет. 5 кабатка чейинки курулуштардын дубалы үчүн пайдаланылат.

50x24,8x23,8 сантиметрдүүсүнүн салмагы 21 килограммдын тегереги. Башкача айтканда, салмагы 3,3 килогамм болгон 13,5 кыштын ордун алмаштырат. Баасы: 1 даанасы болжол менен 93-132 сом.

Курамы: кызыл чопо, жыгач таарындысы (булар блокту бышырганда күйүп, тешикчелерди жаратат) жана башкалар.

Артыкчылыктары:

  • Бышык, экологиялык жактан таза;
  • Жылуулукту жакшы кармайт;
  • Өлчөмү чоң болгондуктан дубалды тургузуу бат бүтөт;
  • Узакка, 25-50 жылга чейин кызмат кылат;
  • Өрткө туруктуу.

Кемчилиги:

  • Ичи тешикчелүү болгондуктан сынып калбашы үчүн жүктөө жана түшүрүүдө абайлоо керек.


СУЮК САРЫ ТАШ

Суюк сары таш (травертин) Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Түркиядан чыгарылууда. Өлкөбүздө көбүнчө өзүбүздө чыгарылгандары колдонулууда.

Курамы: сары таштын иштетилгенден калган үбөлөндү, күкүмдөрү, полимер чайыры жана модификаторлор (материалга ийкемдүүлүк, илешкээктик жана жабышкаактык берүүчү заттар) ак цемент, боёк кошулат. Мындай кургак аралашма 10 жана 20, 25 килограммдык чакаларда сатыкка чыгарылат. Суу кошуп аралаштырганда коюу илешкээк масса пайда болот. Имараттардын сыртын жана коридор, холлдун дубалын кооздоп шыбоо үчүн пайдаланылат. Атайын чачуучу шайман менен чачса да болот.

10 жылга чейин кызмат кылат. Баасы: 950 сом жана андан жогору.

Артыкчылыктары:

  • Сууга, нымга туруктуу;
  • Экологиялык жактан таза;
  • Жыты чыкпайт;
  • Отко туруктуу;
  • Колдонууга оңой, адис эмес адам деле шыбак жүргүзө алат;
  • Бышык;
  • Жууп, тазалап турууга болот;
  • Ашыкчасын сактап койсо бузулбай тура берет.

    Кемчилиги:
  • Гипсокартон, ДВПнын бетинин кошулган жерлеринин үстүн шыбаганда шыбоо эрежесин сактабаса жарака кетет, көөп чыгат.


Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 968, 24-30-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан