КЕМИНДЕ 16 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ КОШУНАСЫ МУУНТУП ӨЛТҮРҮП, ТОКОЙГО ТАШТАП САЛГАН

Кеминде 16 жаштагы кызды кошунасы муунтуп өлтүрүүгө шектелүүдө деген үрөй учурган маалымат тарады. Окуянын чоо-жайын териштирүү максатында аталган районго барып, кыздын апасы менен сүйлөштүк.

“ШЕКТҮҮ КЫЗГА ТИЙИШИП, ДЕНЕСИН КАРМАЛАП БАШТАГАН”

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан төмөнкүдөй маалымат билдиришти:

– 21-июнь күнү болжол менен саат 17:15 чамасында Кемин РИИБине аталган райондун аймагындагы токойлордун биринен кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзгөндө анын киши колдуу каза болгондугу аныкталган. Көп өтпөй болжол менен саат 17:30 чамасында Кемин РИИБине жергиликтүү Х.Л. аттуу аял кайрылып, 2005-жылы туулган кызы 21-июнда 11:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирип, аны издөөгө көмөктөшүүнү суранган. Каза болгон кыз жогорудагы дайынсыз болуп жаткан Х.О. аттуу кыз экендиги такталган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "киши өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында каза болгон кыздын апасы суракка алынган. Апасынын айтымы боюнча, кызы 21-июнь күнү 8:30 чамасында 9-классты аяктагандыгы тууралуу күбөлүгүн алуу үчүн мектепке кеткен. Андан көп өтпөй 10:59да кошунасынын телефонунан чалып, “жаңы салынып жаткан үйүбүздөгү сугат жумуштарын бүтүргөндөн кийин барам” деп айткан. Бирок ошол боюнча үйүнө келген эмес.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмыш ишине шектелип буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүүдө ошол күнү 11:00 чамасында каза болгон кыз апасына чалуу үчүн кошуна эркектен телефонун берип турууну сураган. Ошондо ал эркек (кыздын өлүмүнө шектүү) кызга тийишип, денесин кармалап баштаган. Кыз кыйкырып баштаганда коркуп кеткен шектүү кызды муунтуп, кийин башка кошунасынын унаасын сурап, жансыз денени жашыруу үчүн аны токойго таштап салганы маалым болгон. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, шектүү деп кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатат.

“КЫЗЫМДЫН ДЕНЕСИ ТОКОЙДОН ТАБЫЛДЫ”

Көз жумган мектеп окуучусунун апасы Лиля Хабарова:

– Кызым 21-июнда эртең менен мектепке 9-классты аяктагандыгы боюнча күбөлүгүн алууга кеткен. Жолдон мурап кезигип “бүгүн корооңорду сугарып алгыла” деген экен. Кызым күбөлүгүн алган соң биз жаңыдан үй салып жаткан жер тилкебиздеги жашылчаларды сугарууга жөнөйт. Биз азырынча айылдын аягында батирде турабыз. Кызымдын телефону жанында жок болгондуктан учурда кылмышка шектелип жаткан кошунабыздын телефону менен мага саат 10:59да “апа, огородду сугарып жатам. Үйгө кечирээк барам” деди. Ошондо эле үнү бир башкача болчу. Мен жумушта болгондуктан үйдөгү балама телефон чалып “эжеңе жардам бер” деп жибергем. Уулум саат 12де барса кызым жок экен. Сыягы, кошунабыз аны өлтүрүп, сарайына таштап койгон окшойт. Шектүү машинаны айдап келип, бир оор нерсени багажга салып жатканын бир күбө бактын башында отуруп көргөн экен. Ал машина бир жакка кетип, жарым сааттан кийин кайтып келиптир. Уулум мага телефон чалганда жумуштан суранып келип, кызымды издеп милицияга арыз жаздым. Милиция кызматкерлери ошол күнү токойдон кызымдын жансыз денесин табышты.

“КЫЗЫМ ЗОРДУКТАЛГАН ЭМЕС”

– Милициялар шектүүнү бат аныкташты. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен ал кылмышты моюнга алып, кызымдын табылбай жаткан күбөлүгү жана бут кийими кайда калганын көрсөтүп берди. Экспертизанын жыйынтыгы менен кызымды зордуктабаганы белгилүү болду. Кызымды кыйнап өлтүрбөптүр. Кошунабыз менен чатагыбыз деле жок болчу. 5-6 жыл мурун чымчыктарды атып жатканын көрүп “мунуң туура эмес” деп айтсам мага каяша айткан. Мени оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, бир күнү жооп бересиң деген. Жаш кызды эмне себептен өлтүрүүгө барганын билбейм. Мен кылмышкердин акыйкат жаза алышын талап кылам. Айылдагылардын баары бул адам менен сүйлөшкүсү келчү эмес. Булар 7-8 жыл мурун үй-бүлөсү менен Нарын облусунан көчүп келишкен.

“ҮЧ БИР ТУУГАНДЫН УЛУУСУ БОЛЧУ”

Маркумдун класс жетекчиси Майрамкүл Үсөнова:

– Каза болгон кыздын 5-класстан баштап класс жетекчиси болуп келдим. Аны мугалимдер да, окуучулар да аябай жакшы көрүшчү. Жоопкерчиликтүү, сабактарын жакшы окуган тың окуучулардын бири эле. Класс жетекчиси катары менин көзөмөлүмдө болгондуктан анын бейчеки көчөгө басканын көргөн эмесмин. Ал апасы, 7-класста окуган жана 3 жаштагы иниси менен жашачу. Атасы менен апасы ажырашып кетишкен. Апасы Кеминдеги жатак мектепте тарбиячы болуп иштейт. Ал апасынын ишенген жардамчысы эле.

“1 ЖЫЛ МУРУН АЙЫЛДА УШУГА ОКШОГОН ОКУЯ БОЛГОН”

Классташы Аяна Өмүрбекова:

– Классташым жөнөкөй, ак көңүл, адамгерчиликтүү кыз болчу. Күбөлүк алгандан кийин чогуу сүрөткө түшүп, сейил бакта бир аз отурганбыз. Андан соң “жумуштарым бар” деп шашып кеткен. Биз мындай болуп кетет деп ойлогон эмеспиз. Азыркыга чейин ишене албай турабыз. Жогорку окуу жайга тапшырам деп жаткан. Музыкалык мектепке барып, пианинодон сабак алчу. Сабак бүтөрү менен “инилерим үйдө жалгыз калды” деп үйүн көздөй шашчу. Бул окуядан кийин ашыкча сыртка чыгуудан коркуп калдык. Мындан бир жыл мурун айылдан бир окуучу кызды да зордуктап, өлтүрүп кетишкен.

“КУДАЙДЫН СЫНООСУ ДЕП БИЛЕМ”

Экинчи тараптын оюн угуу үчүн кызды өлтүрдү деп шектелген жарандын жубайы менен байланыштык:

– Жолдошум биз үйлөнгөндөн кийин бейбаштык беренеси менен соттолгон. Адамга зыян алып келчү сапаттары жок эле. Кадыресе үй-бүлөлөр сыяктуу эле жашачубуз. 4 балабыздын камкор атасы болчу. Улуусу 18 жашка чыгат. Жолдошум ширетүүчү болуп иштеп бизди бакчу. Мен мектепте мугалим болуп иштейм. Кырсык болордон 3 күн мурун эмгек өргүүгө чыгып, балдарымды алып төркүнүмө кеткем. Мындай иш болорун билгенде эч жакка кетпейт элем. Окуя боюнча эч нерсе деп айта албайм. Болгону Кудайдын сыноосу деп билем. Балдарым атасын сагынып ыйлай башташты. Колдоруна телефон карматпай жатабыз. Аларга эмне деп айтышты билбей отурам.


Жолдубек Качкынбаев

 Кыстарылган видео 
“Ал менен пикир келишпестик болгон, кек сактап калган тура” дейт өлтүрүлгөн окуучу кыздын апасы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 968, 24-30-июнь, 2021-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан