Элесине гүлдесте
Ажалга айла жок белем. Журналист, акын, мыкты жетекчи Медер Осмоналиев 29 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Жашоодон эрте кетерин сезгендей, Медер 29 жаштын ичинде көп нерсени жасаганга үлгүргөн экен. Акындын инсандык мамилесин, жетекчи, үй-бүлө кожоюну, камкор ага катары бейнесин эскерүүлөр менен ачып берүүнү туура көрдүк.
Жылдыз Белекова,
“Кыргызстан Обондору” радиосунун программалык редактору:
"БИЗ "БАНК" ДЕП КОЁР ЭЛЕК"
– Медер экөөбүз тең БГУну бүткөнбүз. Бирок мен радиого келгенде ал такшалган журналисттердин бири катары таанылып калган. Ошондуктан мен аны устатым катары билем. Ал мага эле эмес, биздин радиодогу чыгармачыл топтун көбүнө жол көрсөттү. Сөз табуу чеберчилигин, ким менен кандай мамиле кылууну, эфирде абалдан кантип чыгууну Медер үйрөткөн. Өтө эмгекчил жан эле. Кээде “бул кантип баарына жетишет?” деген ойго келчүбүз. Анткени спорт менен машыкканга, жетекчи болуп катабызды айтканга, жаңы идея тапканга, ошол эле учурда калемин алып ыр жазганга, кыз сүйгөнгө, деги баарына жетишчү. Дагы бир өзгөчөлүгү, жанынан акча үзүлчү эмес. Ошол сапатынан аны биз “банк” деп коёр элек.
Көздөрү башкача жайнап тургандыктанбы, кыздардын баары Медердин эле жанында жүрүшчү. Жаңы келген кадрларга көңүл буруп, тамактанууга ээрчитип барып, коллективге кошуп койчу. Жакшы көрүп, башкача көз караш менен караган кыздар кийин анын досуна айланып кетишчү. Кыздар көп көңүл бурушса да, бирөөгө берилип кызыкканын байкабадым. Баса, “Кыргызстан Обондору” – жан шерик радиоңуз” деген сөздүн автору да Медер.
Ошондой шайыр-шатман жүргөн Медер эки жылдын ичинде таанылгыс болуп өзгөрдү. Алсырап, жаны кыйналып, араң басып калды. Жаңылык жазып жатып деле уктап калчу. Ооруканага барганыбызда дайыма жубайы Акмаанай жанында болгонун көрүп, аялдык жүрөгүм менен ага ыраазы болуп калар элем. Уулунун үнүн угуп, артында туягы калганын сезип кеткени жакшы болду.
Акмаанай Эшпаева,
Медердин жубайы:
"УУЛУБУЗДУН АТЫН АМАНТУР КОЙДУК"
– Медер экөөбүз эки жыл мурун таанышкан элек. Мен ырларымды Канат Култаевдин айтуусу менен радиого алып баргам. Ошол жерден экөөбүз таанышып, бир айдан кийин эле үйлөндүк. Медер баласынын төрөлүшүн өзгөчө күтүп жүрдү. Мени менен УЗИге барып, баланын кыймылдаганын көргөндө ичи-коюнуна батпай сүйүнүп кетчү.
Биз үйлөнө электе эле көк боорун алдырганын уккан элем. Кийин гепатит оорусу боордун циррозуна айланып кетиптир. Акыркы убактарда ооруканага көп жатты. Кош бойлуу кезде кыйналып жүрүп мурункудай көңүл бөлө албай калдым окшойт. Акыркы күндөрү алсырап, уктай берчү болгон.
13-октябрда төрөт үйүнө мени алып келди. Ошол күнү өзү да ооруканага жатып калды. Бала төрөлгөндөн кийин телефон чалып, уулдуу болгонубузду айтсам, аябай сүйүндү. “Баламдын үнүн угузчу. Кимге окшош экен?”- деди. “Сизге окшош”,- десем: “Баласы атасына окшойт да”,- деп сүйүнүп алды. Телефондон баланын үнүн угуп, негедир катуу ыйлады. Анан: “Мен телефон чалам. Жакшы болсом эле силерге барам”,- деди. Угушума караганда, уулунун үнүн уккандан бир аз убакыттан кийин эле комага түшүп калыптыр. Комада жатып да көзүнөн жаштар куюлуп жатты дешти.
Медердин каза болгонуна такыр ишене албай жатам. Уулубуз Медердин эле көчүрмөсү. Кызыгы, салмагы да, боюнун узундугу да окшош. Медер да 3 килограмм 300 грамм төрөлгөн экен. Уулубуздун атын биринчи Медер коёлу дегенбиз. Бирок молдолор шариятка туура келбесин айтышты. Экөөбүз уулубузга Амантур деген ысымды тандап жатканбыз. Азан чакырып Амантур деп койдук.
Чыңгыз Мырзаев,
ди-джей:
"АКЫРКЫ ЖОЛУ СҮЙЛӨШКӨНҮБҮЗДҮ СЕЗБЕСЕК КЕРЕК"
– Медер байке менен 2005-жылы таанышкам. Аракетчил, оор басырыктуу, март адам катары эсимде калды. Бир жолу биздин радио “эң көп СМС жазган кыздарга биздин бойдок жигиттерди сатабыз” деп оюн уюштуруп калышты. Жеңүүчү аталган үч кыз менен Медер байке, Азамат Эркинбаев, мен болуп концертке бармай болдук. Азамат эфирге кетип калып, кыздар менен Медер байке экөөбүз калдык. Медер байке “кыздарды коноктоп коёлу” деп, аларды кафеге киргизди. Анан шаар кыдырдык. Анда да жөн отурбай, “биз тиги жактабыз, бул жактабыз” деп эфирге чалып коёбуз. Ушундай кызыктуу күндөрдө чогуу болгонбуз.
Каза болордон бир жума мурун сүйлөшкөнбүз. Акыркы жолу сүйлөшкөнүбүздү экөөбүз тең сезбесек керек. Аттиң...
– Агаң менен удаалаш болгондуктан, аны башкалардан жакшы билсең керек...
– Экөөбүз удаа өстүк. Агам аябай тамашакөй эле. Кээде чычалатып тамашаласа, ызаланып ыйлап да жиберчүмүн. Бирок андай камкор ага жок болчу. Менин таянар жөлөгүм, ишенер адамым Медер байкем болчу. Өзүнө жетпей жатса да, мени кийинтип-ичинтип, ушул даражага жеткирген. “Жакшы окусаң, дүйнөнү кыдырасың. Дүйнөнү кыдырган кандай сонун!” деп калар эле. Минтип дүйнөнү кыдыра баштаганда сыйымды көрбөй кетти. “Жакшы адамдын өмүрү кыска болот” деп коюшат го. Чын эле өзгөчө жан болчу. Мектепти алтын медаль менен бүтүрүп, жогорку окуу жайын да кызыл диплом менен аяктаган. Алдына эмне максат койсо, ошого жеткенге аракет кылчу.
– Медердин өлүмүнө туугандары мурунку жубайын күнөөлөп жатышат деп уктук. Ошол чынбы?
– Мен эч кимди күнөөлөй албайм. Жөн эле эл арасындагы сөздөрдүн бири болсо керек. Биринчи жеңебизди деле жаман деп айта албайм. Агам ага жамандык каалачу эмес. “Бактылуу болсун” деп койчу. Мени сүйүндүргөн нерсе – агам аз өмүрүндө жакшы жарлуу болуп, артына туяк таштаганы...
Окурман, эскерүүнүн аягын Медердин ыры менен бүтүрүүнү чечтим.
Акын өзү айтып кеткенден ашыкча өзү жөнүндө эч ким айта албас.
ЖАРАТКАНГА
Арман кылып нетейин жаш башыма,
Аман болсом жетермин максатыма.
А болбосо кетермин кош айтышып,
Ажал аттуу өмүрдүн аскасына.
Жаман көрүп нетейин жылдарымды,
Берсең алып кетейин ырларымды.
Жактырбасаң кыя бер, жаным курман,
Бирок да эч азайтпа жылдарымды.
Өксүк кылып нетейин өмүрүмдү,
Булгабачы булактай күндөрүмдү.
Өтөр күндү билсемчи жок дегенде,
Өмүр, сенин чыныңбы, төгүнүңбү?
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg