«БАКЫТ ИЗДЕДИМ»

– Бакыт деген эмне? Аны кайдан тапса болот? Мен бакытты көп издедим. Аны издеп кайда гана барбадым, эмне гана кылбадым. Студент кезимде чет өлкөгө кетсем эле бактылуу болуп кетем деп ойлочумун. Ошол оюмдагы бакыттын артынан кууп окуп жүргөндө эле чет өлкөгө кеттим. Бирок учакта баратканда да, барып жашап жатканда да ичимдеги бактысыздык өзгөргөн жок. Жетерим менен ал өлкөнүн сулуулугуна суктанып, чет жакка өз күчүм менен келгеним үчүн сыймыктанам деп күткөм. Андай болгон жок. Кыргызстанда жашоом канчалык караңгы сезилсе, ал жактан деле ошол бойдон калды. Балким, иштеп баштаганда, башка адамдар менен таанышканда мен күткөн сезим келип, жашоомдо жарыктык пайда болоттур деп күттүм. Болгон жок. Жумушка кирүү да оор болду. Мени коштоп жүргөн эжени аябай кыйнадым. Англис тилин жакшы билчүмүн. Иш сурап ар кайсы компанияларга барганда суроолоруна шатырата эле жооп берем. Бирок, азыр ойлоп көрсөм, ушунчалык бактысыз, үмүтсүз көздөр менен сүйлөшчү экем. Ошондуктан эч ким мени жумушка алгысы келбептир. Бир ирет жанымдагы эже “келбетиң бар, жашсың, тил билесиң, буларга ушул эле керек болчу. Анан эмнеге эле сени эч жакка киргизе албай жатабыз?” деп жинденгени азыр да эсимде. Акыры бир жумушка кирдим. Ошол эже кадырын салып, жетекчисине мени улам айтып мактап жатып өзүнүн жанына алып алды. Мына ушул жерден да “болду, баары жакшы болот” деп ойлодум. Эч нерсе жакшы болгон жок. Жакшы иштедим. Бирок түйүлгөн кабак ачылган жок. Көкүрөктөгү оорчулук жүрө берди. Чет өлкөдө иштөө кыялыма жеттим, бирок жан дүйнөмө күндүн нуру тийген жок. Издегенимди таппай, бир жылдан кийин кайра мекениме кайттым. Дегеним, адам издегенин таппаса тыбырчылап ар кайсы эшикти каккылап көрөт экен. Мен да ошенттим.

Бакыт, балким, жигиттедир деп ойлоп, жигит күттүм. Ал жанымда болгон учурда гана бактылуумун деп ойлочумун. Ошентип ага ашыкча жармашып алдым. Бир аз көңүл бурбай койсо чыр салып, билдирүүлөрүмө жооптору кечиксе аалам аңтарылып кетчү. 1-2 күнгө жоголуп кетсе ооруп жатып калчумун. Ал жок өзүмдү элестете албай калгам. Бакытты ал кишиге байлап алгандыгым үчүн ушунчалык кыйналыптырмын. Аны муунтуп жибердим. Ал тажады, таштап кетти. Баары бүткөндөй сезилди. 2 ай үйдөн чыкпай жатып, арыктап, жүдөп кеттим. Бирок мен ошол жигит менен бактылуу белем? Бактылуу болбой эле, аны да бактысыз кылыптырмын. Көрсө, бакытты бир адамга же кайсы бир окуяга байлап алуу жаңылыш экен. Муну түшүнүп баштаганда психологго барып баштагам. Чындыгында жашоонун даамын сезгим келди, ары-бери урунуп бакыт издегенден чарчадым. Курбумдун улам сайрай бергенин угуп психологго кайрылгам. Анан эле маселе чын эле өзүмдө болуп чыкты. Улуу ойчул Ницшенин “адамды тышкы окуялар эмес, анын ойлору гана бактылуу же бактысыз кылат. Ойду башкаруу менен адам бактысын башкарат” деген сонун цитатасы бар. Бакытты адам өзүнүн ичинен издеши керек экен, өзү жаратышы керек экен. Ошондо гана бактыбыз кайсы бир тышкы факторлорго көз карандысыз болот экен. Өзү бактылуу адам башкаларга да жугузат тура. Ар бир нерседен бакыт издегенди үйрөндүм. Ооба, бакыт жаратуу да оңой эмес. Ал эмгекти, машыгууну талап кылат. Ага караганда кайгыруу оңой. Бул үчүн мен да көп аракет кылдым. Улам жаман ойду кууп, жакшыны ойлоп, бакытты чакыруу, көнүп калган бактысыздык абалдан чыгуу кыйын болот. Бирок мүмкүн. Айланамда бактысыз адамдарды көп көрдүм. Ал абалдан чыгып, бактылуулукка жетүүгө аракет кылганын аз көрдүм. Өз башымдан өткөн тажрыйбам менен бөлүшкүм келди. Ичиңизде бакытты жарата баштасаңыз, айланаңыз башкача түскө боёлот экен. Жок, ал түстөр буга чейин эле болгон. Бирок сиз аны көрбөй жашап жүргөнүңүздү байкайсыз. Эч кимге акыл үйрөтө албайм. Жөн гана бакытты сезип жашашыңызды кааладым. Бул сизге жөн гана менин тажрыйбамдан үлгү болсун. Бактылуу болуңуз!


Аделя

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 968, 24-30-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан