«CASA-1000»: «Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо» долбоору айылдарды өзгөртүүдө

“Жакындан бери биздин айылда “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо” долбоору иштей баштады. Албетте, кубандык. Анткени Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө иштеп жүргөн жаш жердештерибиз айылга кайтып келе башташты. Үй – бул дайыма бөтөн жерге караганда жакшы. Бирок үйдү өнүктүрүү, аны кооздоо-көркөмдөө, шарттарды жакшыртуу керек эмеспи. Долбоор көрсөтүп жаткан жардам бизге абдан керек”. Ош облусунун Өзгөн районундагы Эркин-Тоо айылынын жашоочусу Чынаркан Асранованын биз менен маектешүүсү ушундай сөзү менен башталды.

Маданият үйүнүнүн көркөм жетекчиси болуп иштеген Чынаркан Асранова өз айылынын бардык көйгөйлөрүн билет. 5 кыздын энеси болгондуктан ал дайыма алардын келечеги тууралуу ойлонот. Жаштар, орто жаштагы адамдар иш издеп чет өлкөгө чыгып кетишкен. СOVID-19 эпидемиясынан улам көпчүлүгү өз очогуна кайтып келишти. Алар үчүн акча табуу маселеси ачык боюнча кала берүүдө. Анын үстүнө чет жерден жакшы тиричилик шарттарын көрүп келген айылдыктар кичи мекениндеги жашоону кантип жакшы жагына өзгөртүү керектиги тууралуу дагы ойлонушат.

Ушундай мүмкүнчүлүктү «CASA-1000» “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо" долбоору камсыздап жатат. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын «CASA-1000» электр өткөргүч чубалгыларын бойлото кеткен таасир этүү коридорунда жайгашкан 77 калктуу конушту (36 айыл аймагы жана 5 шаар) электр жарыгы менен камсыздоо, социалдык-экономикалык инфраструктураны жакшыртуу жана жаңы киреше булактарын түзүү үчүн чакан гранттарды берүү пландалууда.

Долбоор Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана «CASA-1000» көп тараптуу донордук максаттуу фонду (MDTF) тарабынан жалпы 11 миллион АКШ доллары суммасында каржыланып, Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылууда. Максаттуу облустардын аймактарында аны Кыргыз Республикасындагы коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) ишке ашырып жатат. Айтмакчы, АРИС өлкөнүн аймактарында 17 жылдан бери иштеп келе жатат.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы Таалайбек Халилов жергиликтүү коомчулуктар алардын айылдарында гранттарды пайдалануу тууралуу чечимдерди кабыл алууга активдүү катышып жаткандыгын белгилейт. “Биз айылдын киришүү жыйындарына катышабыз, андан кийин артыкчылыктуу багыттарды өз алдыбызча аныктайбыз, гранттар боюнча чечимдерди кабыл алабыз, долбоорлорду ишке ашырууну көзөмөлдөйбүз жана ага мониторинг жүргүзөбүз. Бул иштин бардыгын талаптагыдай жүргүзүү үчүн “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо” долбоорунун адистери биз үчүн окутуучу тренингдерин өткөрүшөт”,- дейт ал.

Заманбап жашоонун жаңы чакырыктары – COVID-19 пандемиясы, калктын ден соолугуна кам көрүүнү “CASA-1000 ЖККД” ишке ашыруунун баскычында. Бул долбоордун донору – Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан “COVID-19дун шарттарында ЖККД үчүн кошумча каржылоо долбоору жөнүндө” чечим кабыл алынган. Ошентип кошумча каржылоо долбоорунун алкагында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын 36 айыл аймагынан жана 5 шаарынан тышкары ушул максаттуу облустардын калган 150 айыл аймагы камтылат. Анын башкы максаты – экономикалык жактан жашап кетүүгө жөндөмдүү деп аныкталган кошумча нарк чынжырын калыбына келтүрүү же түзүүнү объекттерди калыбына келтирүү же куруу аркылуу колдоо. Өзгөчө COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан кризистин жыйынтыгында жапа чеккен калктын аярлуу катмарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте турган киреше булактарын жана экономикалык инфраструктураны кайра жандандыруу.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 968, 24-30-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан