23-июнда Бишкек шаардык сотунда экс-спикер Асылбек Жээнбеков менен депутат Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасы каралды. Шаардык сот аталган эки саясатчыны үй камагына чыгаруу боюнча жактоочуларынын өтүнүчүн канааттандырган жок. Алар 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылды.
Сот имаратынын алдына Жээнбеков менен Зулпукаровдун ондогон тарапташтары чогулуп, аларды бошотууну, үй камагына чыгарып тергөө жүргүзүүнү талап кылып турушту. Колдоочулары бул эки саясатчы мыйзамсыз камалды деген пикирде.
Айта кетсек, Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров “Кумтөр” маселеси боюнча кылмышка шектелип жатат.
Жолдубек Качкынбаев